Аймак

Эдил Байсалов: “Роза Отунбаеваны мен эч качан кечирбейм, анткени ал революцияны жокко чыгарды”

 2,628 Бардыгы /

Эдил мырза, экинчи революция, мамлекеттик кандуу төңкөрүш дейбизби андан бери 5 жылга жакын убакыт өттү. Ошол күндөн баштап кыргыз бийлиги мамлекеттин келечеги үчүн кандай жолду тандап алганын анализдегенге бул убакыт жетиштүү болсо керек. Сиз да 2010-жылга чейин оппозицияда жүрүп, бийлик алмашканда Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын жанында болдуңуз. Революциянын шарапаты менен келген бийлик ишти эмне менен баштаган?

Баардык суроолор 2005-жылы болгон революцияга барып такалат. Ошол кезде биз дагы жакшы үмүт кылып, жаңы заман келди, акыйкат орноду деп Бакиевди жакшы эле колдоп жүргөнбүз. Бирок, бийликке жеткен адамдар ага чейин элге айткан убадаларын бузуп, кайра эле мурунку үй-бүлөлүк режимге кайтып, өзгөчө кылмыштуу топтор менен кошулганда биз сын айта баштаганбыз. 2007-жылы парламенттик шайлоо болгондо мага “бюллетенди интернетке чыгарып жибердиң” деп кылмыш иши болбогонун билип туруп, атайын бюллетендерди өрттөп салып, чыгымды толугу менен менин мойнума илип койгонго аракет жасаган. Ошондон улам мен башка өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгом. Бул кадамым туура болгон деп эсептейм. Анткени, бул жакта камалып эле жатсам, мени менен чогуу жүргөн пикирлештерим, жолдошторум элдин таламын талашпастан “Эдилди бошоткула, Эдилге тийбегиле!” деген гана сөздү айтып калышмак. Чет өлкөдө эки жарым жыл жашап калсам да, ошол жактан өз сөзүмдү айтып, саясий күрөшүүнү таштаган жокмун. Кээ бир адамдар мени даяр оокатка келди деп айтышы мүмкүн.

Ансыз деле Кубатбек Байболов, Өмүрбек Абдрахманов жана сизди ошентип айтышпадыбы?

Менин ата-энем карып калган. Чет жакта жүргөндө дагы ошолор жөнүндө көп ойлончумун. Мен ошол кезде Гарвард университетине окууга өткөн болчум. Жайында ошол жакка кетишим керек болчу. 7-апрель күнү бул жакка келүү үчүн билет алганы жатсам, баары эле “Бул жакка келбе! Сени өлтүрүп коёт. Бакиевдер кайра келет” деген сөздү айтышкан. Мен 9-апрелде таң атпай учуп келдим. Чынын айтайын мен ата-энем менен учурашканы келгем. Келсем бул жакта баш аламандык өкүм сүрүп туруптур. Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Исаковнага жардам бериш керек болуп калды. Себеби, ал киши менен тыгыз байланышта болуп келгенбиз. 2005-жылдан кийин ошол эле Атамбаев, Бекназаров, Отунбаева, Бабанов болобу баарыбыздын сөзүбүз “Кайсыл жерден жаңылыштык?” деп гезиттерге чыгып, эл чогулган жерде эле баардык сөз ошол темада болуп калбады беле. Чынында 24-марттагы революция эч кандай кан төгүүсүз эле болгон. Ал эми 7-апрелде жетимиштен ашык жигитибиздин каны төгүлүп жатат. Ушундай кан менен келген революциядан кийин чечкиндүү реформалар жүргүзүлүүгө, мамлекетибизди башка нукка бурганга барыш керек деп Убактылуу Өкмөткө кайрылгам. Бирок, Убактылуу Өкмөттүн портфель, кызмат талашып, эски коррупционерлерди жоопкерчиликке тарпастан, аларды кайра жакындатып жана башка өтө туура эмес кадамдарын көрүп 24-марттан кийинкидей эле чоң бурулуш болбой турганына, эл кайра эле алданаарына көзүм жеткен. Ошондо бийликке келгендердин мени таң калтырганы: “мына биз келдик бийликке, революция максатына жетти го” дегендери болду. Жаштар ошол Топчубек Тургуналиев министр болсун деп өлгөнсүп. Отставкадагы капитан Болот Шерди ИИМ министри кылып дайындаганда, милициялар жалпы иш таштоого барышкан. Ошондон улам Маевкада курман болгондор болгон. Болот Шер өзү эле түшүнүп кетпей койгону, министр болом деп көк беттенип олтуруп алганы, Убактылуу бийлик бүтүндөй элдин кызыкчылыгы үчүн тартип, тынчтык орносун дегенге карабай, Болот Шерге жан тартып “Кой, ушуну таарынтып албайлы” дегенине азыркыга чейин түшүнбөйм.

Бир канча аракетим ишке ашпай калгандан кийин, 4-июнь күнү маалымат жыйынын өткөзүп “Нукура элдик революциялык максаттар унутулду. Кадр саясатында кечээ эле КАМАЗ айдап жүргөндөрдү, кумарпоздорду губернатор, аким кылып дайындалып атат. Коррупцияга бөгөт коюлган жок!” деп катуу сындап чыгып кеткем.

Төрайымдын жанында жүргөн киши катары ошондой чындыкты Отунбаеванын өзүнө айта алдыңызбы?

