Аймак

ТҮБӨЛҮКТҮҮ МАКСАТТЫ КӨЗДӨГӨН УЮМ

ТҮБӨЛҮКТҮҮ МАКСАТТЫ КӨЗДӨГӨН УЮМ

 1,234 Бардыгы /

2019-жылы 29-декабрда Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин Президенттеринин катышуусу менен экинчи кеңешме өтүп, бул жолугушууда ар тараптуу маселелер талкууланган. Анын ичинде илимпоздордун, чыгармачыл адамдардын ортосундагы өз ара кызматташуусун чыңдоо тууралуу чечим кабыл алынгандыктан эл аралык «Амир Темир» кайрымдуулук фондусу Борбор Азияда жайгашкан мамлекеттеринин аймагында жашаган акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын өз ара кызматташуусун чыңдоо максатында эл аралык «Янги Овоз» жазуучулар жана тарыхчылар союзун түзүү тууралуу демилге көтөрүп чыккан. 

 Анын орун басарлыгына түрк тилдүү акындардын Бакуда, Стамбул Ташкент шаарларында өткөн эл аралык фестивалдарында конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылган кыргызстандык акын  Жолдошбек Моңолдоров  тандалган.  Биз жакында ага жолугуп, окурмандарга эл аралык Борбор Азиядагы «Янги Овоз» жазуучулар жана тарыхчылар союзу тууралуу маалымат  берип өтүүсүн суранган болчубуз.

  –  Бул демилге Өзбек Республикасынын  маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, тарыхчы жана жазуучу эл аралык «Амир Темир» кайрымдуулук фондусунун орун басары  Толкун Хаитовго таандык. Мындай саамалык  Борбор Азияын акын-жазуучулары  жана тарыхчылары  тарабынан биримдиктин жаңы көпүрөсү катары жылуу кабыл алынды.

Борбор Азиядагы «Янги Овоз» жазуучулар жана тарыхчылар союзу келечекте Борбор Азиядагы мамлекеттерде жашаган акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын китептерин которуу, аларга ыңгайлуу шарт түзүү, котормолорду коргоого алуу, чыгармачыл адамдардын мамлекеттер аралык жолугушууларын, фестивалдарын өткөрүү, айрыкча чек арага чектеш жайгашкан аймактарда чыгармачылык жолугушууларды уюштуруу, акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын курамын жаштар менен толуктоону көзөмөлгө алуу жумуштарын колго алмакчы.

Биздин эң негизгиси максатыбыз – Борбор Азия республикаларында жашаган акын жазуучулардын достук, биримдик жана өз ара кызматташуу тууралуу чыгармаларын жана тарыхчылардын эмгектерин өз ичине камтыган «Туран овози» (Туран үнү) деп аталган 10 томдук жыйнакты чыгаруу.

Азыркы учурда соцтармактар аркылуу Борбор Азия республикаларында жашаган акын жазуучулардын чыгармалары менен таанышуу, алардын мыктыларын союзга кабыл алуу жана  аталган китептин 1-томун чыгарууга даярдык жүргүзүлүүдө.  Ага беш республиканын  чыгаан  акындарынан  жана илимпоз адабиятчыларынан  түзүлгөн редакциялык  коллегиянын  тандоосу аркылуу  мыкты деп табылган  авторлордун  ырлары топтолуп жатат. 

Ошондой эле  Кыргыз  Республикасынын    Улуттук жазуучулар Союзунун  Ош жана Жалал-Абад  облустарындагы  өкүлдөрү менен       Борбор Азия  мамлекеттеринин арасында  эл достугун чыңдоо жана өз ара кызматташуу жөнүндөгү меморандум түзүлдү.  Жакынкы күндөрдө Кыргызстандын башка  облустарына да  барганы турабыз.

Жаңы союздун алгачкы иш-чарасы үстүбүздөгү жылдын 18-январында Чимкент шаарында болуп, анда Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан акындарынын жолугушуусу уюштурулду. Бул иш-чара  жылуу маанайда өтүп, ал Борбор Азия элдеринин чыгармачыл адамдарынын  достугу бекемделди.  Андан кийинки иш-чара  9-февралда Ташкент шаарында өткөрүлүп, жалпы түрк элдеринин сыймыгы болгон  акын жана мамлекеттик ишмер Алишер Навои  (1441 – 1501) жана Индиядагы Улуу Моголдор сулалесин (династиясын) негиздөөчүсү, акын, тарыхчы жана ойчул  Бабур Захиреддин Мухаммаддын  (1483-1530)  чыгармачылыгына арналды. Ага Кыргыз  Республикасынын   маданият, маалымат жана туризм министрлигинин адиси Адилет Орозкулов, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинин өкүлү Айжамал Карамурзаева, Борбор Азиядагы «Янги Овоз» жазуучулар жана тарыхчылар союзунун мүчөлөрү да катышты. 

