Аймак

ЭМГЕГИ ЭЛГЕ ТААНЫШ УМИДА!

ЭМГЕГИ ЭЛГЕ ТААНЫШ УМИДА!

 6 Бардыгы /

Эгер мугалимде жумушуна гана сүйүүсү болсо, анда ал жакшы мугалим.  Эгер мугалимде жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү болсо, анда ал – мыкты мугалим. (Л. Толстой)

Алдыда боло турган кесиптик майрамыбызды утурлай, ушул майрамга татыктуу, мугалим кесибин жандай көргөн, окуучуларын өз кыздарынан да бийик койгон, ар кандай мактоого арзыган “Ала-Бука-Грация” бий ийриминин жетекчиси, мыкты мугалим  Косимова Умида Ибрагимжановна туурасында жазгым келди.

Умида учурда Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Д.Шабданов атындагы балдардын билим берүү борборунда үзүрлүү эмгектенип келет. Жасап жаткан эмгеги, педагогикалык чеберчилиги өзгөчө мактоого арзыйт.

Ала-Бука районунда биринчилерден болуп, бий студиясын ачып, чыгармачылыкка шыктуу кыздарды ар тараптуу окутуп жана тарбиялоо менен, бий өнөрүн талыкпай үйрөтүп келет. 

Мугалим сокурга – көз, дүлөйгө кулак, караңгыга – чырак, жан дүйнөгө – азык берет дегендей, бий өнөрүн үйрөтүүдө Умида Ибрагимжановнанын чыгармачылык дарамети, педагогикалык билими, жаратмандыгы жана өз ишинин устаты экендиги талашсыз.

Умида кесипбин туу туткан, күжүрмөн эмгек менен алп урушкан, чарчаганын билбеген, окутуп-тарбиялаган окуучулары  менен сыймыктанып иштеп жаткан мугалимдердин катарын толуктайт десем жаңылышпаймын.

“Ала-Бука-Грация” бий ийримин кыздары райондук деңгээлде өткөрүлгөн бардык иш-чаралардын көркүнө көрк берип, катышуучулардын купулуна толо тургандай ар улуттун бийин ийине жеткире аткарышып, мактоолорду алып келишет.

Ошондой эле  эл аралык, республикалык, областтык кароо-сынактарда байгелүү орундарды багындырып келет. Ушунда ийгиликтерге жетүүталыкпаган эмгекти, чыдамкайлыкты, сабырдуулукту жана чечкиндүлүктү талап кылат. Ушулардын баарына кылдат көңүл буруп, баштаган ишинин аягына чыгара билген Умида Ибрагимжановна чыгармачыл мугалим деп эсептеймин.

Дүйнөгө өзүнө болгон жакшы көз карашы менен эмгекчилдиги жана чын аракети менен окуучуларын ишенимдүү жолго салган, ар бир ак эмгектин, талыкпаган аракеттин  артында ийгилик болооруна ынандырган, келечекке ишенимдүү кадам таштоону үйрөткөн жана ынтымакты бекем кармаган Косимова Умида Ибрагимжановнадан таалим-тарбия, өнөр үйрөнгөн жана  жашоосунда кезиктирген окуучулары  кандай гана бактылуу!

Таалайгүл ӨМҮРОВА, Д.Шабданов атындагы Ала-Бука райондук балдардын билим берүү борборунун директору                      

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17