Аймак

“МАҢКУРТ” ТАСМАСЫ БОЮНЧА КИНО-САБАК ӨТҮЛДҮ

“МАҢКУРТ” ТАСМАСЫ БОЮНЧА КИНО-САБАК ӨТҮЛДҮ

 882 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарындагы  №5 мектеп-гимназиясынын 5-11-класстарынын окуучуларына Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасынын негизинде тартылган “Маңкурт” тасмасы боюнча кино-сабак өтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жана “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыктарынын негизинде “Бүгүнкү жеткинчек – эртеңки келечек” аттуу ачык сабактар Жалал-Абад шаарынын орто мектептеринде өтүүдө.

Бул иш-чарага финансылык колдоо көрсөткөн КР Жогорку Кеңешинин депутаты Шаирбек Ташиев , Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнун башчысы Ырысбек Калчаев катышты. Өсүп келе жаткан муунду китеп окууга чакырган бул иш-чара дүйнө жүзүнө белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун биографиясынын жана чыгармаларынын негизинде өтүүдө. Жеткинчек муунга руханий азык берүүчү – бул китеп. Азыркы интернеттин жана технологиянын өнүккөн мезгилинде өсүп келе жаткан муун да Ч.Айтматовдун чыгармасындагы манкурттай болуп, интернеттен көз каранды болгону адамды ойлондурбай койбойт. Бул иш-чара менен балдардын ойлорун туура багытка буруу болуп саналат. Бул иш-чара белгилүү режиссер Нышан Мурзакматовдун көркөм жетекчилигинин алдында өтүүдө.

Белгилей кетсек, долбоор Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин колдоосу менен ишке ашууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17