Өлкө аймактары менен кубаттуу
«ЭАУнун СУЛУУСУ – 2025» СЫНАГЫ ӨТТҮ
АЯЛЗАТ- ААЛАМ АЖАРЫ
101 ЭСКЕРТЕТ
АК КАЛПАК МАЙРАМЫҢЫЗДАР КУТ БОЛСУН!
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
1 Бардыгы / Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл өкмөтү Ноокат районундагы анклавда гана жайланышкан. Мындайча айтканда, облус борбору Ош шаарынан – 50 чакырым, ал эми район борбору Араван кыштагынан 120 чакырым алыстыкта орун алган. Ошол себептүү тээ Совет доорунда, тактап айтканда өткөн кылымдын 1966-жылынын 19-майында ошогездеги Кыргыз ССР Министрлер Советинин №231-8 токтомунун негизинде Төө-Моюн өрөөнүнүн […]
2 Бардыгы / Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл өкмөтү Ноокат районундагы анклавда гана жайланышкан. Мындайча айтканда, облус борбору Ош шаарынан – 50 чакырым, ал эми район борбору Араван кыштагынан 120 чакырым алыстыкта орун алган. Ошол себептүү тээ Совет доорунда, тактап айтканда өткөн кылымдын 1966-жылынын 19-майында ошогездеги Кыргыз ССР Министрлер Советинин №231-8 токтомунун негизинде Төө-Моюн өрөөнүнүн […]
АНКЛАВДА ЖАЙЛАНЫШКАН ЛИЦЕЙДЕ
10.03.2025 / Автор anarkan_kg

3 Бардыгы /
Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл өкмөтү Ноокат районундагы анклавда гана жайланышкан. Мындайча айтканда, облус борбору Ош шаарынан – 50 чакырым, ал эми район борбору Араван кыштагынан 120 чакырым алыстыкта орун алган. Ошол себептүү тээ Совет доорунда, тактап айтканда өткөн кылымдын 1966-жылынын 19-майында ошогездеги Кыргыз ССР Министрлер Советинин №231-8 токтомунун негизинде Төө-Моюн өрөөнүнүн Авиз айылында №65-КТОЖ (азыркы №65-лицей) ачылган. Мунун негизги максаты: дың жерлерди өздөштүрүү, а муну үчүн Төө-Моюн совзозун механизаторлор менен толук кандуу камсыз кылуу эле.
Жумабек ЖОЛДОШЕВ, Араван районунун Төө-Моюн анклавындагы №65 кесиптик лицейдин ага устаты:


– Соңку тапта Кыргызстанда деле өнөр жайы улам оожалып, ошондой эле айыл чарбасы дагы бара-бара өркүндөө жолунда гана баратат. Ошол себептүү биз деле заман талабына жараша жумушчу кадрларды тыкыр белендөөгө бекем кириштик.
Орунбек КАДЫРОВ, Араван районунун Төө-Моюн анклавындагы №65-кесиптик лицейдин аскерге чейинки даярдоо курсунун жетекчиси:


– Биз курсанттарыбызды аскерге башталгыч даярдыктан эмитен өткөрөбүз. А бул деген улан-кыздарыбыздын ден соолугунун чың болушун гана шарттайт эмеспи. Албетте, биз деле көйгөйдөн куру эмеспиз. Маселен, аскердик курал-жарактарыбызды сактаганга эч мүмкүнчүлүгүбүз жок.
Санабар КУРБАЕВА, Араван районунун Төө-Моюн анклавындагы №65 кесиптик лицейдин директорунун окуу-тария иштери жагынан орун басары:


– Мен дагы кезинде дал ушул лицейде окугамын. Анан гана 2001-жылы ОшМУнун бизнес жана менеджмент факульетинин экономист адистигин бүтүрдүм. 25 жыл бою бухгалтердик вазийпаны аркаладым. Ал эми 2017-жылдан бери ушул лицейдин директорунун окуу-тария иштери жагынан орун басарымын.Ушул тапта биздин лицейибизде 179 курсант окуп-тарбияланып жатышат. Биз он айлык мөнөттө тракторчу-машинисттерди, слесарь-ремонтчуларды, автомобиль оңдоочуларды, электромонтерлорду, катчы-референттерди, тигүчүү-бычмачыларды, салык тескөөчүлөрүн, ал эми үч жыл аралыгында мал чарбасынын механизаторлорун, жыгач усталарды, тамеки устаттарын, жасалгалоочу жана көркөм сүрөтчүлөрдү, фермерлерди, коммерсант-агенттерди, тигүү жабдыктарынын операторлорун сапаттуу гана белендейбиз. Мактана турган устаттарыбыз толтура. Булардын арасында Мамат Шакиров, Абдулда Мусаев, Насридин Эгемкулов, Салима Махмудова жана Мисират Саипова бар. А мен булардан чыдамкайлыкты, кесибин сүйө билгендикти, эң башкысы мекенчилдикти гана үйрөндүм.
Жылдызай РЫСКУЛОВА, Араван районунун Төө-Моюн анклавындагы №65 кесиптик лицейдин тигүүчүлүк боюнча өндүрүштүк окуусунун устаты:


