Аймак

Самарбек ШАБДАНОВ, ырчы: «Мен өзүмө окшогон адамдар менен досмун»

 3,929 Бардыгы /

Шоу-бизнес жаатында жүрүп элге таанылган, шаардагы Т. Тыныбеков атындагы филармониянын жана «Нур» тобунун ырчысы Самарбек Шабданов 9-февралда Жалал-Абад элине жеке концертин тартуулоонун алдында турат. Бул тууралуу маалыматты айтуу менен ырчы «Аймак» гезитинин редакциясында конокто болду. Ырчы менен концертке болгон даярдыктары, чыгармачылыктагы жаңылыктары жана кызыктуу окуялары тууралуу маек курдук.

-Самарбек мырза, алгачкы сөздү алдыдагы боло турган концертиңизден баштасак. Даярдыктар кандай жүрүп жатат? Кандай өзгөчөлүктөр менен коштолот?

-Чыгармачылыкта жүргөнүмө билинбегени менен 15 жыл болуп калыптыр. Бул аралыкта бир топ эсте калчу жакшы күндөрүм өттү. Ошонун натыйжасы менен жалпы Жалал-Абад элине «Жалал-Абад сага даңк» деген аталыштагы жеке концертимди берүүнү туура көрдүм. Концертке болгон даярдыктар буйруса жакшы. Ал эми өзгөчөлүгү эки багытта өтөт. Алгачкысы классикалык жанрда ырдасам, кийинки бөлүктө эстрадалык жанрда ырдайм. Албетте бул концертимде мени сахналаш ырчы досторум, ага-эжелерим жана куудул досторум коштошот.

-Сахнада жүргөнүмө 15 жыл болуп калыптыр дебедиңизби. Бул аралыкта кандай өзгөрүүлөр болду?

-Чыгармачылыкка аралаша баштаганымда алгач Кыргыз улуттук консерваториясынын Жалал-Абаддагы филиалынын жеке ырдоо бөлүмүндө окугам. Ага чейин эстрадалык жаатта ырдачумун. Ал менин 15 жыл мурунку абалым болсо азыр эки багытта тең профессионалдуу деңгээлде ырдай алам. Бул аралыкта чыгармачылыкта бир топ эле ийгиликтерге жетиштим.

-Негизи эле чыгармачылыкка кантип аралашып калгансыз?

-Мен өзүм чыгармачыл үй-бүлөдө туулгам. Апам концерт убагында мени музыкалык аспаптардын жанында эмизип уктатып, жаткызып койчу экен. Ошол үчүн чыгармачылыкка төрөлгөнүмдөн эле аралашып жүргөм десем жаңылышпаган болом.

-Чыгармачылыктагы кызыктуу окуяларыңыз менен бөлүшө кетсеңиз.

-Мен бул чөйрөгө жаңыдан аттанган жылдары «Нур» тобу жана «Зор» куудулдар театры менен биргеликте Тажикстанга концерт коюп барып калдык. Тажик эли ушундай меймандос болушат экен барганыбыздан тарта бир жума кой союп күнүнө 3 маал шорпо менен кайнатылган эт тартышат. Эртели кеч эт жеп, шорпо иче берип тажаганыбыздан акыры аларга «этти эле бергилечи, өзүбүз кууруп жейбиз»,-деп сураганыбыз эстен кеткис болгон.

-Кепти жеке жашооңузга бурсак. Үй-бүлөңүз, балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

-Үй-бүлөм тууралуу айтсам, үй-бүлөөлүмүн. Менин жашоомдун маңызы болгон 2 уулум бар. Чоң уулум мектепте окуса, экинчи уулум бала-бакчада мектепке даярданып жаткан кези. Аларга мээримдүү ата, үй-бүлөмдүн башчысымын.

-Турмушта эмнени жеңип, эмнеден жеңилдиңиз?

-Жашоодон жакындарымды жоготууда жеңилдим. Ал эми жеңген нерселерим көп эле болду. Чыгармачылыкта, жеке жашоодо жакшы досторду арттырып, акыл айткан ага-эжелер менен тааныштым. Алар менен жакшы мамиледе, карым-катнаштабыз. Кыскасын айтканда кудайга шүгүр жакшы.

-Кандай адамдардын досу болосуз?

-Өзүмө окшогон, пунктуалдуу, чынчыл, чыныгы адамдык сапаты бар адамдардын досумун. Досторумдун бары жакшы адамдар. Чыгармачылыгымда, жеке жашоодо, турмуштун оор-жеңилинде дайыма жанымда болушат. Ал үчүн жаратканга шүгүрчүлүк келтирем.

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, «Аймак
»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17