Кээ бир окурмандар ушул маекти окуп олтуруп “кезинде ал кишинин жанында жүрүп, жакшылыгын көрүп, эми жамандап атат” деп айтышы мүмкүн. Ошондуктан мен башында эле айтып коёюн, Роза Исаковна муну өтө жакшы билет. Мен ага “Роза Исаковна жашоо ушуну менен эле бүтүп калбайт. Эртең эле элге кайрылганымда, эл “Ошол учурда килейген кабинетте олтуруп алып эмне иш кылдың?” десе мен эмне деп жооп берем? Мен кыска ойго түшүп алып, бийликтин кумарына азгырылып, эртеңки күндү ойлобогон киши эмесмин. Менин өзүмө таандык жалгыз кана атым бар. Эгер менден ошентип сурап калса эмне деп түшүндүрүп берем? Роза Исаковна, сиздин жөн эле төрайым болуп олтурганыңыз, Атамбаев менен Бекназаров айтышып атканда, же болбосо Бекназаров менен Сариев сөгүшүп жатканда, Сиз төрайым, саясатта жолу улуу эже катары “Алмаз сен бул жакка олтур, Темир сеники туура эмес. Азимбек унчукпа!” деп айталбаганыңызды кантип түшүндүрүп бере алабыз? Азыр Жогорку Кеңеш, Жогорку Сот, Конституциялык сот да жок. Мындай эбегейсиз бийлик Акаевдин да колунда болгон эмес. Кыска эле убакытта өлкөнү өзгөртө турган чечкиндүү жолго түшпөгөнүңуз кандай?” деп айткам. Мен бул сөздү жанында жүргөндө бетине айткам. Кетип калгандан кийин айткан эмесмин. Эгер мага ишенбесеңер Отунбаеванын өзүнөн сурасаңар да болот. Жазуу иретинде дагы “Сиз өтө жакшы кишисиз. “Вы прекрасная тётя” дегем. Бирок сизге тагдыр жана элибиз бийликти алып бергенден кийин, – бул бийликти бекер алган жоксуз. Кан төгүлдү, жаш балдардын каны менен бийликке келдиңиз, ошол канды акташ керек. Сиз төрайым катары ишти алып бара албай атасыз” деп өз пикиримди бир канча жолу айткам. Ал киши мага “Сен эмне эле шашып атасың. Керек болсо сен деле өсүшүң керек…” деген сөздөрдү айтканда, “Мага андайдын кереги жок. Кызмат керек болсо Акаев учурунда эле алмакмын. Чакырганда барбай койдум эле го. 24-марттан кийин менин министр болчу күчүм жок беле? Кан төгүлгөндөн кийин тигил жактан учуп келип, даяр ашка олтуруп алмак белем. Мен төңкөрүштү революцияга айлантууга, өзгөрүү үчүн иштейм. Бул жерде олтуруп алып, кызмат бөлүшкөнгө катышпайм. Роза Исаковна мен кызматты тапшырып кетип жатам. Келечекте, азыр дагы бул иштерге менин эч кандай тийешем жок деп айта алам” дегем. Жеке инсан катары азыр деле Роза Исаковна менен сый мамиледебиз. Бирок, Роза Отунбаеваны саясатчы катары мен эч качан кечирбейм. Анткени, анын революцияны жокко чыгарганы кечиримсиз.

Эми ал аял киши катары алсыз болгондур. Азыр бир тарап революция десе, экинчи тарап мамлекеттик төңкөрүш болду деп жатат. Ошол учурда Отунбаеванын жанында жүргөн эркектер эмне үчүн ачыгын айтып, ага жардам бере алышпады? Кемчилиги ушунда болуп жүрбөсүн?

Саясатта эркек-аял деп бөлгөнгө каршымын. Кээ бир аялдар бар эркектер жасай албаганды жасап коёт. Кээ бир эркектер бар катындан бешбетер. Ошол кезде Отунбаева ар жагынан улуураак, сөзү да өтүмдүү болгон. Лидердик сапаттарын пайдалана алган жок. Ич ара эле чабышып атышты. Аны көрүп аябай таң калдым. “Сиз төрайымсызбы? Же бул жакта олтурган жөн эле караансызбы? Айтпайсызбы?” дегенге, бирисин да кыялбай, мамлекеттик бийликти элдин кызыкчылыганда иштете алган жок. Отунбаеваны мен таза адам катары тааныйм. Билесизби, ошол учурда Роза Исаковна эки жакка чыкканда “Отунбаева президенттик самолёт менен учпай, мындай эле учту. Акчаны үнөмдөдү” деген сөздөрдү айттырышты. Ошондо дагы “7-апрелде окко учкан балдарыбыз президент Отунбаева арзан самолёт менен учсун деп окко учуп өмүрүн кыйышты беле? Ошо менен сыймыктанып, мактанабызбы? Сизден кийин деле президент болот. Ал президенттик самолёт менен учат” бетине айткам. Мына азыркы президенттин учканы эч кимди кызыктырбай эле калбадыбы. Элибиз 1 сомду үнөмдөгөндөн байып кетпейт да. Кеп ошол 1 сомду 1000 сым кылып, элдин жашоосун жакшыртууда! Тилекке каршы элдин ээсинде калаарлык деле иш жасалбаганы факт болуп турат. Эң өкүнүчтүүсү ошол 7-апрелден кийинки кадр башаламандыгы азыркыга чейин кесепетин берип атат. Бийликтин толугу менен аброю кетип, мамлекетибиз өтө алсырап калганында!

Ошондо Убактылуу өкмөт таза, прогрессивдүү компетенттүү адамдарды бириктирүүгө, ортого иштеп кетчү программаны сунуштоонун ордуна жер-жерлерге жана борбордо өздөрүнүн кана кишилерин коё башталганда элдин ишенимин жоготкон.

Өздөрүнүн жаңы кландык топторун даярдай баштаган деп айтабызбы?

