Аймак

АЛИШЕР НАВОИ МЕКТЕБИН БҮТҮРГӨНДӨР ДҮЙНӨНҮН ЧАР ТАРАБЫНДА БИЛИМИН ӨРКҮНДӨТҮП ЖАТЫШАТ

АЛИШЕР НАВОИ МЕКТЕБИН БҮТҮРГӨНДӨР ДҮЙНӨНҮН ЧАР ТАРАБЫНДА БИЛИМИН ӨРКҮНДӨТҮП ЖАТЫШАТ

 3 Бардыгы /

Ушул тапта Чыңгызханга окшоп Дүйнө жүзүн кылыч жана согуш менен эмес жалаң билим аркылуу деле багындыра турган кез келди. Муну Ош облусуна караштуу Араван районундагы №3-Алишер НАВОИ орто мектебинин мисалында аңдоо анчалык деле кыйын эмес! Анткени, аталган агартуу журту окуучуларга сабак өтүүнү толук кандуу санариптештирүү жана он-лайн ыкмасына ыкчам жана активдүү ыктады.

          Бегимай МАТКАСЫМОВА, Араван районундагы №3-Алишер НАВОИ орто мектебинин информатика сабагынын мугалими: – Мен 2019-жылы ОшТУнун графикалык дизайн адистигин аяктаганмын. Ал эми кийинчерэк билимимди андан ары өркүндөтүп, ОшМУнун физика жана математика институтунун физикалык колдонмо информатикасы кесибин дагы өздөштүрдүм. Бактыма жараша өмүрлүк жолдошум Чыңгыз Масхаликов дагы – архитектор. Биздин мектебибиз бүтүндөй санариптештирилгендиктен, биз сабактарыбызды дагы көбүнчө он-лайн форматында гана өтүп жаткан чагыбыз.

          Перизат АХУНЖАНОВА, Араван районундагы №3-Алишер НАВОИ орто мектебинин 10-А-классынын окуучусу: – Мектепти бүтүргөнүмдөмен педагогикалык университетке сөзсүз тапшырамын. Буюрса, ЖОЖду бүтүргөндө психолог гана боломун. Анткени, биз ааламдашуу таризине абдан тез аралаштык. Күн сайын стресске кабылып, психологиясы бузулган адамдар уламдан улам арбып баратпайбы. Ошондуктан, коомубуз ар тараптуу жана дагы дасыккан психолог адистерге дагыле муктаж!

           Айтурган АБДЫМАНАПОВА, Араван районундагы №3-Алишер НАВОИ орто мектебинин 10-В-классынын окуучусу: – Биология сабагынан мыктымын. Болочокто гинеколог – доктур болмокчумун. Анткени, акыркы жылдарда аялзатын оорулардын ар түрү тооруп турат. Булардын саламатчылыгы, арийне, ушул тапта өзүнчө гана камкордукка муктаж! Бош убактымда сүрөт тартуу менен дагы алекмин. “Манас таануу” сынагында Ош облусунда биринчи орунду багындырдым. Ушул өңүт мени көптөгөн ийгиликтерге дагыле шыктандарып турат.

          Камолат ВАХИТОВА, Араван районундагы №3-Алишер НАВОИ орто мектебинин 10-Б-классынын окуучусу: – Мен өзү чет тили мугалими болууну кичинемден эңсеп жүрөм. Анткени, Дүйнөлүк цивилизацияга батыл аралашуу үчүн эл аралык тилдерди үйрөнүү зарылчылыгы туулуп олтурат. Эгерде ЖОЖду аяктасам, адегенде китеп фондумду сөзсүз байытам. Анан дагы Кыргызстандын райондорун-шаарларын, мындайча айтканда, булуң-бурчун түрө кыдырып, мекендештеребизди чет тилдерине бекер эле окутам. Себеби, канчалык көп тил билсең, ошончолук байыйсың жана дагы жан дүйнөң ошончолук тазарат…

          Зухра МИРЗАЕВА, Араван районундагы №3-Алишер НАВОИ орто мектебинин башталгыч класстар мугалими: – Билим үзгүлтүккө учуратылышы мүмкүн эмес! Анда, орой айтканда, тирүүнүн өлүгүнө гана айланасың… Мен өзүм деле өмүр бою окуп гана келатамын. Адегенде педагогикалык окуу жайда 1981-жылы билим алгамын. Кийинчерээк жогорку педагогикалык коллежди дагы 1999-жылы бүтүрдүм. Азыр деле билимимди тынбай заман талабына жараша улам өркүндөтүп гана турамын.

          Айнура МАТКАСЫМОВА, Араван районундагы №3-Алишер НАВОИ орто мектебинин Кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмесинин жетекчиси: – Мактангандыкэмес, бирок, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтып коюуга тийишмин. Бизде билим сапаты эң башкы орунда турат. Ошого жараша мектебибизде жалаң мээнеткеч жана тынымсыз изденүү жолундагы эжеке-агайлар гана эмгектенишет. Жыйынтыгы жаман эмес! Бүтүрүүчүлөрүбүз – Аслиддин Пазлидинов жана Азиза Карабаева – Түркияда, Сарвиноз Махаматсадыков – Малайзияда, Фарух Салижанов, Азиза Балтабаева, Саида Моминова – АКШда, Абдуллах Абдулхакимов – Орусияда, Айназик Маткасымова – Кытайда, Сарвиноз Нурматова – Түштүк Кореяда, Мухаммед Фазилов – Германияда жогорку окуу жайларда билимдерин дагыле ырааттуу түрдө ийгиликтүү улантып жатышат. Булар ЖОЖдорду аякташса, Мекенине сөзсүз түрдө кайтышып, Кыргызстандагы эң мыкты адистердин катарын толукташат деген терең ишеничтемин!

           Араван районундагы гана эмес жалпы эле Ош облусундагы абдан үлгүлүү №3-Алишер НАВОИ орто мектебинин директорунун тарбиялык иштер жагынан орун басары Абдукарим КАРАКУЖАЕВди чыгармачыл сапарыбыздын соңунда таап, капыл-тапыл кепке тарттык.

Советтер Союзунун доорунда Кыргызстан жана Өзбекстанулуу империянын – СССРдин эле курамындагы эки бир тууган республика элек. Агезде мамлекет болуп бөлүнүп-жарылмай жок! Мен дал ошондо Ташкен шаапрындагы индустриалдык педегогикалык техникумду гана бүтүргөмүн. “Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей, 1986-жылдан бартып дал ушул мектепте гана эмгектенип келатам. Өмүрлүк жабыйым экөөлөп 6 уул, 2 кыз таптык. Булардан 16 небере көрүп олтурам. Союз маалында атам – биргадир, ал эми апам – үй кожейкеси эле. Өзү биз 11 тууганбыз, жети уул жана төрт кыз, – деди Араван районундагы №3-Алишер НАВОИ орто мектебинин директорунун тарбиялык иштер жагынан орун басары Абдукарим КАРАКУЖАЕВ. – Биздин эмгек жамаатыбыз абдан ынтымактуу. Бири-бирибизге ылдайда – жөлөкпүз, ал эми өйдөдө – өбөкпүз! Жаманчылыгыбызды жашырып, ал эми жакшылыгыбызды чогуу ашырып гана келатабыз.  

          Ош облусуна караштуу Араван районундагы №3-Алишер НАВОИ орто мектебинен алыстаганыбызда, кыргызча ыр-музыка коштогон коңгуроо кагылды. Демек, танапис бүтүп,  кайрадан сабак башталды. Жашоо түгөнбөйт, ал эми окуу мектепте ушинтип кайрадан уланат…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17