Аймак

Таланттуу балдарды таарынтпагыла!.

 3,097 Бардыгы /

Таланттуу балдарды  таарынтпагыла!. Биздин “Жаш журналисттер” клубунуну мүчөлөрү Жалал-Абад шаарындагы таланттуу балдар окуган көркөм-сүрөт жатак мектебинен турмушу, досторубуздун чыгырчылыгы менен танышканы бардык. Алар бизди жылуу кабыл алып жашаган орду, чыгырмачылык өнөрканасы жана таркан чыгармалары менен тааныштырды. Бул мектептин имараты 1928-жылы курулган экен. Тилекке каршы,мектеп имаратынын курулганына 1 кылым болуп калгандыктан,окуучуларга билим алганга толук шарты жок экенин көрдүк. Окуган балдар имараттын эскилиген кыйналып жаткандыгын айтышты. Бирок бул жатак мектепте сүрөтчүлүктү жана скульпторлукту сүйгөн балдар алыскы айылдардан келип жашап окуп жатыптыр. Биз апларга ыраазы болдук. Мектепте абдан таланттуу сурөтчүлөр,скульпторлор билим алып жатканын агайы Аман Досбаев айтып берди .Мени мектептеги жаш сүрөтчү- скульпторлордун жасаган эмгеги кызыктырды. Алардын бирөө менен тааныштым. Аты Токтогул Төрөгелдиев, 15 жашта экен.Жатак мектепте окуганына 1 жыл болуптур. Кичинекей кезинен баштап эле сүрөткө кызыкканын айтты. Көптөгөн иш-чараларга катышкан экен. Мисалы , Бишкек шаарында өткөн “Тың жашоо”,”Айт,айт десе Манас айт”,Барпынын 130 жылдык мааракесине катышканын сыймыктанып айтып берди. Биз талантуу балдарын ишине ийгилик каалап, жетекчилерге “талантуу балдарды таарынтпагыла” деп кайрылгыбыз келди.

Айдаана Бакирова,”Жаш журналисттер” клубунун мүчөсү. (фотосүрөт автордуку)

Таланттуу балдарды  таарынтпагыла!.Таланттуу балдарды  таарынтпагыла!.Таланттуу балдарды  таарынтпагыла!.Таланттуу балдарды  таарынтпагыла!.Таланттуу балдарды  таарынтпагыла!.Таланттуу балдарды  таарынтпагыла!.Таланттуу балдарды  таарынтпагыла!.Таланттуу балдарды  таарынтпагыла!.Таланттуу балдарды  таарынтпагыла!.Таланттуу балдарды  таарынтпагыла!.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17