Ал клан дагы эмес. Кечээ күнү эле кошулуп калган бандит сөрөйдү Нарындын губернатору кылып дайындашты. Нарындык жердештерим “Мунуңар рекетир экен, госплемстанциянын малын талкалады” деп дагы бир топ фактыларды айтышып, алынышын талап кылышты. Убактылуу өкмөткө муну жумуштан алыш керек десем Текебаев “Жок, Адыл Эсенбеков элдин Баатыры. Бул деген революцияга алып келди” деген. “Революцияны Нарында карапайым нарындыктар жасаган. Бул кечээ күнү эле кошулуп калды. Башка киши калбай калгансып, сабатсыз орой бирөөнү губернатор кылып атканыбыз кылмыш” дегем. Роза Исаковнага “Адыл менен Эдилдин ортосунан Адылды тандап жатсаңыз, мен бул жакта бир мүнөт да калбайм” деп айтканым эсимде. Дагы башка мисал, Кеңешбек Дүйшөбаевди КГБнын төрагасы кылып дайындалганы. “Кеңешбек Дүйшөбаевди биз тааныбайбызбы, билбейбизби? Бизди каматам деп айдап жүргөн Акаевдин ишенген кишиси. Керек болсо 2010-жылы март айында Бакиевдерге барып “Силер хансыңар, падышасыңар. Биз сары багыш элинин башчысыбыз, солтонун кыйыныбыз. Биз менен бөлүшкүлө” деген, эски калдыктарды, трайбалисттерди жетектеп жүргөн кишини силер КГБнын төрагасы кылып кантип дайындайсыңар?” деп аны да айткам. Кадрдык саясат мындай болсо, кайдагы революциялык өзгөрүү болмок эле. Кандай кана жол болбосун, элди унутуп коюшуп, өз кадрларды дайындашкан. Биригүүнүн ордуна ошол жерде үч ажырым бөлүнүшкөн. “Эмки президент ким болот?” деген оюн 7-апрелде эле башталган. Анткени, Отунбаева убактылуу болчу. Аны Текебаев келип “Сиз бир жарым жыл президент болуп туруңуз. Биз сизди референдум кылып бекитип беребиз” деп алдады.

Текебаев бийликти Атамбаев менен бөлүшө албай, куулук кылып, Отунбаеваны түртө салган деп айтылып жүрбөйбү?

Мен айткан үч ажырымдын бир жагы Өмүрбек Текебаев, экинчиси Алмазбек Атамбаев, үчүнчү күч Темир Сариев менен Исмаил Исаковичтер болгон. Азыркы Конституцияны Өмүрбек Текебаев өзү эле жалгыз жазып койгон. Азыр президент Алмазбек Атамбаев “Конституцияны карап чыгыш керек” деп айтып жатпайбы. Албетте айтат. Анткени, Конституция кабыл алынып жатканда Атамбаев келип, аны барактап, бир нерсесин чиймелеп катышканы эсимде жок. Анын баарын Текебаев НПОлорду чакырымыш болуп, маалымат каражаттарына чыгарып, өзү жазган. Ошого катышып жүргөн бир мүчөсү Токтайым Үмөталиева “Биз бекиткен документ эмес” деп кыйкырып жүрөт го. Текебаев Отунбаеваны алдап “сиз президент болуңуз, биз шайлап беребиз” деп атабы. Ага деле Отунбаева макул болуп берди. Өмүрбек Чиркешовичтин кичинекей чагынан бери президент болом деген ою бар да. Алмазбек Атамбаев премьер-министрдин милдетин аткарчу. Ага бийликти толугу менен өткөрүп берди: “Тышкы саясатка чейин сиз чечесиз. Президент бир дагы маселеге катыша албайт” деп ишендирейин деп далай эле аракет кылды Негизги максаты Атамбаевди “Сен премьер-министр болуп каласың. Бийликтин баардыгы сенин колуңда. Президентке кичине эле бийлик калат. Отунбаевадан кийин шайлоого сен барба. Мен эле болоюн. Сен премьер-министр болуп калып, мамлекетти башкар” деп ынандыруу болчу. Конституциянын биринчи тамгасынан баштап акыркы тамгасына чейин ошол максатта: Атамбаевди ишендирип, президенттик шайлоого катыштырбоо үчүн жазган Текебаев. Бирок, ал ишке ашпады. Мына азыр баары урап, талкаланып, министрликтерде, Бишкектин борбордук көчөлөрүндө эле мамлекеттик бийлик болбосо, сыртында эмне болуп атканы, ким бийлеп атат, ким тартипти орнотуп жатат эч ким билбейт. Мамлекетибиз талкаланганы Конституцияда экенинде ким танат?! Бул Конституция иштебейт, жарашпай турганына баарыбыздын эле көзүбүз жетпедиби. Партиялар ушул системада бекемдешет, өздөрү чабак курганды үйрөнүшөт, “көч бара бара түздөлөт” деген Текебаевдин сөзү калп болуп чыкпадыбы. Ошол учурда Владимир Путиндин жеке өкүлү Рушайло келип түптүз эле “Туугандар, биз силерди колдойбуз. Өзүңөрдүн көзүңөр жетип атабы? Бул Конституция иштебейт. Анан кандай болот?” деп айтканы эсимде. Аларда “КМШ өлкөлөрүнүн саммитине президентиңер келеби же премьер-министриңерби?” деген суроо негизги болуп атты. Биздикилер “премьер-министр барат” деген жоопту эле айтышкан. Чынында эле Конституцияга ылайык, бизде тышкы саясатты премьер-министр чечиши керек эле да. Ушул эле фактыдан азыркы Конституция иш жүзүндө аткарылбаганын билип алсак болот. Туура эмес жазылып, туура эмес кабыл алынган Конституцияны оңдошубуз зарыл. Оңдогондо да Конституцияны туура эмес жазган Текебаевсиз оңдошубуз керек. Ал кишинин моралдык укугу жок ооз ачканга! Болбосо, коргобойт беле Конституциясын ал бузулуп атканда акыркы үч жылда.

Убагында Атамбаев деле Конституцияны мактап чыкпады беле?

