Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
148 Бардыгы / Элибизде “Жакшы кыз жакадагы кундуз, жакшы уул асмандагы жылдыз” деген нарктуу сөз бар. Жакшы кыздарыбыз бар экен эл алкышына ээ болуп, жөнөкөй, карапайым элдин ак батасына арзышты. Бишкек шаарында жашаган жеке ишкер кызыбыз Аселкан Коңгайтиеванын элине кылган ак кызматын санап олтурсаң сөз түгөнбөйт. Мындан эки жыл мурда өзү төрөлүп өскөн Аксы районундагы Кош […]
149 Бардыгы / Элибизде “Жакшы кыз жакадагы кундуз, жакшы уул асмандагы жылдыз” деген нарктуу сөз бар. Жакшы кыздарыбыз бар экен эл алкышына ээ болуп, жөнөкөй, карапайым элдин ак батасына арзышты. Бишкек шаарында жашаган жеке ишкер кызыбыз Аселкан Коңгайтиеванын элине кылган ак кызматын санап олтурсаң сөз түгөнбөйт. Мындан эки жыл мурда өзү төрөлүп өскөн Аксы районундагы Кош […]
“АКСЫ. АСЫЛ ЗАТ АЙЫМДАРЫ” ЭЛДИН АЛКЫШЫН, АК БАТАСЫН АЛЫШТЫ
09.04.2024 / Автор anarkan_kg150 Бардыгы /
Элибизде “Жакшы кыз жакадагы кундуз, жакшы уул асмандагы жылдыз” деген нарктуу сөз бар. Жакшы кыздарыбыз бар экен эл алкышына ээ болуп, жөнөкөй, карапайым элдин ак батасына арзышты.
Бишкек шаарында жашаган жеке ишкер кызыбыз Аселкан Коңгайтиеванын элине кылган ак кызматын санап олтурсаң сөз түгөнбөйт. Мындан эки жыл мурда өзү төрөлүп өскөн Аксы районундагы Кош -Дөбө айылындагы Темиркул Мавлянов атындагы орто мектепке оргумасы менен гүлзарлуу эс алуу багын, олтургучтары менен жасап мектепке белек кылып берген. Андан сырткары балдар үчүн эс алып олтуруучу айбанчаны да бүткөрүп жана классташтарынын көмөгү менен эс алуу багын айылга көрк берчүдөй кылып короолоп, Ысык-Көлдөн көк карагайдын, ак кайыңдардын көчөттөрүн алып келип тигип берген. Ошол эле жылы аталган мектепке 400 нуска окуу китептерин алып келип берсе, 9 комплектен турган комьютердик класс кабинетти жасап берген. Эми бул Аселкандын мен билген гана иштери. Санай берсек айылына кылган кызматына баа жетпейт десек да жаңылышкандык болбойт.
Бүгүн дагы Аселкан Коңгайтиеванын демилгеси аксылык жеке ишкер кыздар Айымжамал Бекмаматова, ШаарбүҮрүстемованын демилгеси жана Гүлзада Абдырахманова, Айнагүл Мырзакеева, Элмира Эгембердиева, Анара Кутманова, Насима Ташыбекова, 9 колдоосу менен биригип атайын “Аксы. Асыл зат айымдары” тобун түзүшүп, топтун мүчөлөр райондогу муктаж адамдарга колдоо көрсөтүү максатында каражат топтоп иш башташты. Азамат, ишкер кыздарыбыз улуу Рамазан айында элге кайрымдуулук акциясын өткөрүшүп, ар бири 2000 миң сомдук азык- түлүктөн турган кутуларды белеги менен жөнөтүшкөн. Мындай белекти топтун мүчөсү, бул демилгени жараткандардын бири Айымжамал Эгембердиева алып келип, Кербен шаардык мэриясына, Сары-Челек Айыл аймагынын, Кош-Дөбө айыл аймагынын, Кербен шаарынын жана мэрияга караган Жерге -Тал айылынын элине 100 куту ичинде ун, суу май, кант, печенье, чай, кыскасы күнүмдүк тиричиликке керектүү азык-түлүктөрү бар белектер тапшырды. Белек тапшыруу аземин акын-жазуучу Абдымомун Калбаев, Кербен шаар мэриясынын соцадиси Айнура Шамырзаева, Аксы районунун имам-хатиби Мырзабек Абдыкалыков сөз ачып, кыздарга каалоо-тилектерин айтышып, элибизге, журтубузга тынччылык, аманчылык, кут -береке тилеп, ак баталарын беришти. Андан соң белектер таркатылды. Алыстан келген айрым адамдардын жол акылары да берилди. Акырында бул жардамдар чек эмес экендигин жана бул топко мүчө болууну каалаган ишкер айымдар үчүн эшик ачык экендигин, көп түкүрсө көл боло тургандыгын айтышты. Белек алганы келген эл да улуу Рамазан айындагы соопкерчилик ишке сооптун дагы чексиз болорун айтышып, ыраазычылыктарын билдирип жатышты. Биз дагы “Аксы. Асыл зат айымдары” тобунун кыздарына ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалайбыз.
Абдымомун КАЛБАЕВ, Аксы району
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
-
26.05.2023 / Автор anarkan_kg ВИЦЕ-МЭР НУРДАН ОРУНТАЕВ УКМКДА СУРАК БЕРҮҮДӨ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.