Аймак

ОШ ШААРЫНДА МАЙЫП БАЛДАР ҮЧҮН «АСМАН» МАДАНИЙ-ЧЫГАРМАЧЫЛЫК БОРБОРУ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

ОШ ШААРЫНДА МАЙЫП БАЛДАР ҮЧҮН «АСМАН» МАДАНИЙ-ЧЫГАРМАЧЫЛЫК БОРБОРУ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

 2,163 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк баш калаасындагы “Мээрим” балдар билим берүү борборунун алдында майыптыгы бар балдар жана жаштар үчүн «Асман»маданий-чыгармачылык борбору пайдаланууга тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаар мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн өкүлдөрү, Smile. KG коомдук фондунун жетекчиси Лариса Кузнецова жана дагы ыктыярчылар катышышты. Бул иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэриясына өнөктөш уюмдар, демөөрчү мекемелер, майыптыгы бар балдар, жаштар, алардын ата-энелеринин катышуусунда майыптыгы бар жаштардын бир катар маселелерин чечүү боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны дагы өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө мектепке чейинки, мектептеги жана кесиптик инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү маселеси каралып, координациялык кеңеш тарабынан аярлуу катмардагы балдарга карата аткарылган иш-аракеттер боюнча кенен-чонон маалымат берилди.

Белгилей кетчү жагдай: жаңыдан ачылган маданий-чыгармачылык борборунда билимге муктаж болгон жаштар профессионалдуу адистердин жардамы менен чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн арттырышып, өз алдынча жашоо үчүн бизнес чөйрөдөгү көндүмдөргө ээ боло алышат. Буга улай эле аталган категориядагы жарандарды социалдаштыруу боюнча окуу-семинарларды өткөрүү, психолог жана юристтен акысыз кеңеш берүү каралган.

     Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17