Аймак

ТАРЫХТА КАЛЧУ МУГАЛИМ

ТАРЫХТА КАЛЧУ МУГАЛИМ

 3,933 Бардыгы /

Маматкулов Абдувахид 1961-жылы 5-октябрда Ала-Бука районуна караштуу Баястан айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Улуту тажик, билими жогорку, Ташкент Мамлекеттик  Университетин бүтүргөн.

Маматкулов Абдувахид Ташкент мамлекеттик университетинин математика факультетин бүтүрүп, өзүнүн эмгек жолун 1984-жылы Баястан айылындагы №12 Хамза атындагы  орто мектебинде математика мугалими болуп иштөө менен баштаган. 1990-жылдан 2003-жылга чейин Хамза атындагы орто мектебинде окуу тарбия иштери боюнча директордун  орун  басары,

2003-жылдан 2013-жылга чейин №12 Абдуганы  Атамов атындагы орто мектебинин директору,  2013-жылдын 18-январынан азыркы күнгө чейин  №12 Абдуганы Атамов атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеп келе жатат.

Маматкулов Абдувахид кичи пейил, өз предметин жана өз ишин жакшы билген, тажрыйбалуу жетекчи жана мугалим. Өзүнүн билим деңгээлин жогорулатуу максатында ар дайым аракеттенет. Жаш муундарга билим берүү багытында көп жылдык тажрыйбага ээ. Анын окуткан окуучулары математика предметинен жыл сайын областтык, республикалык олимпиадаларга катышып байгелүү орундарды ээлеп келүүдө.

2010-жылы׃ 6-класс окуучусу Маматкулов Шахобидин Балдардын Республикалык инженердик – техникалык “Алтын түйүн” академиясынын математикалык олимпиадасында 3-орунду;

      2011-жылы׃ 10- класс окуучусу  Карабаев Саидмурод- областтык олимпиадада 2-орунду;

6-класс окуучусу Маннанов Мирсаид –АКМО республикалык олимпиадасында 4-орунду;

7-класс окуучусу Маматкулов Шахобидин Балдардын Республикалык инженердик – техникалык “Алтын түйүн” академиясынын математикалык олимпиадасында 2-орунду;

6-класс окуучусу Маннанов Мирсаид Балдардын Республикалык инженердик – техникалык “Алтын түйүн” академиясынын математикалык олимпиадасында  2-орунду;

    2012 –жылы׃

11-класс окуучусу Карабаев Саидмурод республикалык олимпиадада 5- орунду;

6-класс окуучусу Абдикадырова Сарвиноз “Алтын түйүн” академиясынын математикалык олимпиадасында  2-орунду;

2013-жылы ׃  6-класс окуучусу Жумабаев Аъзамжон “Алтын түйүн” академиясынын математикалык олимпиадасында  2-орунду;

 2014- жылы ׃

8- класс окуучусу Абдумалик уулу Сирожидин “Алтын түйүн” академиясынын математикалык олимпиадасында  2-орунду;

8- класс окуучусу Алиева Дилзода “Алтын түйүн” академиясынын математикалык олимпиадасында  3-орунду;

      2015-жылы ׃

      10- класс окуучусу Маннанов Мирсаид республикалык олимпиадада 4- орунду;

      2016-жылы ׃

10-класс окуучусу Абдикадырова Сарвиноз областтык олимпиадада 2-орунду;

11-класс окуучусу Маннанов Мирсаид  областтык олимпиадада 2-орунду;

6-класс окуучусу Шодмонов Хуршид “Алтын түйүн” академиясынын математикалык олимпиадасында  2-орунду;

     2017-жылы׃

11-класс окуучусу Мирахмедов Сирожидин республикалык олимпиадада 2-орунду;

7-класс окуучусу Шодмонов Хуршид “Алтын түйүн” академиясынын математикалык олимпиадасында  2-орунду  ээлеген.

Маматкулов Абдувахид жетекчилик учурунда  мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштеп №12 Абдуганы  Атамов орто мектебинин чатырын оңдоо, мектепти окуу мебелдери менен толуктоо жана компьютердик класс уюштуруу сыяктуу долбоорлорду аткарган.

Маматкулов Абдувахид  Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн „Ардак Грамота“сы, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын „Ардак Грамота“сы , Жалал_Абад областтык мамлекеттик администрациясынын „Ардак Грамота“сы , Кыргыз Республикасы Билим берүү министрлигинин „Ардак Грамота“сы, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, балдардын Республикалык инженердик – техникалык “Алтын түйүн” академиясынын „Ардак Грамота“лары менен сыйланган. 2017-жылы Кыргыз Республикасы Президентинин жарлыгы менен  „Кыргыз Республикасына эмгек сиңерген мугалим“ ардактуу наам берилди.

Мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Баязова Дилором Маматкулов Абдувахид жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду׃ Маматкулов Абдувахид  агай – өзү тандаган кесипке урмат менен караган, математика предметин өтө мыкты билген, бул предмет сырларын жаш муундарга бирдей белгилүү даражада жеткиликтүү, түшүнүктүү жеткире алган сыйкырдуу мугалим. Өз кесибине татыктуу инсан. Жаш мугалимдерге мугалимдик кесиптин сырларын үйрөтө алган,талапты коё билген устат, үй- бүлөсүнө чексиз кубаныч тартуулай алган, чечкиндүү мээримдүү ата.

 

Агай эмгек жолун баштаганда мен мектеп окуучусу элем .  Ошондо эле агай жан – дүйнөбүздү тазартып, дайым жамандыкка каршы күрөшүп, жакшылыкты даңазалаган өзүнчө кең бир дүйнөнү ар бирибиздин жүрөгүбүздө ача алган. Дүйнөнү  илимий жол менен да, көркөм өнөр аркылуу да таанытты.

Математика так, татаал предмет болсо да, бизди ошол предметке кызыктыра алды. Ошондо биз агайдын билим деңгээлине, түшүндүрүү стилине, сүйлөө кебине таң калганбыз.

Убакыт өтүп мен да көпчүлүк катары өзүм окуган мектепке мугалим болуп кайттым. Эми агай менен кесиптеш болуп эмгек жолумду улантып келүүдөмүн. Агай эми мен сыяктуу мугалимдерге насаатчы. Өзү насаатчы болсо да, тынбай окуп изилденет. Анткени , өз мээнетин текке кетирбейт. Агай дайыма ийгиликтүү иштеген сейрек таланттардын бири деп ойлоймун.

Агайдын кызыгуулары үзгүлтуксүз таза эмгеги, окуучулардын ички дүйнөсүн окуп, алар менен иштей алышы ийгиликтин эшигин ачты. Өтө таасирдүү, кызыктуу сабактарынан күч алган окуучулары райондук, областтык, республикалык  деңгээлге көтөрүлүп, агай республикада таанымал болду. Агай бул наамга, мындай күнгө оңой эле жетишкен эмес. Туура агай гүлдүү сөздөрдөн кооз таажы жасаган жок, бирок так сандардан бийик тепкич жасай алды.

 

Мектептин 10-классынын окуучусу Абдикадирова Маржона Маматкулов Абдувахид агай жөнүндө өз пикирин төмөндөгүдөй баяндады. Менин оюмча агай эң билимдүү, эң жөнөкөй мугалим жана  мээримдүү ата.

Мен агайдын сабактарына кызыгам, математика сабагын калтырып көп нерседен куру калгандай болом. Сабак учурунда агай өзүндө бар болгон билимди  бизге тартуулайт. Ар бир окуучу менен жекече иштейт.Өзгөчөлөнгөн окуучулар менен кошумча материалдардан пайдаланып сабак өтөт. Агайдын сабагына кызыкпаган окуучу жок. Ар бир сабакта математика предметине ылайык оюндар ойнойбуз. Ар бир математик сан бизге дос , биз аларга мүнөздөмө бере алабыз. Сабактан кийин  ийримдерге  да катышам. Ийримдер андан да кызыктуу болот.

Агай сабактан тышкары убакытта да өзүнун жүрүм – туруму,  окуучуларга мамилеси менен дайыма бизге үлгү боло алган.

Агай окуткан окуучулардын ийгилиги биздин  күчүбүзгө күч кошту. Мен да устатым менен жакшы иштеп, республикалык деңгээлге чыгууга                                                          умтулуп жатам.

Маматкулов Абдувахид  4 перзенттин мээримдуу атасы жана 6 неберенин   чоң атасы. Маматкулов Абдувахиддин  үй-бүлөсү жогорку билимдүүлөр, жубайы Сажидахан 35-жылдык иш тажрыйбалуу башталгыч класстар мугалими    кыздары Мавжуда физика мугалими , Одина химия мугалими , баласы Хуснидин жана келини Зулхумор  инженер программист ,  баласы Шахобидин болсо  ОшМУнун 3-курс студенти.

Маматкулов Абдувахид өзүнүн жөнөкөй , кичи пейилдиги, өз ишине тактыгы менен мугалимдер, ата-энелер арасында  урмат сыйга ээ, ал Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 25-26-27 – чакырылыштарынын депутаты катары айыл аймагынын социалдык өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келүүдө.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17