Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
1,799 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ректор К.Ж.Усеновдун жетекчилигинин алдында проректорлордун, декан, директорлордун, бөлүм башчыларынын катышуусунда административдик кеңешме он-лайн формасында өткөрүлдү. ЖАМУнун маалымат кызматы маалымдагандай, анда бүгүнкү күндө университетте дистанттык түрдө жүргүзүлүп жаткан окуу процессине байланышкан орчундуу маселелер каралды. Жыйындын катышуучулары тарабынан дистанттык окутуу технологияларын колдонууну мындан ары да өркүндөтүү бир топ алгылыктуу […]
1,800 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ректор К.Ж.Усеновдун жетекчилигинин алдында проректорлордун, декан, директорлордун, бөлүм башчыларынын катышуусунда административдик кеңешме он-лайн формасында өткөрүлдү. ЖАМУнун маалымат кызматы маалымдагандай, анда бүгүнкү күндө университетте дистанттык түрдө жүргүзүлүп жаткан окуу процессине байланышкан орчундуу маселелер каралды. Жыйындын катышуучулары тарабынан дистанттык окутуу технологияларын колдонууну мындан ары да өркүндөтүү бир топ алгылыктуу […]
ЖАМУда ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАЛАР ДИСТАНТТЫК ТҮРДӨ ӨТКӨРҮЛӨТ
08.04.2020 / Автор anarkan_kg

1,801 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ректор К.Ж.Усеновдун жетекчилигинин алдында проректорлордун, декан, директорлордун, бөлүм башчыларынын катышуусунда административдик кеңешме он-лайн формасында өткөрүлдү. ЖАМУнун маалымат кызматы маалымдагандай, анда бүгүнкү күндө университетте дистанттык түрдө жүргүзүлүп жаткан окуу процессине байланышкан орчундуу маселелер каралды. Жыйындын катышуучулары тарабынан дистанттык окутуу технологияларын колдонууну мындан ары да өркүндөтүү бир топ алгылыктуу сунуштар айтылды. Окуу жайдын ректору К.Ж.Усенов, дистанттык технологиялар окуу процессинде акыркы 2-3 жылдан бери активдүү колдонулуп келгендиктен окутуучулар менен студенттерге эч кандай кыйынчылыктар болбогондугу, окутуучулар менен студенттердин ортосундагы кайтарым байланыштар жакшы жолго коюлгандыгын баса белгиледи.
Ал эми модулдар да дистанттык түрдө алынгандыгы, студенттердин аралыктан туруп эле активдүү катышып, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөндүгү белгиленди. Бул жетишкендиктер тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин, профессордук-окутуучулук курамдын тынымсыз аракеттеринин натыйжасы катары караса болоору айтылып, жамаатка ыраазычылык билдирилди. Ошону менен катар эле мамлекеттик аттестацияларды тапшырууну, квалификациялык иштерди коргоону дистанттык түрдө уюштуруу маселелери каралып, жогорку деңгээлде өткөрүү тапшырмалары коюлду.
Практика бөлүмү тарабынан студенттердин өндүрүштүк жана педагогикалык практикаларын өткөрүү маселелери боюнча сунуштар айтылды. Кырдаалга ылайык өндүрүштүк практикалар ар бир адистиктин өзгөчөлүгүнө жараша жылдырылат. Ал эми педагогикалык практикалар график боюнча өз убагында өткөрүлүп, студенттер тиешелүү мектептердин директорлору, мугалимдери, практика жетекчилери менен байланышып, мектептердеги дистанттык окутуу технологияларын колдонууга үйлөрүнөн чыкпастан аралыктан катышаары, студент-практиканттар түзүлгөн кырдаалдан туура пайдаланышып, өз билимдерин кеңейте алаары айтылды.
Студенттер келечектеги педагогикалык ишмердүүлүктөрү үчүн компьютердик технологияларды туура пайдаланууну үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.
Мындай дистанттык педагогикалык практикалар студенттерди азыркы заманбап телекоммуникациялык каражаттарды колдонууга үйрөтүү менен алардын дистанттык сабактарды өтүү чеберчилигин калыптандыра тургандыгы да катышуучулар тарабынан айтылды.
Белгилей кетсек, он-лайн кенешме “Мегаком” компаниясынын vks.megacom.kg видеоконференция өткөрүү сервисин ( iva vks мобилдик версиясы) пайдалануу аркылуу уюштурулган. Ошондой эле ЖАМУнун окутуучуларына жана студенттерине аталган компаниянын мобилдик байланышын акысыз колдонуу үчүн эки тараптуу келишим түзүлүп, иш алып барылууда. Мындан сырткары zoom программасы менен кафедралардын он-лайн жыйындары, сабактар өтүлүүдө.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
21.10.2025 / Автор anarkan_kg УЛАНБЕК САТИЕВ УТРКнын БАШКЫ ДИРЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
-
-
27.01.2026 / Автор anarkan_kg АБА МАЙДАНЫ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.