Аймак

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ ГҮЛНАРА БААТЫРОВА ЮНИСЕФТИН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨКҮЛҮ САММАН ЖУНГ ТАПА МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ ГҮЛНАРА БААТЫРОВА ЮНИСЕФТИН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨКҮЛҮ САММАН ЖУНГ ТАПА МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 384 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы дайындалган өкүлү Самман Жунг Тапа менен жолугушту.

Аталган жолугушууда министрликтин ЮНИСЕФ менен өнөктөштүгү жана алдыдагы алакалары кеё-кесири талкууланды. Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Гүлнара Баатырова баса белгилегендей, уюм менен биргеликте кызматташуу Кыргызстанда бардык балдардын билим алууга жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган кыйла натыйжалуу стратегияларды ишке ашырууга мүмкүндүк жаратат.

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын айтымында, ал жетектеген министрлик эмгек, социалдык коргоо жана миграция чөйрөсүндөгү улуттук стратегияларды өлкөбүздүн керектөөлөрүн эске алуу менен жүзөгө ишке ашырат. Мында Кыргызстан саясатты жана программаларды иштеп чыгууга жана мониторинг жүргүзүүгө жарандык коомдун активдүү катышуусуна абдан кызыкдар.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17