Аймак

КЫРГЫЗ ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ ИРИ КӨЛӨМДӨГҮ АТКЕЗЧИЛИК ЖҮГҮН КАРМАШТЫ

КЫРГЫЗ ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ ИРИ КӨЛӨМДӨГҮ АТКЕЗЧИЛИК ЖҮГҮН КАРМАШТЫ

 783 Бардыгы /

Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде Баткен облусундагы Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары ири көлөмдөгү аткезчилик жүгүн кармашты. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан маалдымдашты.

Маалыматка караганда, Баткен облусуна караштуу  Кадамжай районунун Жаңы-Жер жергесинде күзөттө жүргөн маалында чек ара кезмети  Мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жердеги эки белгисиз адамды байкашкан. Ал эми тигилер аскер кызматчыларын көргөндө  Өзбекстан Республикасынын аймагына изин жашырып кирип кетишкен. Белгисиз адамдар байкалган аймакка келишкен чек ара кезмети IPAR кмпаниясынын Nutrivero БАК (биологиялык активдүү кошулмалары) салынган төрт капты табышты.  

Бөтөлкөлөрдүн жалпы саны 1440 даана, ал эми накта суммасы болжолдуу түрдө 4 000 000 сомду түздү. Тиешелүү документтер толтурулган соң, аталган аткезчилик жүгү мыйзам чегинде чара көрүү максатында тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17