Президент Атамбаевдин, көбүнчө демократиялык күчтөрбүз деп ойлогон топтордун айткандары жаңылыштык. “Биз муну ыйык тутушубуз керек” дейт. Мамлекетибиз талкаланып, эртең-бүрсүгүнү толугу менен урап баардыгыбызды басып калганы калса, “жок, биз Акаев, Бакиевди туурабайбыз” деген сөздү айтып олтурушат. Өмүрбек Текебаевдин Конституциясы демократияга эч кандай тиешеси жок. Кайрадан элди мамлекеттен жана бийликте алыстатты! Азыркы парламент Акаев жана Бакиевдердин парламенттери менен салыштырмалуу дагы алсыз болуп калганынын себеби Конституцияда!

Ансыз деле бул Конституция иштеген жок деп айттыңыз!

Ооба, башынан эле бузулбадыбы. Азыр мамлекетти премьер-министр башкарып жатабы? Жок. Тышкы саясатты премьер-министр жүргүзүшү керек болчу. Ал тургай президенттин ар кандай иштерин премьер-министр бекитип бериши керек эле. Президент өзү эле чечип атпайбы эч ким менен кеңешпей.

Аида Салянованы сыйлайм. Азыр ал саясий репрессиялардын курмандыгына айланып жатат. Бирок өзүнөн көрсүн! Депутаттардын иммунитеттерин жокко чыгарышты го. Мисалы, Нариман Түлеевди үйүнөн кечинде жоо баскандай алып кетпедиби. Конституциялык принципте депутат болуп туруп бирөөгө кол көтөрүп, өлтүрүп койгон учурда гана иммунитети сактабайт деп белгиленген. Кандай гана депутат болбосун баарына иш табылды го. Ушунун баарына жол ачкан, бийликтин камчысын чапкан Аида Жеңишбековна болуп атпайбы. Парламенттин Конституциялык статусу деле бузулган. Ошондуктан, кол балага айланып атышат.

Жаңы Конституцияны жазыш үчүн Текебаевди аралаштырбаш керек деп жатасыз. Эмне себептен?

Конституция оңдоло турган болуп калса, Текебаевди эшигине да киргизбеш керек.

Ал киши андай мүмкүнчүлүктү коё бербейт да?

Күзүндө шайлоо кодексине аралаштырбаш керек деп да айткам. Ал киши бул жагынан тигил жагынан бурмалап, эрежелерди ар кандай кылып жатпайбы.

Өзүнүн кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан жогору коёт да…

Албетте. Баардык жасаган кадамы өзүнүн кана кызыкчылыгында, эл экинчи планда экенин өзү да танбайт. Качан зыяндуулугун тушунөбүз? Бир догдурга бир барабыз, эки барабыз. Ден-соолугубуз бузулуп өлгөнгө аз калдык. Кайра-кайра ошол Текебаев деген догдурга бара беребизби? Ошол Кыргызстанды көп жылдар бою талкалаган Өмүрбек деген догдурга сага ишенбейбиз, көзүң жетпейт деп айтканга убакыт келгенин элибиз качан айтат?!

Ошол догдур жыйырма жылга чейин алмаштырганга болбойт деп айтып жатпайбы?

Бузуунун бир эле жолу бар. Ал референдум. Туура, өздөрү буза албайт. Жогорку Кеңеш бир канча беренелерге өзгөртүүлөрдү кабыл ала албайт. Менин оюмча келе жаткан шайлоого чейин өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Текебаевдин менчик Конституциясы менен жаңы коом кура албайбыз.

Сөз болуп жаткан Конституция мыйзамдуу жол менен кабыл алынганбы? Кептин баары ушунда болуп жүрбөсүн. Анткени, ошол учурда мамлекеттин Ош аймагында тополоң болуп атпады беле?

Ошондуктан мен айтып жатпаймынбы. Анын эмнеси ыйык? Көп кишилер президенттик башкарууга өтүшүбүз керек деп айтып жатышат. Демократия дегенде көпчүлүк түкүрүп калышпадыбы. Демократия дей берип ушуга келдик. Мен муну дайыма айтып келем: биз бир да күн демократияда жашай элекпиз. Бүгүнкүнү охлократия десек болот. Кимиси катуураак кыйкырса эле ошонуку чын болуп чыгып атат. Бул демократия эмес. Бирөө чыгып кыйкырса эле ошого жармаша бергендин өзү бийлик деген статуска жарабайт. Парламенттик демократия экенибиз өзүнчө эле анекдот. Конституцияда жазылып тургандар парламенттик демократияны түзгөнгө эч кандай шарт камсыз кылган жок. Мүмкүн, Парламент жаңы шайланып келгенде парламенттик системага окшогонбуз. Фракциялар бири-бири менен тең ата сүйлөшкөн кезде. Азыр андай жок. Мисалы, Жантөрө Сатыбалдиев кайсыл жерден премьер-министр болуп келип атат. Ал кайсыл элдин ишенимине ээ болуп, добушун топтоп келди? Кайсыл партия дайындап жатат? Ким азыр Сатыбалдиевдин өкмөтү үчүн жоопкерчиликти мойнуна алган? Эч кимиси албайт? Керек болсо Жантөрө Сатыбалдиевди ишке алып келген, жалдаган Текебаев, Турсунбеков, Кулов премьер-министр кетээр замат, аны менен иштеген адамдарды жоопкерчиликке тартып, иштен алыш керек деп чыгышпадыбы. Аларды жумуштан ким алат? Өздөрү саясий жоопкерчиликти алышпайбы? Жоомарт Оторбаевдин компетентсиздиги, иш кагаздарын билбегендиги, эч кандай иш алып барбагандыгы үчүн ким жооп берет? Өкмөт мүчөлөрү жалаң гана депутаттардан түзүлөт да ошол эле учурда алар депутат болуп кала беришет деген норманы Конституцияга киргизүү зарыл. Бул Улуу Британияда, Швецияда, Канадада, Францияда иштеп жатат. Мисалы, Бабанов Өкмөт башчы, Акылбек Жапаров каржы министри дагы бир канча депутаттар ар кайсыл министрликтерди жетектеди. Аларды көпчүлүк бекитип берген. Ошондо гана Өкмөт парламенттик институт болуп, мыйзам долбоорлорун жалаң гана Өкмөт сунуш кылып калмак. Азыр көчөдөгү камокто олтурган кыздар партиялык тизме менен депутат болуп келишкендер легендарлуу парламенттин пафосу менен сүйлөбөй, олтуруп калышмак. Өкмөт менен парламент бир иштеп калып, парламенттик демократия ошондо орномок. Көпчүлүк коалициянын ишенимин актай албаган соң, алар кайра депутат болуп олтуруп калмак. Азыркы парламентти 2010-жылы октябрда эл ишенимине ээ болуп шайланган деп айтууга болобу? Болбойт. Анткени, 2010-жылы элибиз өз добуштарын А. Келдибеков, А. Атамбаев, Н. Түлеев, С. Жапаров, А. Жапаров, Ө. Бабанов, К. Ташиев сыяктууларга бербеди беле. Ал адамдар азыр Жогорку Кеңеште жок. Муну дагы төңкөрүш десек болот.

