Аймак

БИЛИМ КҮНҮ МЕКТЕПКЕ БАРАБЫЗБЫ? ОЙ ТҮЙШӨЛҮҮ…

БИЛИМ КҮНҮ МЕКТЕПКЕ БАРАБЫЗБЫ? ОЙ ТҮЙШӨЛҮҮ…

 2,613 Бардыгы /

Азыркы эпидемиологиялык абалга байланыштуу бардык тармакта чоң өзгөрүүлөр орун алды. Ал эми билим берүү тармагында да бул багытта өзгөрүүнү талап кылды. Кырдаалга жараша былтыркы окуу жылынын акыркы чейреги дистанттык форматта окулду. Ал эми быйыл да пандемияга байланыштуу мектептерди бир нече типке бөлүп окутуу каралууда. Бул багытта Ала-Бука районуна караштуу 39 Айры-Там гимназия мектебинин кыргыз тил жана  адабияты мугалими Роза Салиеваны маекке тарттык. Роза Салиева үй-бүлөлүү, төрт баланын апасы. Эмгек стажы 18 жыл. Областтык, райондук сыйлыктардын ээси.

– Саламатсызбы, Роза эжеке? Алдыдагы билим күнү 1-сентябрда мектептен билим алабызбы же он-лайн түрдө улантабызбы ал мамлекеттик билим берүү министрлигинин чечими менен жүрөт деңизчи, ал эми сиздин  бул кырдаалда жеке пикириңиз кандай?

– Саламатчылык, Ашира. Жер шарынын жашоочуларын бушайманга салган бул күндөр да өтүп кетип, баягы тынч жашообузга кайтсак экен деп, жараткандан тилеп, өлкөдөгү көрсөтүлгөн тартипке баш ийип жатабыз. Аралыктан билим берүүдө алгач бир топ кыйынчылыктар жаралды. Бара-бара мугалимдер да, окуучулар да убакытты туура пайдаланып, маалыматтарды кыска, түшүнүктүү берүүнү, кайтарым байланыш жасоону, текшерүүнү,баалоону жакшы жолго салып алышты. Жусуп Баласагындын сөзү бар го, «Алтын, жез айырмасын ким билет, кайрак ташка бир сүрткөндө билинет», кимдин-ким экенин адамзаттын башына түшкөн оор күндөр көрсөттү. Өлкөдөгү кыйын кырдаалга карабай, өзүнүн мугалимдик кесибине шек келтирбей чын дилден, келечекке кам көрүп, талбай эмгектенген мугалимдерибиз арбын болду.

Аралыктан билим берүүдө бир топ түйшүктөр жаралды: үй-бүлөдөгү балдардын ар бири телефон, же ноутбук менен камсыз болбогон; айрым жерлерде байланыштын начардыгы, такыр жогу –мугалим тарабынан берилген маалыматтын бирдей жетпешине алып келди. Демек, аралыктан билим берүү билим сапатынын төмөндөшүнө, баланын коомдон алыста тарбиясынын өзгөрүшүнө алып келет экен.

– Окуучулар да, мугалимдер да мектепти сагынып бирок... – деген бир ой-санаада турабыз.

-Буюрса, өлкөбүздө туруктуу абал жарыяланып, тартип таалим менен алпурушсак, жетишүүнү жолго коёбуз деген дем күч менен биз деген менен, билим кенин терең казууну кечеңдетүү мамлекетибиздин өсүп өнүгүүсүнө оор сокку болору бышык эмеспи. Ар бир жаран анын ичинде мекен үчүн мээримдүү мугалимдер айрыкча көөдөнүнөн түйшөлүп турган чагы.

Көптөн көп акыл дейт эмеспи, элим.

ектеп формага коюлуучу талаптар коюлбасын деген буйруктун кириши тууралуу эмне дейсиз?

Илгери мектеп формасы киргизиле электе, чиновниктердин, жеке ишкерлердин балдары кымбат баалуу кийим кийип, окуучулардын арасында басынуу, басынтуу, кала берсе мугалим менен окуучунун ортосундагы кадыр барктын курчушу, ыңгайсыз абал жаралганы айтылып келген. Бирдиктүү форма жөнүндө айтсам, жеке пикиримде, окуучулар үчүн да, мугалимдер үчүн да бирдиктүү мектеп формасы милдеттүү түрдө болгону оң. Биринчиден, мектеп ажарына чыгып турат. Экинчиден, ата -энелер, балдары, биз үчүн да кийим үчүн ыңгайсыз кырдаал жаралбайт. Мектеп формасын таза, тыкан кийинүү да мектептеги эң негизги тартиптин,тарбиянын бир түрү.

Эмне үчүн жөнөкөй эле сууга түшүү үчүн, уктоо үчүн кийим болот да мектепке барып билим,тарбия алуу үчүн форма болбойт. Спорттун ар бир түрүнүн өз кийимин көрүп жүрбөйбүзбү?! Той көйнөксүз келинди ким билет жаңы келинчек экенин. Кыскасы, окуучунун өз формасы болууга тийиш.

Маектешкен: Ашира Кулишева, Ала-Бука району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17