Аймак

ОШМУ МЕНЕН ЖАМУ СОЦИАЛДЫК ИШ АДИСТИГИНИН БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ЧОГУУ-ЧАРААН ТАЛКУУЛАДЫ

ОШМУ МЕНЕН ЖАМУ СОЦИАЛДЫК ИШ АДИСТИГИНИН БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ЧОГУУ-ЧАРААН ТАЛКУУЛАДЫ

 3 Бардыгы /

Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУда) Индустриалдык-педагогикалык коллеждин педагогика, психология жана социалдык иштер циклдык комиссиясынын окутуучулары менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУнун) Экономикалык-юридикалык коллежинин өкүлдөрүнүн катышуусунда тажрыйба алмашуу жолугушуусу өткөрүлдү.

Аталган иш-чаранын алкагында ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык коллежинин директору Айнагүл Ташматова, социалдык иш предметтик циклдык комиссиясынын башчысы Наргиза Сатымкулова жана окутуучу Айтбү Анарбай кызы социалдык иш адистигинин билим берүү программасын кенен-чонон талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө коңшулаш эки окуу жайдын окутуучулары социалдык иш адистигинин окуу планы, дисциплиналардын мазмуну, студенттердин практикалык даярдыгын уюштуруу маселелери боюнча өз ара пикир алмашты. Ошондой эле социалдык кызмат көрсөтүү мекемелери менен кызматташууну мындан ары кеңейтүү, студенттердин кесиптик компетенцияларын ырааттуу өнүктүрүү, интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонуу маселелери дагы кошо каралды.

Ошентип, ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык коллежинин педагогика, психология жана социалдык иштер циклдык комиссиясынын окутуучулары менен ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык коллежинин өкүлдөрүнүн тажрыйба алмашуу максатындагы өз ара жолугушуусунун соңунда билим берүү Программаларын өркүндөтүү, практикалык окутууну күчөтүү жана окуу жайлар аралык кызматташууну улантуу жана чыңдоо жаатында конкреттүү сунуштар дагы айтылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17