Аймак

ОШТОГУ «ИСЛАМБЕК» КАФЕСИ МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН

ОШТОГУ «ИСЛАМБЕК» КАФЕСИ МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН

 384 Бардыгы /

Кыргызтандын Түштүк башкалаасынын Ленин көчөсүндөгү «Исламбек» кафесинин имаратынын курулушуна жана кайрадан реконструкциялоого тийиштүү уруксат иш кагаздары жок. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынан  билдиришти.

Маалыматка караганда, бул жолку пландан тышкары текшерүүдө «Исламбек» кафесинин Түштүк тарабындагы муниципалдык жер тилкесине тиешелүү уруксат кагаздары жок туруп 4,0х10,0 метр келген жер төлөө жана ага кирүүчү тепкичтерди (лестница) куруп алгандыгы аныкталды.

Ошентип, жогоруда айтылган жагдайлардан улам тийиштүү материалдар Ош шаардык сотуна доо арыз менен өткөрүлүп берилди. Ушул тапта соттук териштирүү кызуу жүрүп жатат.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17