Аймак

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ «АЧЫК ЭШИКТЕР» КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ «АЧЫК ЭШИКТЕР» КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

 786 Бардыгы /

Батырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин башкы имаратында кесипке багыт берүү максатында «Ачык эшиктер” күнү өткөрүлдү.

Ошентип, аталган иш чарада аталган жогорку окуу жайдын факультет, колледж, лицейлери билим жарманкесин, кесиптердин парадын, мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн атайын сынактарды дагы уюштурушту. Ушундан соң Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков келген конокторго окуу жайдын жетекчилерин чекесинен тааныштырып, университет туурасында дагы кыскача маалымат жасады. Ушундан соё жаштарды татыктуу билим алууга үндөдү.

Баса, аталгагн иш-чаранын жүрүшүн Батырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин мыкты бүтүрүүчүлөрү улантып, таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Ошентип, «Ачык эшиктер» күнүнө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрү, мугалимдери, ата-энелер конок сыёары чакырылган. Келген коноктор каалаган адистиги боюнча маалымат алып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар, ойлоп табууларга күбө болуп, университеттин бардык факультет, колледждеринин материалдык-техникалык базасы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Кыскасы, кесипке багыт берүү иш чарасына жалпы жонунан 2000ге чукул мектеп бүтүрүүчүлөрү катышышты.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17