Аймак

БЫЙЫЛ ОШ ШААРЫНА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТЕН 2 МИЛЛИАРД СОМ АЖЫРАТЫЛДЫ

БЫЙЫЛ ОШ ШААРЫНА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТЕН 2 МИЛЛИАРД СОМ АЖЫРАТЫЛДЫ

 3 Бардыгы /

Быйыл Ош шаарынын бюджетине республикалык бюджеттен 2 миллиард сом өзүнчө ажыратылды. Ушуга улай Ош облусунун жолдорун оңдогонго дагы дээрлик 4 миллиард сом бөлүнүп олтурат. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Ош жергесине жасаган сапарынын учурунда  шардана кылды.

– Ош шаарына ажыратылган акчаларга калаанын 11 көчөсү капиталдык жактан бүтүндөй ремонттолот. Мунун ичинде тротурлар жана жашыл аймактар дагы бар. Мындан тышкары эскирген техникалардын ордуна дээрлик заманбап бүтүндөй каражаттар сатылып алынат, – деп кошумчалады президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, ал эми республикалык бюджеттен Ош облусуна бөлүнгөн 4 миллиард сом стратегиялык Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа, Ноокат – Кызыл-Кыя, Ош – Баткен – Раззаков, ошондой эле Ош – Кара-Суу автоунаа жолдорун сапаттуу оңдоп-түзөгөнгө дагы сарпталат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17