Аймак

МУГАЛИМДЕР ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ОНЛАЙН ОКУШАТ

МУГАЛИМДЕР ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ОНЛАЙН ОКУШАТ

 2,298 Бардыгы /

БИШКЕК. Мугалимдер үчүн дистанттык билим берүү боюнча онлайн окутуу башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.

Кыргыз билим берүү академиясы, “Green Light” компаниясы жана Кыргыз информатик мугалимдеринин ассоциациясы мугалимдер үчүн “Дистантык билим берүү технологияларынын заманбап аянтчалары” темасында ири масштабдагы онлайн семинарларды өткөрүүнү пландаштырууда.

Семинарда адистер онлайн программа деген эмне, сабактарды даярдоо жана өткөрүү үчүн аларды кантип колдонуу керектигин  оңой жана жеткиликтүү формада түшүндүрүп беришет.

Алгачкы семинар 25-апрель күнү саат 11:00дө башталат. Анда аралыктан билим берүү технологияларынын заманбап аянтчалары жөнүндө сөз болот.

Катталуу үчүн шилтеме: https://forms.gle/yhzsfnaP6NtrT9A49

Уюштуруучулар онлайн семинарга туташуу үчүн шилтемени электрондук почтаңызга жөнөтөт. Туташуу боюнча жаралган суроолор үчүн байланыш номери – 0550 998628.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17