Аймак

ОШМУ ЭМИ РОБОТОТЕХНИКА БАГЫТЫНДА ДАГЫ АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ

ОШМУ ЭМИ РОБОТОТЕХНИКА БАГЫТЫНДА ДАГЫ АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ

 102 Бардыгы /

        Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) Кытайдын Цзямуси институту жана Huibo Robotics команиясынын ортосунда 3 тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Окуу жайдан билдиришкендей, кол коюу аземине ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган тиешелүү түзүм жетекчилери, Huibo Robotics команиясынын вице-президенти Цуй Сяохуэй баштаган өкүлдөр жана Цзямуси кесиптик институтунун партиялык комитетинин секретары Ян Сянцзюнь баштаган өкүлдөр катышышты.

        ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков аталган комания менен биргеликте «Келечек муундун ХАБы» борбору дагы ачылгандыгын кошумчалады: – Ушул тапта ошол иштердин экинчи этабы катары мехатроника жана робототехника адистиги боюнча бакалавр адистиктерин даярдоо башталып жатат. Бул адистиктин учурдагы актуалдуулугу эске алынып, мамлекет тарабынан быйыл 50 гранттык орун берилди.

        Ал эми Цзямуси кесиптик институтунун партиялык комитетинин секретары Ян Сянцзюнь ОшМУ менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи: – Алдыда сиздердин окуу жай менен бир топ долбоорлорду биргеликте жүзөгө ашырабыз. ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институту менен биргеликте окуу пландарын талкуулап, чогуу иш алып барабыз. Мындан тышкары өз ара тажрыйба алмашууга окутуучуларды жиберүү, алмашып окутуу иштерин дагы кошо жүргүзөбүз. Кийинчерээк эки окуу жайда шайкеш келген факультеттер менен да иштешип академиялык мобилдүүлүк программаларын жүзөгө ашырсак деген сунуштар бар.

        Белгилей кетчүү жагдай: «Келечек муундун ХАБы» борбору жасалма интеллект, робототехника, маалыматтык технологиялар боюнча билим, илим, практика айкалышкан лабораториялык база болуп саналат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17