Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
769 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 8-декабрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин борбордук китепканасынын окуу залында Улуттук Жазуучулар биримдигинин Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн “Адабият кербени” иш-чарасынын алкагында жазуучулар жана акындар тобу менен жолугушуу өткөрүлдү. ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, чыгармачыл инсандардын ичинде Улуттук Жазуучулар биримдигинин Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн жетекчиси, маданиятка эмгек сиңирген […]
770 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 8-декабрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин борбордук китепканасынын окуу залында Улуттук Жазуучулар биримдигинин Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн “Адабият кербени” иш-чарасынын алкагында жазуучулар жана акындар тобу менен жолугушуу өткөрүлдү. ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, чыгармачыл инсандардын ичинде Улуттук Жазуучулар биримдигинин Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн жетекчиси, маданиятка эмгек сиңирген […]
ЭАУдагы “АДАБИЯТ КЕРБЕНИ”
08.12.2023 / Автор anarkan_kg

771 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 8-декабрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин борбордук китепканасынын окуу залында Улуттук Жазуучулар биримдигинин Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн “Адабият кербени” иш-чарасынын алкагында жазуучулар жана акындар тобу менен жолугушуу өткөрүлдү.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы
билдиргендей, чыгармачыл инсандардын ичинде Улуттук Жазуучулар биримдигинин Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн жетекчиси, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Нуркан Койчуманова, элдик акын, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору Тынчтыкбек Нурманбетов, Улуттук Жазуучулар биримдигинин мүчөсү, акын Махабат Молдалиева, Жазуучулар биримдигинин мүчөсү, республикалык коомдук-педагогикалык “Кут Билим” гезитинин башкы редактору, акын Майрамбек Токторов, Улуттук Жазуучулар биримдигинин мүчөсү, акын Самидин Стамбеков.
Белгилеп кетсек, аталган жазуучулар жана акындар жигердүү чыгармачылык ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланып, бир катар ардактуу наамдарга ээ болуп, эмгектерин көп сандаган окурмандар баалайт. ЭАУнун жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери чыгармачыл инсандар менен жеке баарлашууга, алардын оозунан бир катар белгилүү адабий чыгармалардын үзүндүлөрүн угууга, алардын чыгармачылык ишмердиги боюнча суроолорду берүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышты. Жолугушуу абдан мазмундуу жана кызыктуу өттү. Соңунда акын-жазуучулар ЭАУнун китепканасына өз китептерин белекке тартуулашты. ЭАУнун ректораты жолугушууну уюштургандыгы үчүн Улуттук Жазуучулар биримдигинин Жалал-Абад областтык бөлүмүнө жана жолугушууга келген акын-жазуучуларга өзгөчө ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде алар да ЭАУнун ректору э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөевага, илимий иштер боюнча проректор п.и.к., профессор Төлөгөн Омошевге жана тарбия иштери боюнча проректор фил.и.к., профессор Анвар Жолдошбаевге алкыштарын айтышты.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg «УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮНӨ» КАРАТА МАССАЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
17.09.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛӨТ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg МЭР КҮЗ, КЫШ МЕЗГИЛИНЕ КАРАТА ДАЯРДЫК БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.