Аймак

АНГЛИЯ СОТУ КАЗАКСТАН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОҢДУРУЛГАН АКТИВДЕРИ БОЮНЧА ЧЕЧИМ ЧЫГАРДЫ

АНГЛИЯ СОТУ КАЗАКСТАН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОҢДУРУЛГАН АКТИВДЕРИ БОЮНЧА ЧЕЧИМ ЧЫГАРДЫ

 1,492 Бардыгы /

Англиянын Жогорку соту 22-апрель күнү кечинде молдовалык инвесторлордун доо арызынын негизинде New York Mellon (BNYM) банкында тоңдурулган 530 миллиард доллар Казакстан Республикасына эмес Казакстандын Улуттук банкына таандык экени тууралуу токтом чыгарды.

Бул банктагы активдер камактан чыгышы ыктымал дегенди билдирет. Молдовалык ишкерлер менен казак өкмөтүнүн ортосундагы талаш боюнча соңку соттук угуу быйыл декабрда Белгияда өтөт.

Казакстандын Юстиция министрлиги акыркы жети жылдан бери Молдова жараны Анатол Стати, анын уулу Габриэл Стати жана эки компаниясы менен соттошууда. Алар казак тарапты рейдерликке айыптап, төрт миллиард доллардан ашуун акча талап кылган.

Стокгольмдогу арызды караган арбитраждык сот 2013-жылы молдовалык жарандарга 500 миллион АКШ долларын берүү бүтүмүн чыгарган. Казакстан чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен апелляциялык сотко кайрылган.Бул соттук талашка байланыштуу Казакстан Улуттук банкынын New York Mellon (BNYM) банкындагы 530 миллион доллары тондурулган.

Кийинчерээк Казакстандын Юстиция министрлиги Статинин көп жылдар бою Казакстандагы ири алдамчылык схемага катышып жүргөнүн далилдеген материалдар түшкөнүн билдирген. Казак бийлиги Стати алдамчылык жол менен Казакстандагы газды кайра иштетүүчү заводго курулуш материалдарын жогору баада жеткирип турган деп эсептейт.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17