Аймак

Жалал-Абадда Экономика жана ишкердик университетинин окутуучулары күч сынашты

 2,308 Бардыгы /

Жалал-Абадда   Экономика  жана ишкердик университетинин  окутуучулары   күч  сынашты
2015-жылдын 26-январында өрүш алган экономика жана ишкердик университетинин профессордук – окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында 22 жылдан бери өтүүчү, салтка айланган байге фонду 100 миң сомду түзгөн спорттук таймаш жыйынтыкталды. Спорттук таймашка төмөндөгү командалар катышышты:
1. Админстративдик башкаруу камандасы (АУП)
2. ЭИУнун бириккен кафедралар командасы (УЭП)
3. Кыргыз түрк-менеджмент факультетинин командасы (МКТИ)
4. Гуманитардык экономикалык колледжинин командасы (ГЭК)
Командалар спорттун волейбол, баскетбол, стол тенниси, гиря көтөрүү, аркан тартышуу, бильярд жана эстафеталык оюндар баюнча таймашышты. Жыйынтыгында оюнда артыкчылгын жана шамдагайлыгын көрсөтүп биринчи орундуАдминстративдик башкаруу камандасы (АУП) багандырып 20 миң сом акчалай сыйлык жана ардак баракчалары, экинчи орунду Гуманитардык экономикалык колледжинин командасы (ГЭК) багындырып 15 миң сом акчалай сыйлык жана ардак баракчалары, үчүнчү орунга ЭИУнун бириккен кафедралар командасы (УЭП) жетишип 10 миң сом акчалай сыйлык жана ардак баракчалары менен сыйланышты. Мындан сырткары командаларга спорттун ар бир түрү боюнча да акчалай сыйлыктар жана ардак баракчалары ыйгарылды. Ошондой эле мыкты оюнчуларга жана спорттун ардагерлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Бул спорттук таймашты уюштургандар ЭИУнун ректораты, “Ден соолук” спорт клубу, Философия жана жалпы билим берүү сабактар кафедрасы болду.

Самат Токтоев-Aymak.kg

Жалал-Абадда   Экономика  жана ишкердик университетинин  окутуучулары   күч  сынаштыЖалал-Абадда   Экономика  жана ишкердик университетинин  окутуучулары   күч  сынашты
Жалал-Абадда   Экономика  жана ишкердик университетинин  окутуучулары   күч  сынашты

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17