Аймак

Мамлекеттик тилдеги көрнөк- жарнактарды качан туура жазабыз? (фоторепортаж)

 7,043 Бардыгы /

Тил –ар бир улуттун жана мамлекеттин жүзү болуп эсептелет. Тилеке каршы, азыркы учурда, шаардагы көрнөк-жарнактарыбыз эне-тилибизде эмес, орус тилинде жазылып жатканы баарыбызга маалым.Жарнактарды өз тилибизде ката жазгандар да жок эмес. Шаарыбызда бул көйгөйдү чечиш үчүн бир нече рейддер жүргүзүлгөнү менен көйгөй ачык калууда.
Жарнактар эмне себептен туура эмес жазылууда? Биринчиден,мектепте жана окуу жайларда сабатсыз жана билим денгээли төмөн мугалимдердин көбөйүүсү Экинчиден,окуучулардын билимге кызыгуусу азайып, билим деңгээли төмөндөөсү. Ушулардын баардыгы көрнөк-жарнактарды жасаган жарандардын сабатсыздыгына себеп болууда.
Көрнөк-жарнактар кандай болгондо туура жазыларын Областык мамлекеттик тил коммисиясынын адистеринен сураганыбызда мындай деп жооп берди: “Мамлекеттик тил мыйзамы боюнча көрнөк-жарнактар адегенде кыргыз тилинде жазылат. Башка тилде жазылган көрнөк-жарнактар кыргызчасынын астына эки эсе кичине көлөмдө жазылыш керек”.
Кандай болгон күндө да Жалал-Абад шаары биздин жүзүбүз. Улутубуздун жана мамлекеттин жүзү болгон мамлекеттик тилде сабаттуу жазылуусу зарыл.

Айдаана Бакирова, Жалал-Абад шаарындагы №14 мектептин 9-классынын окуучусу, “Жаш журналист” клубунун мүчөсү. Фотосүрөттөр автордуку.

Мамлекеттик  тилдеги  көрнөк- жарнактарды  качан туура жазабыз? (фоторепортаж)
Мамлекеттик  тилдеги  көрнөк- жарнактарды  качан туура жазабыз? (фоторепортаж)
Мамлекеттик  тилдеги  көрнөк- жарнактарды  качан туура жазабыз? (фоторепортаж)
Мамлекеттик  тилдеги  көрнөк- жарнактарды  качан туура жазабыз? (фоторепортаж)
Мамлекеттик  тилдеги  көрнөк- жарнактарды  качан туура жазабыз? (фоторепортаж)
Мамлекеттик  тилдеги  көрнөк- жарнактарды  качан туура жазабыз? (фоторепортаж)
Мамлекеттик  тилдеги  көрнөк- жарнактарды  качан туура жазабыз? (фоторепортаж)
Мамлекеттик  тилдеги  көрнөк- жарнактарды  качан туура жазабыз? (фоторепортаж)
Мамлекеттик  тилдеги  көрнөк- жарнактарды  качан туура жазабыз? (фоторепортаж)

Бул материал жаш журналисттерди даярдаган ЮЗФ Ош коомдук уюмун менен биргеликте ишке ашып жаткан “Этникалык теңчиликти жакшыртуу жана жарандардын катышуусу (PEACE)” долборунун негизинде жарыяланды

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17