Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
19 Бардыгы / Кыргызстандын Түштүк башкаласында «Жаңы муун – жаркын келечек» аталышындагы шаардык деңгээлдеги ири форум өткөрүлдү. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2022-2028- жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын» жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планынын негизинде гана уюштурулду. – «Жаңы муун – жаркын келечек» форумунун эң негизги эле максаты- […]
20 Бардыгы / Кыргызстандын Түштүк башкаласында «Жаңы муун – жаркын келечек» аталышындагы шаардык деңгээлдеги ири форум өткөрүлдү. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2022-2028- жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын» жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планынын негизинде гана уюштурулду. – «Жаңы муун – жаркын келечек» форумунун эң негизги эле максаты- […]
ЖАҢЫ МУУН – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК!
26.03.2025 / Автор anarkan_kg21 Бардыгы /
Кыргызстандын Түштүк башкаласында «Жаңы муун – жаркын келечек» аталышындагы шаардык деңгээлдеги ири форум өткөрүлдү. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2022-2028- жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын» жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планынын негизинде гана уюштурулду.


– «Жаңы муун – жаркын келечек» форумунун эң негизги эле максаты- өсүп келе жаткан жаш муундарды туура жана так маалымат менен камсыздоо, татыктуу нукта тарбиялоо жана аларды окууга, билимин жана өнөрүн ырааттуу өнүктүрүүгө жана талыкпай иштөөгө үндөө-чакыруу, аларга өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу көрсөтүү жана ийгиликтүү максаттарга жетүү үчүн тынымсыз шыктандырып, насаатчылыкка жарай турган ийгиликтүү адамдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк гана жаратуу, – деди Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев.
Хусанбай АБУБАКИР уулу, Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы мектеп-гимназиянын 9-А-классынын окуучусу:


– Биз бул Форумда мектеп маселелерин ачык-айкын жана кенен-чонон талкууладык.Албетте, биз өзүбүздүн көйгөйлөрүбүздү өзүбүз коомчулуктун жардамы аркасында гана шыр жана биротоло жайгарууга мүмкүнчүлүк түзүп олтурат. Менимче, биз мындай иш-чараларды өткөрүүнү салтка гана айландыруубуз абзел!
Зебо ТАЖИБАЕВА, Ош шаарындагы Киров атындагы орто мектебинин 11-В-классынын окуучусу:


– Жашырып не. Соңку жылдарда окуучулар арасындагы рэкетчилик жана башка кылмыштар дээрлик тыйылган жок! А түгүл эселектердин үрөй учурган өлүмү дагыле көбүрөөк катталууда. Форумда булардын баары тең кыдырата козголуп, алардан арылуунун жол-жоболорун бетме-бет талкууладык. Албетте, мындан ары сөздөн- баарыбыз тең ишке гана тегиз өткөнүбүз оң!
«ЖАҢЫ МУУН – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК» жаштар Форумуна катышкан психолог Динара ТАБЫШПАЕВА кыскача буларга токтолду.
– Соңку тапта Соцтармак жана Инстаграм ыраса активдешти. Биз буларды дагы ыгы менен жана жаштардын пайдасына гана пайдалануубуз кажет!Бул өңүттө Казакстан блогерлеринен өрнөк алууга тийишпиз! Дегеним алар өз поблемаларынөздөрү байма-бай көтөрүп, бийликтин жардамы аркасында көйгөйлөрүнөн бара-бара арылуу аракетин ыраса күчөтүштү. Биз деле ушинтпейлиби, ыя?!? , – деп чырылдады психолог Динара ТАБЫШПАЕВА.
Садык НЫШАНБАЙ уулу, тамашочу:


– Ар кимде бар ар кыял, аны деги ким тыяр? Курбуларым. Адамда талант-шык 1 гана пайызды түзөт. Ал эми калганы – 99 пайызы пенденин андан аркы аракетинен түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан, аракетчилдигиңерден таптакыр жазбагыла? Анан дагы суранаарым: маңзаткка эч азгырылбагылачы, айланайындар?!? Шоруңар шорподой кайнайт, эй!
Баса, Кыргызстандын Түштүк башкаласындагы «ЖАҢЫ МУУН – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК» аталышындагы форумга Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, ошондой эле Ош шаарындагы мектептердин ми ге чукул окуучулары дагы катышышты. Маанилүү иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаар мэриясынын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, белгилүү спортчулар жана маданият кызматкерлери өздөрүнүн жетишкендиктери менен дагы тең бөлүшүп, ири ийгиликке жетүүнүн жолдору туурасында кеңири ой-пикир алышып, турмушта өзүнө ишенүүнүн маанисин жана терс көрүнүштөрдөн алыс болуу керектигин баса белгилешти. Форумдун жүрүшүндө конокторго укук бузууларды алдын алуу боюнча кыска метраждуу көркөм тасмалар жана бир катар интерактивдүү оюндар дагы үстөккө-босток уюштурулуп, сахналаштырылган чыгармалар дагы коюлду. Мындай Форум эми Жалал-Абад жергесинде өз ишин улантат.






Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛЕТ
-
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg Улуу Жеништин 80 жылдыгына ТЕҢ УКУКТУБУЗ!
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.