Ошол кезде “Ата-Мекен” партиясы парламентке өтпөй калганын, аны Роза Отунбаева кулагынан чоюп, “Бакиевди кетирген Текебаев эмне үчүн өтпөй калышы керек?” деп алып келген деген сөздөр айтылбады беле. Чындыгы барбы?

Ал кезде мен бийликте эмес болчум. Бирок, “Ата-Мекен” шайлоонун жыйынтыгына шок болушкан. КСДП шайлоо компаниясын кеч баштабады беле. Текебаевдер мындай катуу кетсек 90 мандатты алып коюшубуз мүмкүн деп, Конституцияга өзүбүздү 65 менен чектейбиз дешкен. Бешинчи болуп Жогорку Кеңешке киргени деле аларга катуу тийген. “Бүтүн Кыргызстандын” добушу жетпей, Мадумаровду Жогорку Кеңешке киргизбей коюу оюну балким болгондур. Балким, айтылган сөз чын болушу мүмкүн.

Азыр эл арасында, парламенттин ичинде дагы Атамбаевдин мамлекетти башкара албай жатканы айтылууда. Башында Сиз Отунбаева тууралуу айтпадыңызбы, азыр да ошол окуя кайталанып жаткандай. Жыл аягында президент журналисттер менен жолукканда “Коңшулар газ бербесе бербесин. Биз аларга чөгөлөбөйбүз!” деген катуу сөздү айткан. Андан бир аз убакыттан кийин эле Ошко газ келди. Бул бизде дипломатиянын жоктугубу же президент мамлекетти башкарбай жатканынын белгисиби?

13-кылымда Ибн Таймия деген “эффективсиз башчынын бир түнүнөн акыйкатсыз башкаруучунун 60 жылы жакшы” деп айтыптыр. Мен 2-3 жыл мурун Алмазбек Атамбаев бийликтин тизгиндерин бекемдеп, тартипке келтирип, интригаларды тыйып, кандайдыр бир чараларды көрө баштаганда бийликтин консолидациясы туура жолго түштү деп айттым эле. Азыр биз Тажикстандан артта калдык. Азиядагы башка өлкөлөрдү айтпай эле коёюн. Казакстандан 50 жылга артта калдык. Күчтүү бийлик болуп, алдыга сонун программаны коюп, динамика менен өссөк деген ой ишке ашпады. Бийликтин баарын топтогону топтоду, бирок аны башкарган жок. Бүгүн президент баарын “ручной” башкарууга алып келди. Азыркы премьер-министр өзү бир дагы чечим кабыл ала албайт. Өкмөттү башкарып туруп кадрдык саясатты мындай кой, бир сомдук маселени өзү чечпейт. Ал Атамбаевдин өзүнө да чалбайт. Кеңешчилерине, тигиге-буга чалып атып, ошону менен маселе айлап-жылдап жүрүп чечилбей кала берет.

Азыркы Өкмөт башчыны эл арасында Текебаевдин кол алдындагы премьер-министр деп айтып жүрүшпөйбү?

Текебаевдин кол алдындагы премьер-министр болсо дагы мейли го. Азыр бийлик кимдин колунда экени дайынсыз, белгисиз. Азыр Алмазбек Атамбаев бийликти колуна топтогону менен башкарган жери жок. Бул ачуу болсо да чындык.

Аныңыз туура. Бирок, “Кудай колдойт” деген менен элдин курсагы тойбойт да. Азыр эл президенттердин учурундагы жашоосун салыштырып калды. Эң жаман деген Бакиевдин учурунда бир мүшөк ун 700 сом эле, азыр 1500 сомго чыкты дешүүдө. Бензин кымбаттап, сомдун куну кетти. Президент айткандай “кетишиме мынча күн калды” деп күн санап олтурган менен жашоо өзгөрбөйт экен да…

