Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
31 Бардыгы / Соңку тапта окуучулардын укугун коргоо улам барган сайын жакшыртуунун гана жолунда. Муну Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кычан ЖАКЫПОВ атындагы №61-орто жалпы билим берүүчү жатак мектебинде өткөрүлгөн «Өспүрүмдөрдү зордук-зомбулуксуз тарбиялоо жана алардын ортосундагы рэкэтчиликтин алдын алуу» ураанынын астында өткөрүлгөн ата-энелердин конференциясы дагы айгинеледи. Ошол себептүү кабарчыбыз аталган жатак мектепке күтүүсүздөн эле баш бакты. […]
32 Бардыгы / Соңку тапта окуучулардын укугун коргоо улам барган сайын жакшыртуунун гана жолунда. Муну Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кычан ЖАКЫПОВ атындагы №61-орто жалпы билим берүүчү жатак мектебинде өткөрүлгөн «Өспүрүмдөрдү зордук-зомбулуксуз тарбиялоо жана алардын ортосундагы рэкэтчиликтин алдын алуу» ураанынын астында өткөрүлгөн ата-энелердин конференциясы дагы айгинеледи. Ошол себептүү кабарчыбыз аталган жатак мектепке күтүүсүздөн эле баш бакты. […]
КЫЧАН ЖАКЫПОВ АТЫНДАГЫ ЖАТАК МЕКТЕПТЕ
10.03.2025 / Автор anarkan_kg33 Бардыгы /
Соңку тапта окуучулардын укугун коргоо улам барган сайын жакшыртуунун гана жолунда. Муну Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кычан ЖАКЫПОВ атындагы №61-орто жалпы билим берүүчү жатак мектебинде өткөрүлгөн «Өспүрүмдөрдү зордук-зомбулуксуз тарбиялоо жана алардын ортосундагы рэкэтчиликтин алдын алуу» ураанынын астында өткөрүлгөн ата-энелердин конференциясы дагы айгинеледи. Ошол себептүү кабарчыбыз аталган жатак мектепке күтүүсүздөн эле баш бакты.
Фарида РЫСКУЛБЕКОВА, Кара-Суу районундагы Кычан ЖАКЫПОВ атындагы №61 орто жалпы билим берүүчү жатак мектебинин китепканачысы жана технология мугалими:
– Китеп – билим булагы. Ошондуктан,биздин китепканабыздан эртели-кеч окуучулардын аягы үзүлбөйт. Алар издеген суроолоруна дал ушул жайдан гана жооп табышып, ага улай сабакка дагы даярданышат. Ушундан улам чакан бөлмөбүздө ыңгайлуу бардык шарттар жаратылган.
Гүлжанат КЕҢЕШБАЕВА, Кара-Суу районундагы Кычан ЖАКЫПОВ атындагы №61 орто жалпы билим берүүчү жатак мектебинин окуучусу:


– Көрдүңүздөр го. Жатаканыбыз абдан жыпжылуу. Анда окуганга жана дагы эс алганга баардык заманбап шарттар түзүлгөн. Мага, маселен, Кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлбурак КАЛДАРОВАнын жана биология мугалими Эламан БАКЫТБЕК уулунун сабагы абдан жагат. Анткени, экөө тең көрсөтмө куралдарды көп пайдаланышат. Чет тилин дагы мыктылап үйрөнүп жатамын. Болочокто котомочу (тилмеч) болсом дегенде эки көзүм төрт.
Умар АБДУЛБЕКОВ, Кара-Суу районундагы Кычан ЖАКЫПОВ атындагы №61 орто жалпы билим берүүчү жатак мектебинин 7-Б-классынын окуучусу: – Ушул таптра технология доору өкүм сүрүп жатпайбы.Ошондуктан, мен болочокто IT технологияны толук кандуу өздөштүрүп, андан ары программист кесибинаркаламакмын. Албетте, менин талбаган аракетиме жараша, кыялым дагы сөзсүз орундалаары бышык!
Сыргакан МУРАТОВА, Кара-Суу районундагы Кычан ЖАКЫПОВ атындагы №61-орто жалпы билим берүүчү жатак мектебинин башкы ашпозчусу:


– Биздин жатак мектебибизде окуучуларга күн сайын беш маал тамак берилет. Меню талапка ылайык күн сайын сөзсүз өзгөртүлүп турат. Ооокат-ашыбыз бүт кубаттуу жана жегиликтүү.
Зам-Зам ЮЛДАШЕВА, Кара-Суу районундагы Кычан ЖАКЫПОВ атындагы №61-орто жалпы билим берүүчү жатак мектебинин ашпозчусу:


