Аймак

“КУТТУУ ЭЛ” ФОРУМУ ӨТТҮ

“КУТТУУ ЭЛ” ФОРУМУ ӨТТҮ

 1,473 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД.  Жалал-Абад шаарында “Куттуу эл” улуттук форумунун алкагында “Жылдызы жанган Жалал-Абад” аталышындагы жыйын өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыктарын жана 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында “Кыргыз жараны” деп, жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруунун алкагында өтүүдө.

Иш-чарада Барпы атындагы облустук драма театрынын кызматкерлери тарабынан Барпы Алыкуловдун өмүр жолу чагылдырылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17