Туура, чынында “Кудай колдойт” деген менен курсак тойбойт. Атамбаев “Бийлик менин колумда эмес, парламентте. Парламенттик система. Конституцияда ошондой жазылып турат” деп айтат. Ал киши КСДПнын жетекчиси. Ага бир дагы оппонент жок. Бийлик бир кишинин колуна топтолгону ачык факт. Аны эч ким тана албайт. Мамлекет башчынын Конституциялык антында “Мен элдин курсагын тойгузам” деп жазылган жери жок. Анда “Мамлекеттүүлүктү көз карегимдей сактайм” деп жазылат. Биз азыр эгемендүүбүзбү, көз карандысыз мамлекетпизби? Бүгүн кайсыл жерден кимге көз каранды болуп калганыбыз ачык эле көрүнүп калып жатпайбы. Жолубуз баардык жагынан буулуп, тупикте калганын баарыбыз эле билебиз. Бирок, коңшу Кытайга 20 жылдан бери эмне үчүн жол ачалбай жатабыз? Анткени, буга Россия менен Казакстан кызыкдар эмес, каршы. Бул жактан кыска жол ачылып калса, жүктүн баары биздин жол менен өтүп кетип жатпайбы. Темир жол салынса “дядя Ванялардын” көзүн карабай, жылына 200-300 млн доллар ушул жерден түшүп жатса, товарларыбыз ошол жол аркылуу океандан ары чыгып калса жаман болот беле. Өзбекстан менен болгон саясат толугу менен туура эмес. Кыргызда “Алыскы туугандан жакынкы коңшу жакшы” деген сөз бар эмеспи. Биз эмне коңшу болбой көчүп кетебизби? Өзбекстандын президенти Ислам Абдуганиевич менен тил табыша албасак, ким менен тил табыша алабыз? 2013-жылы биздин Өкмөт Кара-Балтадагы кытайлар курган нефтини кайра иштетчү заводун ишке кирет деп айткан. Азыркы күнгө чейин завод ишке кирбей турат. Ким аны саботаж кылып жатат? Башка мамлекеттин чалгындоо күчтөрү. Заводду атайын иштетпеш керек. Себеби, биз жылына 300-400 млн долларга башка элдин бензинин сатып алуудабыз. Бул саясий гана эмес финансылык жактан да көз каранды болуп жатканыбызга мисал. Дүйнөдө нефть арзандап жатса, бизде 2-3 сомго араң арзандады. Ошого сүйүнүп олтурабыз. Мейли, “Газпром” азыр монополист дейли. Бирок, “БНКны” Азербайжандын “СОКАР” компаниясына сатып койсок болбойт беле? Атаандашуу болуп, бензиндин баасы арзандамак да. Кыргыздын көз карандысыздыгын сактаган, кыргыз элинин кызыкчылыгын коргой турган адам “Баарын бир мамлекетке бербестен, бирин Азербайжанга, болбосо Кытайга берип коёлу” десе болмок. Керек болсо алар кымбатыраак сатып алмак. Борбордук Азияда эмес, Борбордук Америкада Кытай миллиарддаган инвестицияны жумшоодо. Башкасын айтпай эле коёюн, эки жыл мурун ШОС саммити бизде өткөндө Си Цзиньпин Казакстанга келип, 30 миллиарддаган келишимдерге кол койгон. Аны менен Нурсултан Абишевич Астанада бетме-бет 5 саат сүйлөшүп, андан кийин Алма-Атага алып келди. Ташкентке барганда Ислам Абдуганиевич 5-6 саат сүйлөшүп, Самаркандга алып барып коноктоп, ал жерден 25-30 миллиарддаган келишимдерге кол коюшкан. Саммит өтчү бизге келип Кытай бийлиги “Хаят” мейманканасына барып жатып алды. Биздин бийлик Путин келе жатат деп алаксып, Өкмөт башчыбыз, Жогорку Кеңештин төрагасы кытай лидери менен “Хаятга” барып учурашты. Алмазбек Атамбаев болсо бир саатта эле протоколдук маселелерди сүйлөп, жолугушу кечки тамак менен уланды. Ошондо дагы кытайлар бизди өнүксүн деп Түркмөнстандан тартылып келе жаткан газ түтүктөрүн биз аркылуу өткөрүп жатат. Биздин бийлик болсо “Бажы биримдиги, ЕАЭС, булар ГЭС салып берет экен” деп алаксып жатат. ГЭС салуу үчүн Россия трубиналарды Кытайдан алып келүүдө. Кытай менен мамиле түзө албаганыбыздын өзү негизги катачылыгыбыз. Өзбектерге өчөшүп азыркы бийлик темир жолду салдырбай жатат. Мен Атамбаевдин жардамчысы Сапар Исаковго “Азаттыктан” да, бер жактан да чыктым. Эмне үчүн силер ошол темир жолду салбай жатасыңар десек? “Алар биздин темир жолдорубузду бууп салбады беле. Газ бербей койбодубу” дейт. Темир жол салынса биз деле бууп салчу рычакка ээ болот элек да. Өчөшүп салбайт экен. Нарындан Жалал-Абадга темир жол салынса жаманбы? Эми тажиктерге да темир жол керек болуп, Алайдагы газ түтүкчөлөрүнүн жанына темир жол салынууда. Биздин бийлик ошого макулдугун берип жатат. Бул катачылыкпы же чыккынчылыкпы? Ошондуктан азыр ички саясатыбыз да, тышкы саясатыбыз да кимдин колунда экени белгисиз.

Биз канчалык жашырган күндө деле Атамбаевдерди Россиянын бийлиги бийликке алып келген деген маалыматтар бар. Ошондон улам алардын тилинен чыга албай, Ак үйдү Кремль башкарып жатат деген сөздөр айтылууда. “Кыргызгазды” орустардын компаниясына бир долларга беришти. Нарын дарыясы, ал жерге курулуучу ГЭСтер орустардын колунда калып жатат…

Сиз эки жолу революцияны көрдүңүз. Ортодон Чокчолой баатырлар чыга калып революция 50 миң доллар менен болуптур, мен 500 миң доллар берип, элди көчөгө алып чыгам деген окуяларды деле көрбөдүкпү. Революция эч кандай акча менен чечилбейт. Аны эл гана жасайт. Россиянын планы боюнча 2010-жылы КСДП менен “Ата-Мекен” парламентте азчылыкта калмак. Ал максатына жетишишти. Ал үчүн башкаларга моралдык, материалдык жардам көрсөтүштү. Айрыкча “Ар-намысты” Медведев өзү кабыл алган. Күзүндө Кулов премьер-министр болуп дайындалмак. Текебаевдин Конституциясы боюнча эбегейсиз бийлик Куловдун колуна тиймек. План боюнча ошондой болгон. Ошого каршы чыккан жалгыз Өмүрбек Бабанов. Ал Россиянын планын бузган.

Кантип бузган?

