Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
1 Бардыгы / Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Баки ЭШМАМБЕТОВ атындагы орто мектеп райондун борборунда гана жайланышкан. Бул агартуу журтунда биргезде Кыргыз Республикасынын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков дагы окуган. Анткени, мектептин алкагында лицей класстары бар. Акмаанай ТОКЕЕВА, Кара-Кулжа районундагы лицей класстары бар Баки ЭШМАМБЕТОВ атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу: – Биздин ушул тапта эжеке-агайларыбыз заманбап ыкмалар […]
2 Бардыгы / Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Баки ЭШМАМБЕТОВ атындагы орто мектеп райондун борборунда гана жайланышкан. Бул агартуу журтунда биргезде Кыргыз Республикасынын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков дагы окуган. Анткени, мектептин алкагында лицей класстары бар. Акмаанай ТОКЕЕВА, Кара-Кулжа районундагы лицей класстары бар Баки ЭШМАМБЕТОВ атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу: – Биздин ушул тапта эжеке-агайларыбыз заманбап ыкмалар […]
ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ОКУГАН МЕКТЕПТЕ ЛИЦЕЙ КЛАССТАР АЧЫЛГАН
22.02.2025 / Автор anarkan_kg

3 Бардыгы /
Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Баки ЭШМАМБЕТОВ атындагы орто мектеп райондун борборунда гана жайланышкан. Бул агартуу журтунда биргезде Кыргыз Республикасынын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков дагы окуган. Анткени, мектептин алкагында лицей класстары бар.
Акмаанай ТОКЕЕВА, Кара-Кулжа районундагы лицей класстары бар Баки ЭШМАМБЕТОВ атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу:


– Биздин ушул тапта эжеке-агайларыбыз заманбап ыкмалар менен гана окутуп жана дагы тарбиялап жатышат. Эң акыркы үлгүдөгү технолоияларды деле сабактарында байма-бай колдонушат.Ошондуктан, мен болочокто дизайнер болууну биротоло чечтим.Буюрса, мектепти аяктаганымдан кийин, тилегимди жүзөгө ашырууга такай далатат кылмакчымын.
Замира КАЛЧАЕВА, Кара-Кулжа районундагы лицей класстары бар Баки ЭШМАМБЕТОВ атындагы орто мектептинин окуу бөлүмүнүн башчысы:


– Биз алдыңкы бүтүрүүчүлөрүбүз менен такай сыймыктанабыз.Маселен,мектебибизди күмүш медаль менен аяктаган Дарика Кадырова – Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүндө адис. «Алтын тамга» ээси Аксана Бердиева ушул тапта Бишкек шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын бюджеттик тайпасында билимин улантууда. Ал эми Айгерим Майрамбекова – ОшМУнун орус тили жана адабияты сабагынын окутуучусу.
Нурила ЗАБЫТАХУНОВА, Кара-Кулжа районундагы лицей класстары бар Баки ЭШМАМБЕТОВ атындагы орто мектептин орус тили жана адабият мугалими:
– Соңку жылдарда мугалимдерге карата талап ого бетер күчөгөн. Андыктан, биз билимбизди жана дагы ой-чабытыбызды күн сайын жаңылап, ошондой эле тынымсыз өркүндөтүп дагы турабыз. Заман түрүн көрбөдүңүздөрбү? Технология баардык тармакты кеңири ээледи. Ошону үчүн интернет түйүндөрүн биз деле тынымсыз аңтарып-теңтерип, акыркы үлгүдөгү тажрыйбаларды өз ара кенен-чонон бөлүшүп дагы турапбыз.
Айзат АБЖАПАРОВА, Кара-Кулжа районундагы лицей класстары бар Баки ЭШМАМБЕТОВ атындагы орто мектептин Кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмесинин жетекчиси: – Байкагандарсыз. Бизде ар бир предмет боюнча өзүнчө усулдук бирикмелерибиз бар. Зарылчылыкка жараша биз өз ара тынымсыз тажрыйбаларыбызды алмашып дагы турабыз. Мектебибизде ачык сабактар абдан көп өткөрүлөт. Ага а түгүл ата-энелер дагы катышып, өздөрүнүн ой-пикирлерин ачык айтып турушат. Жүйөөлүүлөрүн кийинки сабактарда – практикабызда сөзсүз түрдө эске алабыз.
Кара-Кулжа районундагы лицей класстары бар Баки ЭШМАМБЕТОВ атындагы орто мектептин директорунун милдетин Төлөнбек ЖУСУЕВ аткарып келатат. Агай дээрлик 38 жылдан бери агартуучулук кесипти гана аркайлат. ОшМУнун тарых факультетин бүтүргөн.


– Мен өзү эки кесиптин ээсимин. Адегенде Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы юриикалык техникумду, ал эми кийинчерээк ОшМУнун тарых факультетин бүтүргөмүн. Ошондон бери жалаң мугалимдик кесипти гана аркалап келатамын. – деп кепке кошулду Кара-Кулжа районундагы лицей класстары бар Баки ЭШМАМБЕТОВ атындагы орто мектептин директорунун милдетин аткаруучу Төлөнбек ЖУСУЕВ. – Ушул тапта мектебибизде жалпы жонунан 61 мугалим эмгектенет. Булардын 14ү – Кыргыз Респубикасынын Эл агартуусунун мыктысы.Ал эми Токойлук Оморкулов, Гүлүйпа Ибраимова, Маман Айылчиев – Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалимдери.Дагы сыймыктанаар жайыбыз бар. Анткени, экс-президент Сооронбай Жээнбеков биздин мектепти ийгиликтүү бүтүргөн. Соңку жылдарда мектебибиз Аймакта биринчиликти колдон чыгарбастан, ал эми эмгек жамаатыбыз Мекенибизде билим сапатын ого бетер арттырууга басым жасап жаткан чагыбыз.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков өңдөнгөн залкар инсандарды окутуп-тарбиялаган Кара-Кулжа районундагы лицей класстары бар Баки ЭШМАМБЕТОВ атындагы орто мектебине алдыда дагы зор ийгиликтерди гана каалап, сапарыбызды карыттык…




Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
18.03.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДА ШАЙЛООНУН АКЫРКЫ КҮНҮНДӨ КЕМИНДЕ 80 КИШИ КАРМАЛДЫ
Маек
ОШТОГУ ООРУКАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛЕП КЕЛЕ ЖАТАТ
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Ош шаарында жайланышканы менен…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.