– Биздин ашканабыздан мугалимдер деле үзгүлтүксүз тамактанышат. Эң башкысы: ашпозчулар жалгыз мактоодон башка тил уга элекпиз. Ашканабыз таза жана ыңгайлуу!
Немат НУРМАТОВ, Кара-Суу районундагы Кычан ЖАКЫПОВ атындагы №61-орто жалпы билим берүүчү жатак мектебинин медициналык канаасынын башчысы:
– Мен тээтигил Союз маалында, 1981-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медииналык институтун (азыркы МедАкаемияны) бүтүргөмүн. Ошондон бери медицина тармагында гана үзгүлтүксүз эмгектенип келатамын. Жатак мектептин окуучулары көбүнэсе тиш жана баш ооруларына чалдыгышат. Бааларга дары-дармектерибиз жана дагы башка медициналык каражаттарыбыз дээрлик жетиштүү.
Кубатбек ТОЙЧИЕВ, Кара-Суу районундагы Кычан ЖАКЫПОВ атындагы №61 орто жалпы билим берүүчү жатак мектебинин физика мугалими: – Ар бир сабагыбызда техникалык каражаттарды көбүрөөк урунабыз. Анткени, бул эске жакшы тутулат. Анан дагы көңүлдө көпкө дейре сакталат.
Гүлдана ДОКОЕВА, Кара-Суу районундагы Кычан ЖАКЫПОВ атындагы №61 орто жалпы билим берүүчү жатак мектебинин информатика мугалими:


– Мен ЖАМУнун информатика адистигин аяктагамын. “Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей, 24 жылдан бери ушул гана мектепте эмгектенип келатамын. Бул жайдан мен мыкты эмгек жамаатын, ошондой эле адискөй мугалимдерди таптым. Көз тийбесин, баарыбыз тең ыраса ынтымактуубуз!
Айжан АБДУВАПОВА, Кара-Суу районундагы Кычан ЖАКЫПОВ атындагы №61 орто жалпы билим берүүчү жатак мектебинин директору:


– Мен өзүм дагы дал ушул мектепти 2006-жылы бүтүргөмүн. “Ат айланып казыгын табат” дегендей, мен ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин химия мугалими адистигин аяктагандан кийин “Жетигин” менчик мектебинде, ОшМУнун “Билим” лицейинде, Кара-Суу шаарындагы №12-Манас орто мектебинде эмгектенип, анан акырында ушул Кычан ЖАКЫПОВ атындагы №61-орто жалпы билим берүүчү жатак мектебинде директорлук кызматты абийирдүү аркалап келатамын. Ушул тапта Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантамын. Диссертациямдын темасы: “Окуучуларды 21 кылымда компетенциялык окутуунун инновациялык технологиялар аркылуу өнүктүрүү”. Илимий жетекчим – Бакдөөлөт КОСОБАЕВА. Буюрса, быйыл күздө кандидаттык диссертациямыды жактаймын.Соңку сааттарда мектебибиздин алкагында «Өспүрүмдөрдү зордук-зомбулуксуз тарбиялоо жана алардын ортосундагы рэкэтчиликтин алдын алуу» ураанынын астында ата-энелердин конференциясын өткөрдүк.Мында көтөрүлгөн маселелер башка мектептерге дага сабак болот деген терең үмүттөмүн!
Айтмакчы, Кара-Суу районундагы Кычан ЖАКЫПОВ атындагы №61-орто жалпы билим берүүчү жатак мектеби Кыргыздын туңгуч пионери – аңызга айланган Улуттук Баатыры Кычан ЖАКЫПОВдун ысымын татыктуу гана алып жүрөт. Залкар инсандын урматына жатак мектептин аймагында залкардын эстелиги дагы орнотулган. Абдан маанилүү иш-чаралар дул ушул аянтта гана өткөрүлүп келатат…






Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
16.02.2026 / Автор anarkan_kg ҮЧ МИНИСТР КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ
-
26.02.2026 / Автор anarkan_kg ЧЕК АРАЧЫЛАРДЫН ЖҮЗ ҮЙ-БҮЛӨСҮ ЖАҢЫ КОНУШКА КӨЧҮП КИРИШТИ
-
10.03.2026 / Автор anarkan_kg БАЗАР-КОРГОН ШААРЫНДА “МУАЙ ТАЙ” СПОРТТУК КЛУБУНУН АЧЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.