Аймак

ЫСЫК-КӨЛДҮН МУЗЫКАЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ ОШ ШААРЫН КЫДЫРАТ

ЫСЫК-КӨЛДҮН МУЗЫКАЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ ОШ ШААРЫН КЫДЫРАТ

 1,395 Бардыгы /

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры чыгармачылык сапар менен Ош шаарын кыдырат. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

          Ушуга ылайык, артисттердин чыгармачыл туру 29-февралдан 4-мартка чейин улантылат. Аталган театр труппасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме»  спектаклин жана Султан Раевдин «Күн кармаган бала» спектаклин Ош шаарынын тургундарына жана меймандарына тартууламакчы. Программага ылайык спектаклдер ушул жылдын 3-4-март күндөрү Ош шаарындагы Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык Өзбек музыкалык драма театрында көрөрмандарга тартууланат.

          Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Күн кармаган бала» спектакли менен 2023-жылдын сентябрь айында Бишкекте өткөн ART ORDO-2023 IX Эл аралык театр фестивалында жана 2023-жылдын октябрь айында Баку шаарында биринчи эл аралык театралдык фестивалда баш байгени жеңип алгандыгын белгиледи. Ал эми «Ак кеме» спектакли 2023-жылдын декабрь айында Бишкектеги «Айтматов жана театр»  VI эл аралык театр фестивалында баш байгенин бирине (кичи спектакль) ээ болгондугун кошумчалады. Аталган спектаклдер күнүнө эки жолу коюлат.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17