Аймак

КМТУ АКШнын КОЛДООСУ АРКАСЫНДА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЕКТР ТАРМАГЫНА ТУТАШТЫРЫЛГАН ЧАТЫРДАГЫ БИРИНЧИ КҮН СТАНЦИЯСЫН ИШКЕ КИРГИЗДИ

КМТУ АКШнын КОЛДООСУ АРКАСЫНДА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЕКТР ТАРМАГЫНА ТУТАШТЫРЫЛГАН ЧАТЫРДАГЫ БИРИНЧИ КҮН СТАНЦИЯСЫН ИШКЕ КИРГИЗДИ

 519 Бардыгы /

Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети (КМТУ) Кыргыз Республикасында биринчи ирет чатырда электр тармагына туташтырылган фотоэлектрдик күн станциясынын расмий ачылыш аземин өткөрдү. Бул аракет Кыргыз-Америка өнөктөштүк, Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAIDдин) Power Central Asia ишмердүүлүгү аркасында гана жүзөгө ашырылды.

Кубаттуулугу 80 киловаттты түзгөн Күн электрстанциясын орнотуу жумушу быйыл сентябрь айында бүткөрүлгөн. Ал жыл сайын 143 037 киловатт саат электр энергиясын өндүрмөкчү. Бул таптаза энергия булагы көмүр кычкыл газынын чыгышын жылына 67 216 килограммга азайтат. Күн электр станциясы эки максатты көздөйт: ал электр энергиясын иштеп чыгарат жана КМТУнун студенттери жана башка мекемелер үчүн билим берүү булагы катары дагы кызмат өтөйт. Кошумчалай кетээрибиз: USAID бул ийгиликтүү баштапкы долбоорду кайталоо үчүн чатырдагы Күн системасын иштеп чыгуучулар үчүн комплекстүү колдонмону дагы иштеп чыгууда.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Билим берүү министринин орун басары жана Расул Абазбек уулу, КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери жана USAID миссиясынын директору Кая Адамс Күн станциясынынрасмий ачылыш аземине катышышты. Иш-чарага башка министрликтердин жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү, энергетика тармагынын негизги кызыкдар тараптары жана Эл аралык донор Уюмдардын өкүлдөрү дагы катышты.

  • Бул тармактык система университетке муктаждыктарын

канааттандыруу үчүн жетиштүү электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүндүк жаратат. Долбоордун маанилүү өзгөчөлүгү, анын улуттук электр тармактарына туташып, ашыкча өндүрүлгөн продукцияны кайра Өкмөткө сата ала тургандыгы. Бул университет жана Бишкектин тургундары үчүн чоё утуш болуп саналат. Булар кымбат деле эмес жашыл энергиядан пайда алышат. Биз үмүттөнгөндөй, бул мисал бизнести жана мамлекеттик мекемелерди заманбап энергетикалык технологияларды колдонууну кеңейтүүгө жана алардын улуттук энергетикалык артыкчылыктарына жооп берүүгө үндөгөн үлгү сыёары кызмат кылат, – деди АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери.

USAID Power Central Asia демилгеси – Борбор Азиянын беш өлкөсүнө – Казакстан, Кыргыз Республикасы, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанга энергетика тармагын өнүктүрүү аркылуу экономикалык артыкчылыктарын чечүүгө жардам берген беш жылдык аймактык Энергетикалык Программа. Иш-чара энергетикалык сектордун ишин ого бетер жакшыртууга, таза энергияны атаандаштыкка ылайык киргизүүгө жана аймактык байланышты жана кеңейтилген чек арадагы электр энергиясынын соодасын кеңейтүү аркылуу энергетикалык коопсуздукту жана туруктуулукту жакшыртууга түздөн-түз жардамдашат. Бүгүнкү күндө бул демилге аркылуу USAID таза энергияга 2,2 миллиард доллар инвестиция тартты жана Борбор Азия боюнча 2241 мегаватт таза энергия кубаттуулугун орнотууга гана көмөктөштү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17