Аймак

ЭАУда “КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ УКУКТУК АРАКЕТТЕР” АТТУУ ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

ЭАУда  “КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ УКУКТУК АРАКЕТТЕР” АТТУУ ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

 966 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 12-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Жалал-Абад областтык прокуратурасы менен биргеликте “Коррупцияга каршы укуктук аракеттер” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, конференцияга юридикалык кафедралардын профессор-окутуучулар курамы жана “Юриспруденция” багыты боюнча студенттер, Жалал-Абад областтык прокуратурасынын кызматкерлери катышты. Конференциянын жүрүшүндө коррупция менен күрөшүүнүн актуалдуу маселелери каралды. Айрым илимий баяндамалардын авторлорун белгилеп кетсек, алар Жалал-Абад областынын прокурору Т.К. Ишеналиев, ю.и.к., ЭАУ профессору К. А. Сулайманов, Жалал-Абад областтык прокуратурасынын кызматкери У. Р. Сыргаев, ю.и.к., доцент К. К. Юлдашев, ошондой эле ЭАУнун студенттери М. Абдымалик кызы, К. Акылбеков жана М. Маматов. Конференциянын жүрүшүндө прокуратуранын тематикалык видео-фото материалдары, ЭАУнун студенттеринин тематикалык видео роликтери көрсөтүлдү. Э. Сариевдин видео роликтери өзгөчө белгиленди. Жалпысынан аталган конференция тематикалык жактан абдан кызыктуу жана мазмундуу болду.

Белгилей кетсек, ЭАУ прокуратура органдары менен “Юриспруденция” багыты боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо, коррупция менен күрөшүү маселелеринде, ошондой эле ар кандай укуктук иш-чараларды өткөрүүдө активдүү кызматташып келет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17