Аймак

МИНИСТР ГҮЛНАРА БААТЫРОВА ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ БАЛДАРДЫН ПСИХОНЕВРОЛОГИЯЛЫК МЕКЕМЕСИН КЫДЫРДЫ

МИНИСТР ГҮЛНАРА БААТЫРОВА ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ БАЛДАРДЫН ПСИХОНЕВРОЛОГИЯЛЫК МЕКЕМЕСИН КЫДЫРДЫ

 849 Бардыгы /

          ЖАЛАЛ-АБАД. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесин кыдырды.

          Адегенде Кыргыз Өкмөтүнөн мүчөсү Гүлнара Баатырова социалдык стационардык мекеменин имаратын чекесинен кыдырып, кызмат алуучулардын жашоо-шарты, тамак-ашы жана окуусу менен жеринде кенен-чонон таанышты. Анан буга улай балдар дагы министр эжекебизге чыгармачылык таланттарын жана өздөрү тартышкан сүрөттөрүн көрсөтүштү. Министр ошондой эле эмгек жамааты менен бетме-бет баарлашып, алардын эмгеги үчүн терең ыраазычылыгын кошо билдирди. Кызмат алуучулардын күнүмдүк тамактануусу менен дагы таанышып жатып, бӨбӨктӨргӨ сапаттуу тамак-аш берилип жаткандыгын баса белгиледи.

          Ошентип, Жалал-Абад балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин директору Дамира Алимжанова Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсүнө аталган мекеменин тарыхын кыскача баян этти. Жалал-Абад балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси 1970-жылдардан бери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн гана иштеп келатат. Мында ушул тапта республикабыздын бардык булуң-бурчунан 4 жаштан 18 жашка чейинкилер гана асыралат. Булардын 76сы – балдар, ал эми 43ү – кыздар.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17