Аймак

“АЛТЫН КАЗЫК – ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМДИН МУГАЛИМИ” АТАЛЫШЫНДА МУГАЛИМДЕРДИ СЫЙЛОО АЗЕМИ ӨТТҮ

“АЛТЫН КАЗЫК – ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМДИН МУГАЛИМИ” АТАЛЫШЫНДА МУГАЛИМДЕРДИ СЫЙЛОО АЗЕМИ ӨТТҮ

 3 Бардыгы /

Адамдык касиетин бийик сактап,

Мекендин  оор жүгүн алган кимдер?

Билимин окуучуга тартуулашкан

Ал биздин ак пейилдүү мугалимдер.

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 2025-жылдын  8-октябрында Ш.Жоробекова атындагы маданият үйүндө мугалимдер күнүнө карата “Алтын казык-доор өзгөрткөн билимдин мугалими” аталышында мугалимдерди сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Сыйлоо аземге райондук мамлекеттик администрациясынын башычысы-аким Р.М.Айтбаев катышып, мугалимдерди майрамы менен куттуктап, аларга райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак” грамоталары тапшырылды. Ошондой эле ардагер  мугалимдерге “Ала-Бука районунун ардактуу атуулу” деген наам  ыйгарылып, төш белгилери менен сыйлады. Андан сырткары Ала-Бука Т.Балтагулов, Өрүктү, Ынтымак айыл аймагындагы өкмөт башчылары, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана РЭСКМБ жетекчиси катышып, өз куттуктоолорун мугалимдерге арнап, “Ардак” грамоталарын жана акчалай сыйлыктарын тапшырышты.

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.К.Атаярова жана кесиптик уюмунун төрагасы Алмаз Аширмамбет уулу мугалимдерди куттуктап, аларды  КРдин Агартуу министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилери, КРдин   Агартуу министрлигинин, Жалал-Абад облустук билим берүүнүн усулдук борборунун, Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн, кесиптик уюмунун  “Ардак”  грамоталары менен сыйлады. Өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чаранын  экинчи бөлүгүндө мугалимдерге майрамдык маанай тартуулоо максатында  №2 А.Тураббаев,  №1 Т.Балтагулов атындагы жалпы билим берүүчү мектептеринин жана Д.Шабданов атындагы балдарга билим берүү борборунун мугалимдери жана окуучулары тарабынан концерттик программа уюштурулду.

Бакытбек АКПАРАЛИЕВ, Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17