Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,228 Бардыгы / «Супер-Инфо» гезитинин директору Шаиста Шатманова кызматтан кеткенин 11-августта «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда, Шатманова баштаган үч кызматкер «саясий позициялар туура келбей калганына байланыштуу» деген негизде иштен кетти. Алар – Шаиста Шатманова, «Super.kg» сайтынын директору, сайттын башкы редактору. «Гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султан жана гезиттин жетекчилиги былтыр соттон, сурактардан башыбыз чыкпады. Ошол кезде Кылычбек Султан гезиттин, […]
1,229 Бардыгы / «Супер-Инфо» гезитинин директору Шаиста Шатманова кызматтан кеткенин 11-августта «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда, Шатманова баштаган үч кызматкер «саясий позициялар туура келбей калганына байланыштуу» деген негизде иштен кетти. Алар – Шаиста Шатманова, «Super.kg» сайтынын директору, сайттын башкы редактору. «Гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султан жана гезиттин жетекчилиги былтыр соттон, сурактардан башыбыз чыкпады. Ошол кезде Кылычбек Султан гезиттин, […]
«СУПЕР-ИНФО» ГЕЗИТИНИН ЖЕТЕКЧИЛИГИ БАСЫМДАН УЛАМ КЫЗМАТТАН КЕТКЕНИН БИЛДИРДИ
12.08.2020 / Автор anarkan_kg1,230 Бардыгы /
«Супер-Инфо» гезитинин директору Шаиста Шатманова кызматтан кеткенин 11-августта «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда, Шатманова баштаган үч кызматкер «саясий позициялар туура келбей калганына байланыштуу» деген негизде иштен кетти.
Алар – Шаиста Шатманова, «Super.kg» сайтынын директору, сайттын башкы редактору.
«Гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султан жана гезиттин жетекчилиги былтыр соттон, сурактардан башыбыз чыкпады. Ошол кезде Кылычбек Султан гезиттин, жамааттын келечеги үчүн гезиттен четтөөгө аргасыз болгон эле. Андан кийин гезит менин жетекчилигимде оппозициялык багытта ишин улантып келди. Бирок ар кандай басымдарга байланыштуу негиздөөчүлөрдүн катарынан чыгууга аргасыз болдум. Бүгүнкү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу толугу менен кетүүгө туура келди», – деген Шаиста Шатманова «Супер Инфо» гезити өз ишин уланта берерин жана ал басылмада көптөн бери иштеп келаткан адамга өткөнүн кошумчалады. Ал кетип жаткан кызматкерлер ким менен саясий позициясы келишпей калганын айткан жок.
Былтыр Кыргызстандагы көп тираждуу «Супер инфо» гезити менен эң окумдуу Super.kg порталынын юридикалык кожоюндары алмашканы тууралуу маалымат тарап, басылма Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун колуна өткөнүн айрым маалымат каражаттары жазып чыккан. Гезиттин түзүүчүсү, мурдагы элчи Кылычбек Султан муну четке каккан.
Июлдун аягында «Супер Инфонун» негиздөөчүсү, Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен бир нече ирет сурак берип чыккан.
Султан аны бийликке сын айтканы менен байланыштырган. УКМК Кылычбек Султандын Кыргызстандын Түштүк Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп жүргөндө кызмат абалынан пайдаланышы ыктымал экендигине байланыштуу сотко чейинки териштирүүгө алынган бир катар эпизоддор боюнча «иликтөө-текшерүү иштери жүрүп жатат» деп түшүндүрмө берген.
WWW.
Автор anarkan_kg
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.