Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ДОСТУГУНА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА АЯКТАДЫ

ӨЗБЕКСТАНДА КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ДОСТУГУНА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА АЯКТАДЫ

 678 Бардыгы /

Кыргызстандын Ош облусуна коңшулаш Өзбекстандщын Анжиян облусунун Жалалкудук районундагы №29-Кыргыз орто мектебинде “Өзбекстан – жалпыбыздын үйүбүз” урааны астында Кыргыз-Өзбек достугуна арналган иш-чара аяктады. Бул туурасында Өзбекстандын Анжиян облустук кыргыз улуттук маданий борборунун төрагасы Абыт Насиров билдирди.

Абыт Насировдун айтымында, “Абат жана коопсуз махалла – бекем тынчтык” кепилдиги темасында өткөн иш-чарада Өзбекстан жана Кыргызстан жолбашчыларынын ушул тапта жүргүзүп жаткан адилеттүү саясатынан улам, күн сайын өркүндөп жана чыңалып бара жаткан, кылымдарды карыткан Кыргыз-Өзбек достугу туурасында кеңири кеп жүрдү.

  • Ушул тапта көп улуттуу Анжиян облусунда 150 миңден

ашуун жергиликтүү кыргыздар жашашат. Коргон-Төбө, Жалакудук, Кожо-Абат, Булакбашы, Мархамат райондорунда жана Ханабат шаарында кыргыздар абдан көп. Алардын өз эне тилин, каада-салттарын, үрп-адаттарын, улуттук кадыр-баркын сактап калуу, ошондой эле кыргыз элин тарыхын, руханий байлыктарын, мурастарын үйрөнүү үчүн жетиштүү шарттар жаратылган. – деп баса белгиледи Өзбекстандын Анжиян облустук кыргыз улуттук маданий борборунун төрагасы Абыт Насиров.

Ошентип, жергиликтүү көркөм өнөр таланттары жана күйөрмандары тарабынан аткарылган Кыргыз жана Өзбек элдик ырлары жана бийлери, жаш манасчылардын чыгыштары иш-чарада майрам маанайын жаратты. Иш-чаранын соңунда эмгек ардагерлерине, аксакалдарга жана байбичелерге, активдүү жаштарга облустук Кыргыз маданий борборунун ыраазычылык каты жана эстелик белектери тапшырылды.

Эскерте кетчү жагдай: Өзбекстандын Анжиян мамлекеттик университетин филология факультетинде “Кыргыз тили жана адабияты” боюнча адистер даярдалат, облуста 21 орто мектепте окуу кыргыз тилинде алып барылат. Коомдук турмуштун бардык багыттарында Анжиян жана Ош облустарынын ортосундагы кызматташтык, карым-катыш жакшы жолго коюлган.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17