Мен муну жакшы билем. Бабановго кандай гана басым болгон эмес. Ал “жок, мындай коалицияга барбайм” деген. Аягында “Ома, тогды ты будь премьер-министром” деп премьер-министр болуусун айтып, “Ата Журт” менен “Ар-намысты” көндүрөрүн да айтышкан. Ага да макул болбой, Атамбаевди “Сиз премьер-министр болуп бериңиз…” деп колдоп берген. Атамбаев “Өмүке, мен премьер-министр, сен биринчи вице-премьер-министр болдуң. Мен президенттикке кетем. Сен премьер-министр болосуң. 2015-жылга чейин сени колдоп берем” деп айткан.

Эмне үчүн президент ошол сөзүнө турбай коюп жатат?

2010-жылы Кремлдин ишенимине Өмүрбек Бабанов ээ болчу. Атамбаев ишенимде эмес эле. Атамбаевди биринчи этабы менен бийликтен ажыратып, эртеси түрмөгө чейин олтургузуу Кремлдин планы болгон. Бабанов Кремлдин айтканына макул болбогондон кийин ага каршы Россия иштей баштады. Атамбаев менен Москвага барган сайын “Силердин премьериңер начар. Ал кишини сиз дагы жаман көрөсүз. Ал иштей албай жатат” деп айта беришти. Бабановду Россияга чакырбай коюшкан. Анткени, ага “сен өкүнөсүң” деп эскертишкен.

Эмне үчүн анда Бабанов Текебаев менен тирешкенге чейин барды?

Текебаевдин планы кайра эле өзүнүн жеке кызыкчылыгы. Ал мамлекеттин жыргалчылыгын эске албастан, президент болом деген кыялы. Текебаев көрдү, кийинки президент болууга кимдин мүмкүнчүлүгү бар экенин. Ал премьер-министр Бабанов. Ошондуктан интригаларды чыгарып, иштеттирбей, кызматтан кетирди. Анын планы боюнча Бабановду каматканга чейин алып бармак. Кийинки келген Сатыбалдиевди кетирери белгилүү болуп калган. Себеби, Сатыбалдиев туруктуу иштеп, экономиканы көтөрсө, элдин ишенимине ээ болуп калса, кийинки президент ошол болуп калууга мүмкүн болгон. Аны кетиргенден кийин да “Мен каматам” деп жүрдү. Мен ошондо дагы Өмүрбек Чиркешович “Сиз эмне үчүн мындай кылып жатасыз? Сиз кечээ күнү эле Бабановду кетирип, Сатыбалдиевди дайындабадыңыз беле?” деп айткам. Бул киши шахматчы. Саясаттагы мыкты оюнчу. Шахмат менен саясатты ойноодо кумары болот. Ал кишиде жоопкерчилик жок. Эл эмне болду, экономикабыз өсүп атабы, улуттун кызыкчылыгыбыз бекемделдиби муну Текебаев ойлобойт. Атаандашын гана тизеге чаап туруш керек. Ким Келдибековду каматтырып жатат? Атамбаевби? Жок, Текебаев. Ким Камчыбек Ташиевди айдап жатат? Атамбаев эмес, Текебаев. Негизги максат кийинки шайлоодо өзү үчүн атаандаштарын каматып, саясий аренадан жок кылып жолду тазалоо. Ал мамлекетти эмес, өзүн көбүрөөк сүйөт.

Булак: Жаңы Ордо

2007-жылы парламенттик шайлоо болгондо мага “бюллетенди интернетке чыгарып жибердиң” деп кылмыш иши болбогонун билип туруп, атайын бюллетендерди өрттөп салып, чыгымды толугу менен менин мойнума илип койгонго аракет жасаган. Ошондон улам мен башка өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгом. Бул кадамым туура болгон деп эсептейм. Анткени, бул жакта камалып эле жатсам, мени менен чогуу жүргөн пикирлештерим, жолдошторум элдин таламын талашпастан “Эдилди бошоткула, Эдилге тийбегиле!” деген гана сөздү айтып калышмак. Чет өлкөдө эки жарым жыл жашап калсам да, ошол жактан өз сөзүмдү айтып, саясий күрөшүүнү таштаган жокмун. Кээ бир адамдар мени даяр оокатка келди деп айтышы мүмкүн.

Ансыз деле Кубатбек Байболов, Өмүрбек Абдрахманов жана сизди ошентип айтышпадыбы?

Менин ата-энем карып калган. Чет жакта жүргөндө дагы ошолор жөнүндө көп ойлончумун. Мен ошол кезде Гарвард университетине окууга өткөн болчум. Жайында ошол жакка кетишим керек болчу. 7-апрель күнү бул жакка келүү үчүн билет алганы жатсам, баары эле “Бул жакка келбе! Сени өлтүрүп коёт. Бакиевдер кайра келет” деген сөздү айтышкан. Мен 9-апрелде таң атпай учуп келдим. Чынын айтайын мен ата-энем менен учурашканы келгем. Келсем бул жакта баш аламандык өкүм сүрүп туруптур. Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Исаковнага жардам бериш керек болуп калды. Себеби, ал киши менен тыгыз байланышта болуп келгенбиз. 2005-жылдан кийин ошол эле Атамбаев, Бекназаров, Отунбаева, Бабанов болобу баарыбыздын сөзүбүз “Кайсыл жерден жаңылыштык?” деп гезиттерге чыгып, эл чогулган жерде эле баардык сөз ошол темада болуп калбады беле. Чынында 24-марттагы революция эч кандай кан төгүүсүз эле болгон. Ал эми 7-апрелде жетимиштен ашык жигитибиздин каны төгүлүп жатат. Ушундай кан менен келген революциядан кийин чечкиндүү реформалар жүргүзүлүүгө, мамлекетибизди башка нукка бурганга барыш керек деп Убактылуу Өкмөткө кайрылгам. Бирок, Убактылуу Өкмөттүн портфель, кызмат талашып, эски коррупционерлерди жоопкерчиликке тарпастан, аларды кайра жакындатып жана башка өтө туура эмес кадамдарын көрүп 24-марттан кийинкидей эле чоң бурулуш болбой турганына, эл кайра эле алданаарына көзүм жеткен. Ошондо бийликке келгендердин мени таң калтырганы: “мына биз келдик бийликке, революция максатына жетти го” дегендери болду. Жаштар ошол Топчубек Тургуналиев министр болсун деп өлгөнсүп. Отставкадагы капитан Болот Шерди ИИМ министри кылып дайындаганда, милициялар жалпы иш таштоого барышкан. Ошондон улам Маевкада курман болгондор болгон. Болот Шер өзү эле түшүнүп кетпей койгону, министр болом деп көк беттенип олтуруп алганы, Убактылуу бийлик бүтүндөй элдин кызыкчылыгы үчүн тартип, тынчтык орносун дегенге карабай, Болот Шерге жан тартып “Кой, ушуну таарынтып албайлы” дегенине азыркыга чейин түшүнбөйм.

