Аймак

ОШ ШААРЫНДА “БИЛИМ АЙТЫШТЫН” ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

ОШ ШААРЫНДА “БИЛИМ АЙТЫШТЫН” ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

 6 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма тетрында өткөрүлгөн төкмө акындардын “Билим айтышы” жыйынтыкталды. Мында Өмүр Мамбеттокто 1-орунду ээлеп, ага 100 миң сом сыйлык тапшырылды.

        2-орунду багындырган Нурсултан Малдыбаев 80 миң сомго, ал эми 3-орунга ылайык эсептелген Кутман Садыбакасов 60 миң сомго татыды. Ошондой эле бардык акындар уюмдун атайын стипендиясы менен сыйланышты. Төкмө акындар бул жолку «Билим айтышта» үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, тил жана маданият темаларында ыр төгүштү.

        Айтмакчы, Эл аралык Интерньюс уюму улуттук «Манас» театры менен үч жылдан бери кызматташып келатат. Бул аралыкта манасчыларга өз өнөрүн жаңы технологиянын жардамы аркасында жайылтуу боюнча атайын семинарлар дагы өткөрүлгөн. Уюм төкмө акындар менен дагы медиасабаттулукту арттыруу максатында иш жүргүзүп, өзүнчө «Билим айтыш» долбоорун негиздеген. Аталган долбоордун айтышы быйыл үчүнчү ирет өткөрүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17