– Лицейде мен 18 жылдан бери үзгүлтүксүз эмгектенип келатамын. Кыргызстанда деле соңку тапта жеңил өнөр жайы уламдан улам өркүндөп гана баратпайбы. Андыктан, биздин бүтүрүүчүлөрүбүзгө дагы жумуш опоңой гана табылат. А түгүл биздин курсанттарыбыз, көз тийбесин, соңку жылдарда Орусия жана Европа өлкөлөрүндө камчы салдырбастан гана иштеп жүрүшөт.
Элдияр АХМАТАЛИЕВ, Араван районунун Төө-Моюн анклавындагы №65 кесиптик лицейдин он айлык курсунун курсанты:


– Мен ушул тапта ширетүүчүлүктүгана дыкаатөздөштүрүп жатамын. Азырынча ушул кесипти гана убактылуу аркалаймын. Ал эми кийинчерээк билимимди андан ары жогорулатып, тиш доктур болуу оюмда бар.
Асема МАРАТАЛИЕВА, Араван районунун Төө-Моюн анклавындагы №65 кесиптик лицейдин тигүүчүлүк боюнча курсанты:


– Мен тигүү жабдууларын иштетүүнү үйрөнүп жатамын. Ал эми болочокто мыкты дизайнер гана боломун. Ошентип, үйүмдө жылуу-жумшак эле олтуруп, адегенде өзүмчө гана иштеймин. Анан бара-бара чакан тигүү цехин ачып, айылдаш кыз-келиндерди дагы жумуш менен камсыз кылуу ниетимде бар.
Нурсаида БУРОНБАЕВА, Араван районунун Төө-Моюн анклавындагы №65 кесиптик лицейдин тигүүчүлүк жана тигүү машиналарынын оператору боюнча курсант:
– Мен кичинекейимде тигүүчүлүккө абдан кызыкчуу элем. Дал ошол аруу тилегимди орундатуу максатында эми ушул лицейде окуп жатамын. Мындан тышкары ОшТУнун дизайн адистигине дагы тапшырып, аны бүтүргөндө чакан ишкана ачмакчымын. Ошентип, жок дегенде жумушсуз айымдарды туруктуу иш менен камсыз этмекчимин.
Анклавда жайланышкан кесипчилик-техникалык окуу жайына сапарыбыздын жүрүшүндө Араван районунун Төө-Моюн анклавындагы №65 кесиптик лицейдин директору Айида КЕНЖЕБАЕВАга дагы атайын жолугуп, аны өзүнчө кепке тарттык. Айида айым 36 жашта. БатМУнун Кызыл-Кыя шаарындагы гуманитардык-педагогикалык институтун бүтүрүптүр. Кесиби – математик жана системалык программист.
– Биздин лицейибиздин 54 жылдык тарыхында бүтүрүүчүлөрүбүз ушул тапта Кыргызстандын баардык аймактарында, мындан тышкары Орусия жана Европа өлкөлөрүндөгү жеңил өнөр жайларында мыктылап иштеп жатышат, – деди Араван районунун Төө-Моюн анклавындагы №65 кесиптик лицейдин директору Айида КЕНЖЕБАЕВА. – 2008-жылдан тартыпкесиптик билим берүү деңгээлин абдан көтөрүү максатында Эл аралык МОМ, ЮСАИД, АКТЕД жана ата мекендик АРИС уюмдары менен тыгыз иштешип келатабыз. Мунун натыйжасында окуу кааналарыбыз заманбап техникалык каражаттар менен толук кандуу жабдылды. Бул аркылуу практикалык сабактарабыздын сапатын дагы ого бетер жакшырттык. Ушул тапта компьютердик класстарыбыз бар. Ал эми музыкалык жана ширеттүүчүү жабдыктар, тигүчүү машиналар, автоунаа айдоо үчүн автотренажерлор, токардык аппараттар, электрокөзөгүчтөр бизде дээрлик жетиштүү.
Ошентип, Ош облусуна караштуу Араван районунун Төө-Моюн анклавындагы №65-кесиптик лицейи райондук жана облустук борборлордон эң эле алыста жайланышканы менен кесиптик билим берүү тармагында үлгү тутчуу мекемеге айланып олтурат. Демек, бул лицейдин иш-тажрыйбасын Кыргызстандын башка булуң-бурчундагы кесиптик окуу жайларына дагы жайылтышса, албетте, мындан баарыбыз тең утаарыбыз анык…








Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
10.03.2025 / Автор anarkan_kg АНКЛАВДА ЖАЙЛАНЫШКАН ЛИЦЕЙДЕ
-
06.03.2025 / Автор anarkan_kg «ЭАУнун СУЛУУСУ – 2025» СЫНАГЫ ӨТТҮ
-
06.03.2025 / Автор anarkan_kg АЯЛЗАТ- ААЛАМ АЖАРЫ
-
12.03.2024 / Автор anarkan_kg КӨК-АРТ ДАРЫЯСЫНАН ӨТКӨН КӨПҮРӨНҮН КУРУЛУШУ АЯКТАП, КОЛДОНУУГА БЕРИЛДИ
-
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА 133 МЛН. СОМГО ТАШТАНДЫ ИРГЕГЕН ЗАВОД КУРУЛУУДА
Маек
Гүльмира АДЫРБАЕВА: “АРАВАНДА ӨЗҮМ СЦЕНАРИСТ ЖАНА РЕЖИССЕР-КОЮУЧУМУН!”
Кыргызда бекеринен «Колдо бар алтындын баркы жок!» дешпейт. Болбосо, Араван…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.