Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,393 Бардыгы / Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезити мындан туптуура 85 жыл мурда “Кыргызстан большевиги” деген аталышта жарык көргөн. Ал эми Совет доорунда “Ленин жолу” аталган. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында гана аталышын эл сынына коюп, “Ош жаңырыгы” деп өзгөрткөн. Абдыкадыр СУЛТАНБАЕВ, Кргыз Республикасынын Журналисттер Союзунун төрагасы: – “Ош жаңырыгы”түптөлгөн күнүнөн, тактап айтканда, 1938-жылдын 14-октябрынан тартып Кыргызстандын […]
1,394 Бардыгы / Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезити мындан туптуура 85 жыл мурда “Кыргызстан большевиги” деген аталышта жарык көргөн. Ал эми Совет доорунда “Ленин жолу” аталган. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында гана аталышын эл сынына коюп, “Ош жаңырыгы” деп өзгөрткөн. Абдыкадыр СУЛТАНБАЕВ, Кргыз Республикасынын Журналисттер Союзунун төрагасы: – “Ош жаңырыгы”түптөлгөн күнүнөн, тактап айтканда, 1938-жылдын 14-октябрынан тартып Кыргызстандын […]
КООМЧУЛУКТА ОРДУ БИЙИК БАСЫЛМА
13.11.2023 / Автор anarkan_kg

1,395 Бардыгы /
Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезити мындан туптуура 85 жыл мурда “Кыргызстан большевиги” деген аталышта жарык көргөн. Ал эми Совет доорунда “Ленин жолу” аталган. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында гана аталышын эл сынына коюп, “Ош жаңырыгы” деп өзгөрткөн.
Абдыкадыр СУЛТАНБАЕВ, Кргыз Республикасынын Журналисттер Союзунун төрагасы:


– “Ош жаңырыгы”түптөлгөн күнүнөн, тактап айтканда, 1938-жылдын 14-октябрынан тартып Кыргызстандын маалымат айдыңында эл үчүн ак кызмат гана өтөп келатат. Бир дагы жолу мезгилден артта калбастан жарык көрүп, окурман талабын ийгиликтүү жана толук кандуу канаттандырып келатат. Совет доорунда нускасы 70-80 миңди чапчып, бүтүндөй Түштүк жергесин (агезде азыркы Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары бир эле Ош облусу деп аталчу) ар кыл маалыматтар менен күн сайын үзгүлтүксүз камсыз этип турган. Анткени, борбордук “Правда” гезитинин көлөмүндө аптасына беш ирет чыгып тураар эле. А ушул тапта деле гезит өзүнчө сайт ачып, Дүйнөлүк маалымат айдыңына дагы батыл кошулуп олтурат. Ааламдашуу заманында камчы салдырбастиан иштеп жатышкан “Ош жаңырыгы” гезитиндеги калемдештериме көөнөрбөс жаратмандыкты гана тилеймин!


Динара ЖУСУПБЕКОВА, Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинин кабарчысы: – Мезгил менен тең жарыша иштеп, заман жарчысына гана айландык. Мен ары барктуу, ары нарктуу басылмага тагдырлаш экендигиме аябай сыймыктанам!


Айгүл МАТИЕВА, Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинин кабарчысы: – Мактангандык эмес, бирок, учурдан пайдаланып айтып коюуга тийишмин! Ушул тапта “Ош жаңырыгы” гезити Кыргыз басма сөз айдыңында дагыле көч башында гана келатат. Анткени, өзүнчө сайтыбыз дагы бар. Ал такай жаңыланып турат. Эми бизди мекендештерибиз гана эмес, чет өлкөлөрдө жашып жатышкан Кыргыз кандаштарыбыз дагы издеп таап, талашып гана окуп жатышат. А түгүл айрым Дүйнөлүк ЖМКлар менен маалымат алмашууга дагы жетиштик.


Канымжан КЫДЫРАЛИЕВА, Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинин жооптуу катчысы: – Интернет иштебесе,сайттар сөзсүз жабылат. А бирок, гезит эч качан жабылбайт! Адамзаты Жер бетин байырлап турганда, ал сөзсүз өз өмүрүн – жашоосун дагыле ырааттуу улантат. Муну айтып жаткан себебим: “Кыргызстан большевиги” – “Ленин жолу” – “Ош жаңырыгы” гезитинин туңгуч санынан тартып ар бир номуру Мамлекеттик архивде сакталу. Демек, бул – тарых.


Ашым ЖАНБОЛОТОВ, Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинин биргездеги жооптуу катчысы: – Совет доорунда (СССР империясы мезгилинде) “Ленин жолу” (азыркы “Ош жаңырыгы”) апта сайын беш ирет ири көлөмдө жарык көрчү. Алишер, убагында өзүң деле иштеп жүрүп көрбөдүңбү? Агезде азыркындай санариптешүү деген жок! Бир катаны – туура эмес сөздү оңдош үчүн бүтүндөй бир олчойгон бетти типографиядан (азыркыча басмаканадан) кайрадан терчүбүз. Анан үйүбүзгө түң ортосунда араң кетээр элек. Бирок, жумушка эл катарында эле эртеси саарлап зыңкыйып келчүбүз. Ооба. Азыркы журналисттер мындай шартка эзели көнүшмөк дагы, чыдамак дагы эмес!


Асанбек КАРАКОЗУЕВ, Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору: – “Маркумдар даңкталмайын, тирүүлөр бакталбайт!” дешет. Гезитибиздин аброюн арттырып, окумдуулугун бара-бара жогорулатууда ыраматылык Абдысатар Султановдун, Талантбек Моңолбаевдин, Алмаз Нурдиновдун, Абдувахап Мониевдин мээнеттери абдан чоң! Анткени, аттары аталган маркум кесиптештерибиз редакторлук жана орун басарлык кызматтарды гана абийирдүү аркалашпастан, ошол эле учурда өздөрү дагы чыгынып түрдүү жанрда олуттуу материалдарды жазышып, чыгармачылык чеберчиликтин кашкайган үлгүсүн дагы көрсөтүшпөдүбү…


Эльчибек ДЖАНТАЕВ. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү: – Кудайга шүгүр, биз облустук гезиттерди кыйчалыш заманда жаптырбастан сактап калдык. Бул аракетибизден мындан ары дагы жанбайбыз. Тескерисинче, “Ош жаңырыгы” гезитинин нускасын бара-бара көбөйтүүгө, окурмандарыбыздын катарын улам калыңдатуга такай көмөктөшөбүз! А түгүл бүйүр кызыткан сын материлдардын көбүрөөк жарыяланышына, ал аркылуу Аймактык жетекчилерди бара-бара чыйралышына, албетте, абдан эле кызыкдарбыз!
Ошентип, облустук “Ош жаңырыгы” гезити дээрлик он беш жылы кем бир кылымдан бери үзгүлтүксүз гана жарык көрүп келатат. Айтмакчы, дал ушул саптардын автору дагы биргезде бул басылманы бир жума бою башкарган, мындайча айтканда, баш редакторлук кылган. Ошондуктан, аймактык кесиптештерибизге орошон ийгиликтерди, оргуган талантты, калемдери эч качан мокобошун гана тилеймин!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
07.04.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БИРИ ЭКИНЧИСИН АТЫП ТАШТАДЫ
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ЭСКИ БЕЙИТТИ ТАЗАЛАП, ИРЕТКЕ КЕЛТИРИШТИ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДАГЫ «ВЕСНА» КИНОТЕАТРЫ АКЫРЫ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.