Бул конференцияда Ташкенттеги Тимуриддер тарыхынын мамлекеттик музейинин директору Хуршид Файзиев, анын орун басары, Өзбек Республикасынын  маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, тарыхчы жана жазуучу Толкун Хаитов, Өзбекстандын Эл жазуучусу Мухамад Али, музейдин бөлүм башчысы  профессор Абдулмажит Мадраимов, Ташкенттеги Чыгыш таануу институтунун доценти Адахам Алимбеков,  белгилүү жазуучу Музаффар Мирзо,  Казакстандык акын Абдулмахмуд Пошатаев, Кыргыз  Республикасынын Улуттук жазуучулар Союзунун Жалал-Абад облусу  боюнча өкүлү, акын Самидин Стамбековдор түрк тилинин адабий  башатын түптөгөн улуу алым, акын жана мамлекеттик ишмер Алишер Навои  жана  акын, тарыхчы жана ойчул Бабур Захиреддин сыяктуу улуу  инсандар тууралуу кызыктуу баяндама жасашты.

Бул иш-чара Ташкенттеги Успенский атындагы академиялык музыкалык окуу жайынын окуучуларынын  улуттук музыкалык аспаптардын коштоосу менен  аткарган элдик ырлар, Казакстандын белгилүү төкмөсү, бир нече сыйлыктардын ээси Бөрүбай Уразымбеттин  түрк тилдүү элдердин достугун даңазалаган чыгармасы  менен коштолду.                                        

Борбор Азиядагы «Янги Овоз» жазуучулар жана тарыхчылар союзунун мүчөлөрү  1996-жылы курулган Тимуриддер тарыхынын мамлекеттик музейинде болушуп, Амир Темирге  жана Тимуриддер  династиясы башкарган мезгилге таандык болгон баалуу эскпонаттар менен таанышып чыгышты. Көрүүчүлөрдү  чыгышка таандык болгон  классикалык  купол  менен кооздолгон үч кабаттуу музейдин имараты, бийиктиги 8,5 метр болгон 106 миң илгичи бар хрусталь люстра, улуу полководец  Амир Темирдин туулган күнүнөн тартып, өмүрүнүн аягына чейин  ишмердүүлүгүн чагылдырган   миниатура  стили менен жасалган панно жана Самаркандагы Гур-Эмир мавзолейинин  көчүрмөсү өзүнө тартып турду.  

Расмий маалыматтарга таянсак, музейде 5000 миңден ашык  экспонаттар бар. Мында Амир Темирге жана Тимуриддерге таандык болгон кол жазмалар, анын герби жана Тимуриддердин аттары түшүрүлгөн күмүш жана жез тыйындар, орто кылымдагы  аскер башчыларынын жана сарбаздардын аскер кийимдери, курал-жарактары,  музыкалык аспаптар, ошондой эле Мырза Улукбек колдонгон  астрономиялык аспаптар  орун алган. Бул буюмдардын жасалгандыгына  600 жыл болсо да күнү бүгүкүдөй сакталып тургандыгына ыраазы болосуң.

Музейде болгон адам Амир Темир мамлекеттик ишмер гана болбостон  илим-билимдин, агартуу тармагынын, искусство жана маданияттын    колдоочусу болгондугуна ынанат.

Музейдин жетекчилеринин айтуусуна караганда ал Өзбекстандагы  ири илимий борбор болуп саналат. Мында жыл сайын музейдеги  экспонаттарга таянуу менен эл аралык маанидеги илимий жана  маданий иш-чаралар, көргөзмөлөр уюштурулуп турат. Анын ичинде 1402- жылы Самарканда Амир Темирге жолугуп, Мавераннахка чейин  саякат жасап кеткен  испан дипломаты Гонсблес де Клавихого арналып өткөрүлгөн илимий конференция да көпчүлүк окумуштуулардын кызыгуусун жараткан. Музейде эмгектенген  окумуштуу  тарыхчылардан  турган  топ тарыхый жана илимий  эмгектерди, китептерди басып чыгарууга активдүү катышат.

Биздин союздун өкүлдөрү үстүбүздөгү жылдын май айында  союздун мүчөлүрү Астанада Чыгыштын көрүнүктүү философу Абу Наср ибн Мухаммед аль-Фарабинин урматына өткөрүлө турган илимий практикалык конференцияга катышат.

Борбор Азиядагы «Янги Овоз» жазуучулар жана тарыхчылар союзунун мүчөлөрү   август айында Ашгабад шаарында өтө турган жолугушуу түркмөн адабиятынын классик  акыны, философ Махтумкули́нин чыгармачылыгына арналган жолугушууга чакырылды.

Биздин ишенимибизде Борбор Азиядагы «Янги Овоз» жазуучулар жана тарыхчылар союзу  өз ара достук мамилебизди чыңдоого өбөлгө болгон, түбөлүктүү максатты көздөгөн чыгармачыл  уюм болгондуктан анын келечеги кең.

Маектешкен: Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ

 

  Сүрөттөрдө:

 Өзбекстан Жазуучулар союзунун мейманканасындагы жолугушуу;

 Борбор Азиядагы «Янги Овоз» жазуучулар жана

тарыхчылар союзунун мүчөлөрү 

Ташкенттеги Тимуриддер тарыхынын мамлекеттик музейинде.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17