Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,723 Бардыгы / БИШКЕК.Бишкек шаарындагы Касымали Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөрдүн республикалык китепканасында балдар үчүн кыргыз тилиндеги окуу материалдардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында «Таалим форум» коомдук фонду иштеп чыккан экологиялык билим берүү боюнча кыргыз тилиндеги «Теребел» – санариптик платформасы расмий түрдө ишке киргизилди. Долбоор АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин Китептерди которуу программасынын колдоосу аркасында гана жүзөгө ашырылды. Аталган […]
1,724 Бардыгы / БИШКЕК.Бишкек шаарындагы Касымали Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөрдүн республикалык китепканасында балдар үчүн кыргыз тилиндеги окуу материалдардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында «Таалим форум» коомдук фонду иштеп чыккан экологиялык билим берүү боюнча кыргыз тилиндеги «Теребел» – санариптик платформасы расмий түрдө ишке киргизилди. Долбоор АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин Китептерди которуу программасынын колдоосу аркасында гана жүзөгө ашырылды. Аталган […]
ОКУУЧУЛАР ЖАНА МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ «ТЕРЕБЕЛ» САНАРИПТИК ПЛАТФОРМАСЫ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ
20.10.2023 / Автор anarkan_kg

1,725 Бардыгы /
БИШКЕК.Бишкек шаарындагы Касымали Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөрдүн республикалык китепканасында балдар үчүн кыргыз тилиндеги окуу материалдардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында «Таалим форум» коомдук фонду иштеп чыккан экологиялык билим берүү боюнча кыргыз тилиндеги «Теребел» – санариптик платформасы расмий түрдө ишке киргизилди. Долбоор АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин Китептерди которуу программасынын колдоосу аркасында гана жүзөгө ашырылды.
Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мектептеринин мугалимдери жана окуучулары, ошондой эле АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, республикалык экология, география жана туризм институтунун өкүлдөрү, ошондой эле республиканын ар кайсы аймактарында эко-билим берүү тармагында иш алып барышкан өнөктөш коомдук уюмдар катышышты.
«Теребел» – интерактивдүү веб-сайт жана мектеп окуучулары, мугалимдер жана экология жана эко-билимге кызыккандардын бардыгына билим бере турган булак. Теребел аркылуу колдонуучулар кыргыз тилинде экологиялык билимдерди жана жер таануу боюнча кеңири маалыматтарды толук алышат. Платформадагы материалдар кыргыз тилине которулуп, жарык көргөн китептердин негизинде иштелип чыкты: “Балдар үчүн экология жөнүндө китеп” жана “Балдар үчүн жаратылыш жөнүндө китеп”, ошондой эле кошумча ресурстар, анын ичинде мугалимдерге арналган “Мектепте этно-экология боюнча билим берүү” усулдук колдонмосунан жана Эмил Шүкүровдун «Кыргызстандын жапайы жаратылышы» китептери дагы кеңир орун алган.
- «Жер байлыгы — эл байлыгы»- деген Кыргыз элинин макалы бар.
Бул которулган китептер жаш кыргызстандыктарга кыргыз тилинде айлана-чөйрөнү үйрөнүүгө жардам берет жана биздин планетанын келечеги үчүн жагымдуу тандоолорду жасоого шыктандырат деп ишенебиз, – деди АКШ элчилигинин басма сөз катчысы Аня Ерохина.
«Теребел» платформасы ар кандай форматтагы тексттик жана видео материалдарды, экологиялык кеңештерди, кызыктуу фактыларды жана тапшырмаларды сунуш эетет. Бул интернет-ресурс колдонуучуларга биздин планетанын ар кандай табигый экосистемасындагы жараяндарды ар тараптуу изилдөөгө, экологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө, жаратылыштагы экологиялык бүтүндүктү жана мамилелерди түшүнүүгө жардамдашат. Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Төлөгөн Аматов санариптик платформанын актуалдуулугун баса белгиледи. Анткени, ал окурмандарды көбүрөөк тартууга жана анын электрондук форматы китептерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жардамдашат. Китепканачылардын азыр окурмандары менен баарлашуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары бар.
Ошентип, билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык балдар жана жаштар борборунун директору Бийик Рыскулов жаратылышты коргоо жана экологиялык билим берүү жаатында кызматташууну мындан ары күчөтүүнүн маанилүүлүгүн талкуулады. Теребел бардыгы үчүн онлайн жеткиликтүү. Материалдар мугалимдерге экологиялык билимди жайылтууда, сабактарды даярдоодо жана география, биология жана табият таануу өңдөнгөн мектеп предметтери боюнча интерактивдүү иш-чараларды уюштурууда дагы өтө пайдалуу болот.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
13.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна КЕРБЕН ШААРЫНЫН МЭРИНЕ КАТУУ СӨГҮШ БЕРИЛДИ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.