Аймак

БАТКЕНДЕ МУНАЙДЫ КАЙРА ИШТЕТЕ ТУРГАН ИРИ ЗАВОД КУРУЛУП ЖАТАТ

БАТКЕНДЕ МУНАЙДЫ КАЙРА ИШТЕТЕ ТУРГАН ИРИ ЗАВОД КУРУЛУП ЖАТАТ

 357 Бардыгы /

БАТКЕН. Баткен жергесинде ушул тапта мунайды кайра иштете турган ири завод курулуп жаткан маалы. Ишкана быйыл июнь айында пайдаланууга тапшырылмакчы. Ал толук кандуу иштей баштаганда, дээрлрк 500 адам жумуш менен камсыз этилет. Бул туурасында Пезиденттин Баткен облусундагы Өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

          Маалыматка караганда. Баткен облусунун башчысы Абдыкарим Алимбаев курулуш иштеринен кабар алып, инвесторлор менен бетме-бет жолугушту. Баса, бул заводду Кыргыз-Түрк биргелешкен ишканасы иштетмекчи. Обьект Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында курулууда. Заводдо АИ-92, АИ-95 бензини, дизель, битум, газ сыяктуу автоунаа жана башка техникаларга керектеле турган май чыгарылмакчы. Ал жакка мунай «Кыргызтранснефтегаз» ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кадамжай районунун Бүргөндү аймагынан ташылат. Завод күнүнө 500 тонна нефтини кайра иштетүүгө ылайыкташтырылган.

          Ошентип заманбап мунай иштетүүчү жайдын курулушу 2021-жылы башталгандыгы айтылып, быйыл июнь айында пайдаланууга берилээри дагы кошумчаланды. Ал толук кандуу иштей баштаганда 500 адам жумуш менен камсыз этилээри күтүлүүдө. Ишкананын башкы директору Чыңгызбек Тешебаев заводдун эки этабынын сметалык баасы 39 миллион долларды түзөөрүн ачык кошумчалады.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17