Бир канча аракетим ишке ашпай калгандан кийин, 4-июнь күнү маалымат жыйынын өткөзүп “Нукура элдик революциялык максаттар унутулду. Кадр саясатында кечээ эле КАМАЗ айдап жүргөндөрдү, кумарпоздорду губернатор, аким кылып дайындалып атат. Коррупцияга бөгөт коюлган жок!” деп катуу сындап чыгып кеткем.

Төрайымдын жанында жүргөн киши катары ошондой чындыкты Отунбаеванын өзүнө айта алдыңызбы?

Кээ бир окурмандар ушул маекти окуп олтуруп “кезинде ал кишинин жанында жүрүп, жакшылыгын көрүп, эми жамандап атат” деп айтышы мүмкүн. Ошондуктан мен башында эле айтып коёюн, Роза Исаковна муну өтө жакшы билет. Мен ага “Роза Исаковна жашоо ушуну менен эле бүтүп калбайт. Эртең эле элге кайрылганымда, эл “Ошол учурда килейген кабинетте олтуруп алып эмне иш кылдың?” десе мен эмне деп жооп берем? Мен кыска ойго түшүп алып, бийликтин кумарына азгырылып, эртеңки күндү ойлобогон киши эмесмин. Менин өзүмө таандык жалгыз кана атым бар. Эгер менден ошентип сурап калса эмне деп түшүндүрүп берем? Роза Исаковна, сиздин жөн эле төрайым болуп олтурганыңыз, Атамбаев менен Бекназаров айтышып атканда, же болбосо Бекназаров менен Сариев сөгүшүп жатканда, Сиз төрайым, саясатта жолу улуу эже катары “Алмаз сен бул жакка олтур, Темир сеники туура эмес. Азимбек унчукпа!” деп айталбаганыңызды кантип түшүндүрүп бере алабыз? Азыр Жогорку Кеңеш, Жогорку Сот, Конституциялык сот да жок. Мындай эбегейсиз бийлик Акаевдин да колунда болгон эмес. Кыска эле убакытта өлкөнү өзгөртө турган чечкиндүү жолго түшпөгөнүңуз кандай?” деп айткам. Мен бул сөздү жанында жүргөндө бетине айткам. Кетип калгандан кийин айткан эмесмин. Эгер мага ишенбесеңер Отунбаеванын өзүнөн сурасаңар да болот. Жазуу иретинде дагы “Сиз өтө жакшы кишисиз. “Вы прекрасная тётя” дегем. Бирок сизге тагдыр жана элибиз бийликти алып бергенден кийин, – бул бийликти бекер алган жоксуз. Кан төгүлдү, жаш балдардын каны менен бийликке келдиңиз, ошол канды акташ керек. Сиз төрайым катары ишти алып бара албай атасыз” деп өз пикиримди бир канча жолу айткам. Ал киши мага “Сен эмне эле шашып атасың. Керек болсо сен деле өсүшүң керек…” деген сөздөрдү айтканда, “Мага андайдын кереги жок. Кызмат керек болсо Акаев учурунда эле алмакмын. Чакырганда барбай койдум эле го. 24-марттан кийин менин министр болчу күчүм жок беле? Кан төгүлгөндөн кийин тигил жактан учуп келип, даяр ашка олтуруп алмак белем. Мен төңкөрүштү революцияга айлантууга, өзгөрүү үчүн иштейм. Бул жерде олтуруп алып, кызмат бөлүшкөнгө катышпайм. Роза Исаковна мен кызматты тапшырып кетип жатам. Келечекте, азыр дагы бул иштерге менин эч кандай тийешем жок деп айта алам” дегем. Жеке инсан катары азыр деле Роза Исаковна менен сый мамиледебиз. Бирок, Роза Отунбаеваны саясатчы катары мен эч качан кечирбейм. Анткени, анын революцияны жокко чыгарганы кечиримсиз.

Эми ал аял киши катары алсыз болгондур. Азыр бир тарап революция десе, экинчи тарап мамлекеттик төңкөрүш болду деп жатат. Ошол учурда Отунбаеванын жанында жүргөн эркектер эмне үчүн ачыгын айтып, ага жардам бере алышпады? Кемчилиги ушунда болуп жүрбөсүн?

Саясатта эркек-аял деп бөлгөнгө каршымын. Кээ бир аялдар бар эркектер жасай албаганды жасап коёт. Кээ бир эркектер бар катындан бешбетер. Ошол кезде Отунбаева ар жагынан улуураак, сөзү да өтүмдүү болгон. Лидердик сапаттарын пайдалана алган жок. Ич ара эле чабышып атышты. Аны көрүп аябай таң калдым. “Сиз төрайымсызбы? Же бул жакта олтурган жөн эле караансызбы? Айтпайсызбы?” дегенге, бирисин да кыялбай, мамлекеттик бийликти элдин кызыкчылыганда иштете алган жок. Отунбаеваны мен таза адам катары тааныйм. Билесизби, ошол учурда Роза Исаковна эки жакка чы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17