Аймак

«ҮМҮТ» ФОРУМУ КИНО ДОЛБООРЛОР ПИТЧИНГИНИН ЖЕӉҮҮЧҮЛӨРҮН ЖАРЫЯЛАДЫ

«ҮМҮТ» ФОРУМУ КИНО ДОЛБООРЛОР ПИТЧИНГИНИН ЖЕӉҮҮЧҮЛӨРҮН ЖАРЫЯЛАДЫ

 768 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргызстанда жаш киночулардын «Үмүт» XI эл аралык форуму аяктады. «Келечек урпактарга сүйүү менен» деген чакырык алдында өткөн маданий окуя ар кыл өлкөлөрдөн келген режиссерлорду, кино таануучуларды, продюсерлерди жана фестивалдардын программалык директорлорун чогултту. Ал эми «Кичинекей почтальон» жана «Кызыл туфли» кыска метрдеги тасмалары мыкты кино долбоорлордун катарына кирди.

Бишкекте он биринчи «Үмүт» жаш киночулар форуму болуп өттү, анын расмий ачылышы ата мекендик кинематограф үчүн маанисизор айтылуу «Ала-Тоо»кинотеатрында болду. Фестивалды эки кыска метрдеги фильм, жаш режиссер Алиман Токтогулованын «Келечек урпактарга» эмгеги жана быйылкы кинофорум 90 жылдыгына арналган режиссер-документалист Бекеш Абдылдаевдин «Бакча» тасмасы ачты. 

«Форумдун «Келечек урпактарга сүйүү менен» деген чакырыгы тереӊ мааниге ээ. Атам өзүнүн баардык каармандарын жакшы көрчү. Ал күнүмдүк жашоо-турмушту тарткан, көрсө анын тасмалары келечекке арналган экен», – деп ачылыш аземде документалдык кино чеберинин уулу Эрлан Абдылдаев айтып өттү. 

Үч күн ичинде көрүүчүлөр 80 ашык тасманы көрүп чыгышты, андан 18 фильм улуттук, ал эми 12 фильм эл аралык кароо-сынак алкагында көрсөтүлдү. Жылдын эӊ күттүргөн кино иш-чарасы кино көрсөтүүчү гана орун эмес, тажрыйба жана билим алмаша турган аянтча дагы болуп калды. Катышуучулар алдыӊкы кино эксперттердин мастер-класстарын жана лекцияларын угушту. Айтсак, белгилүү татарстандык кино сынчы Адиля Хайбулинна «Татарстан киносундагы эркектин образы» программасын сунуштады. Кыргызстандык кино таануучу жана режиссер Султан Усувалиев «Кинону түшүнүү искусствосу: Хичкок/Трюффо» лекциясын өткөрдү. Ал эми Россия кинематографчылар союзунун катчысы Дмитрий Якунин питчинг боюнча мастер-класс уюштурду, питчинг – бул каржылоого даяр инвесторлорду издөө үчүн кино долбоордун кыскача презентациясы.

«Быйыл департамент форумдун питчинг программасы бөлүгүн жандандырды жана жеӊүүчүлөрдү сыйлоо үчүн 600 миӊ сом бөлдү: андан биринчи орунга 400 миӊ сом жанаэкинчи орунга 200 миӊ сом ыйгарылат. Ушундай колдоонун арты менен жаш режиссерлор өздөрүнүн кыска метрдеги фильмдерин тартып жана ишке ашырат деп үмүттөнөбүз», – деп Кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов белгиледи. 

Калыстардын чечими боюнча, питчингде экинчи орунду «Кызыл туфли» кино долбоору менен Алина Байтокова ээледи. Сюжет кенже курагында чоӊ энесине тарбиялоого берилген режиссердун жекече балалык эскерүүлөрүнө негизделген. Биринчи орунду «Кичинекей почтальон» кыска метрдеги фильми менен Умсунай Мусаева жеӊип алды.  

«Ал фильм Розы Айтматова менен Асан Ахматовдун «Каткелди» повестине негизделген. Тасма Улуу ата мекендик согуш убагында өз айылында почточу болуп иштеген баланын жашоосун баяндайт. Бул фильм өз ара мамилелер, адамгерчилик баалуулуктар жөнүндө», – деп театр жана кино режиссеру өзүнүн эмгеги жөнүндө айтып берди.

Кино долбоордун продюсери Азиза Халбекованын айтымында, питчингдеги жеӊиш алар үчүн күтүүсүз жагымдуу окуя болуп калды.

«Калыстардын чечимин толкунданып күттүк жана жеӊишке абдан кубандык. Бул чоӊ колдоо, анын жардамы менен көрүүчүлөрбиздин фильмди көрө алат – «Кичинекей почтальонду» тартуу быйыл күзгө пландалган. «Үмүт» – киного чоӊ кадам жасоо үчүн эӊ мыкты мүмкүнчүлүк. Мында сизди угат жана колдойт. Катышыӊыздар жана өз идеяӊызды айтуудан коркпоӊуздар, алардын ар бири калыстар, катышуучулар, көрүүчүлөр тарабынан колдоо табат», – деп кошумчалады продюсер.

Кинофорумдун алкагында Фестивалдар жарманкеси болду, ал иш-чарага «Кинопроба» кино мектептердин эл аралык фестиваль-практикуму, Baiqonyr Film Festival, Baku International Short Film Festival, Tashkent International Animation Forum, «Жибек жолунун бермети» Ташкент эл аралык кинофестивалы, Bishkek International Film Festival, Post Space жана Qarash Lab катышты. Ал эми Кино үйүндө болуп өткөн режиссер Бекеш Абдылдаевди эскерүү кечеси жыйынтыктоочу иш-чара болуп калды. Анда конокторго чебердин «Нарын жылдыздары» жана «Почта» кино тасмалары көрсөтүлдү. 

«Жаш киночулардын «Үмүт» форуму өз максатына жетти. Биз муну катышуучулар менен көрүүчүлөрдүн реакциясынын көрүп жатабыз. Аянттарда чыгармачылык жана достук маанай өкүм сүрдү. Бардыгы ойлонулгандай болуп өттү. Биз эмдиги жылы дагы биздин эски жана жаӊы досторубузду кубануу менен бирге чогултабыз», – деп форумдун куратору Эльвира Мамытова жыйынтыктады. 

Жаш киночулардын «Үмүт» форуму 2013-жылы таланттуу жаштарды колдоо, жаӊы ысымдарды табуу жана жаӊы иштей баштаган режиссерлордун кесиптик өсүшүнө көмөктөшүү үчүн түзүлгөн. Форумду КРдин Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаменти КМШга мүчө-мамлекеттеринин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосунда уюштуруп келет.

Команда  Бюро  коммуникаций ТАГС

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17