Аймак

Сүйүнбай ЫСАКОВ: “КАРА-СУУНУН МУГАЛИМДЕРИНИН 90 ПАЙЫЗЫ – АЯЛДАР!”

Сүйүнбай ЫСАКОВ: “КАРА-СУУНУН МУГАЛИМДЕРИНИН 90 ПАЙЫЗЫ – АЯЛДАР!”

 3 Бардыгы /

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Адыл Султанов атындагы орто мектебинин окуучулары өз ара мушташып, мунун кесепетинен бирөөсү акырында жарык дүйнө менен биротоло кош айтышты. Дал ушул жосунсуз жоруктан соң райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акбермет Толтоева жана аталган агартуу мекемесинин жетечилиги бүтүндөй жумушунан кол жуушту. Мунун чоо-жайын Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Сүйүнбай ЫСАКОВдун өзүнөн дагы кененирээк сурамжыладык.

-Сүйүнбай агай, Кара-Суу районундагы Адыл Султанов атындагы орто мектебинин окуучуларынын өз ара чыр-чатагы боюнча Сиз эмне дээр элеңиз?

-Баса, бул жосунсуз жорукка мен шашылыш түрдө юридикалык баа бергенге эч кандай акым жок! Ошондуктан, тергөөнүн купуялуулугун бекем сактаймын. Анткени, аянычтуу кырсыктын негизинде кылмыш иши козголуп, ушул тапта ар тараптуу иликтөө дагыле кызуу жүргүзүлүп жаткан чагы. Эң акырында бул трагедияга сот гана бир жаңсыл жана калыс чекит койооруна үмүттөнөм.!

-Аймактык-административдик реформанын негизинде Сиздердин мектептериңиздер дагы ыраса көбөйгөндүр?

-Жо-жок! Тескерисинче, Кара-Суу районундагы Кызыл- Кыштак жана Төлөйкөн Айыл Өкмөттөрү, ошондой эле Папан Айыл Өкмөтүнүн Жаңы-Маале, Жим, Жийдедик тилкелери, Шарк Айыл Өкмөтүнүн Имам-Ата кыштагы биротоло Ош шаарынын карамагына өткөрүлбөдүбү.

Ошол себептүү мурун биздин районубузда 150 мектеп үзгүлтүксүз иштесе, а азыр булардын 128и гана Аймактык-Административдик реформадан кийин биздин курамыбызда биротоло калтырылды. Кыскасы, катарыбыз калыңдамак түгүл, тескерисинче, кыйла эле азайды десем жаңылышпаймын.

-Биздин баамыбызда, Кара-Суу районунун кайсыл мектебине баш бакпаңыз, аларда жалаң гана аялдар басымдуулук кылат экен?

-Туптуура эле баамдапсыздар. Биздин районубуздун мектептеринде мугалимдердин 7  миң чакты армиясы эмгектенишет. Ал эми булардын дээрлик 90 чакты пайызы – жалаң гана аялдар. Анткени, агартуу тармагына соңку жылдарда жигиттер таптакыр эле жолобой калышпадыбы. Себеби, биринчиден, маяна, чындыгында, абдан эле төмөн! Заман талабын таптакыр канаттандырбайт. Экинчиден, соңку кезде педагогдорду белендеген орто жана жогорку окуу жайларына уландар дагы абдан аз тапшырып жатышат.

-Анан дагы?

-Кара-Суу районунда деле орус тилдүү мектептер бар. Тилекке каршы, буларда дагы орус тили жана адабияты мугалимдери өтө тартыш! Ошентсе дагы, бекем алака түзүп, ЖОЖдор менен өзүбүзчө тыгыз кызматташып, ошондой эле өз ара дагы сүйлөшүп, бул орчундуу маселени бара-бара жайгаруу аракетибиз абдан күч!

-Сүйүнбай мырза, мектеп окуучуларынын ой-чабытынкеңейтүү жана дагы ишке жөндөмдүүлүгүн арттыруу өңүтүндө деги Сиздер канттиңиздер?

-Тээтигил Союз маалындагыдай эле районубуздагы баардык мектептерде түрдүү ийримдер туруктуу иштеп жатат. Класстан ташкары окуучуларыбыз кол өнөрчүлүк, көркөм окуу, чакан театр, спорт менен машыгуу жана чет тилдерин үйрөнүү менен дагы байма-бай алектенишет. Кыскасы, балдарыбыздын  колоктоп дейди жүрүшүнө кымындай убактысы жок!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17