Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
859 Бардыгы / 11-августта Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Беларустун Бишкектеги элчисин чакырып, андан Кыргызстандын мурунку премьер-министри, эл аралык издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун президенттик шайлоодо утуп чыкканы расмий айтылып жаткан Александр Лукашенко менен чогуу жүргөнү тууралуу түшүндүрмө талап кылды. Мындай мамиле эки өлкөнүн достук-кызматташтык мамилесине доо кетирери эскертилди. ТИМ Беларус элчисине нота тапшырып, Данияр Үсөновду жана башка […]
860 Бардыгы / 11-августта Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Беларустун Бишкектеги элчисин чакырып, андан Кыргызстандын мурунку премьер-министри, эл аралык издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун президенттик шайлоодо утуп чыкканы расмий айтылып жаткан Александр Лукашенко менен чогуу жүргөнү тууралуу түшүндүрмө талап кылды. Мындай мамиле эки өлкөнүн достук-кызматташтык мамилесине доо кетирери эскертилди. ТИМ Беларус элчисине нота тапшырып, Данияр Үсөновду жана башка […]
КЫРГЫЗСТАН БЕЛАРУС ЭЛЧИСИНЕН ДАНИЯР ҮСӨНОВ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ ТАЛАП КЫЛДЫ
12.08.2020 / Автор anarkan_kg861 Бардыгы /
11-августта Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Беларустун Бишкектеги элчисин чакырып, андан Кыргызстандын мурунку премьер-министри, эл аралык издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун президенттик шайлоодо утуп чыкканы расмий айтылып жаткан Александр Лукашенко менен чогуу жүргөнү тууралуу түшүндүрмө талап кылды.
Мындай мамиле эки өлкөнүн достук-кызматташтык мамилесине доо кетирери эскертилди.
ТИМ Беларус элчисине нота тапшырып, Данияр Үсөновду жана башка эл аралык издөөгө алынып, Беларуста жүргөн башка кыргызстандыктарды кармоого чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Беларустун президенти Александр Лукашенко 10-августта Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов же кийин атын өзгөрткөн Даниил Урицкий жетектей турганы кабарланып келген ишканага барды. Лукашенконун бул сапары тууралуу жаңылыкты жана анын Урицкий менен чогуу түшкөн сүрөтүн Беларустун «БелТА» мамлекеттик маалымат агенттиги 10-августта жарыялады. Ал жаңылыкта Лукашенко Урицкий жетектеген «Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын» (БНБК) ишин жогору баалаганы белгиленген.
Эки жыл мурда Беларустун «TUT.BY» басылмасы аталган агрардык корпорацияны Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго окшош киши жетектей турганын, анын аты Даниил Урицкий экенин билдирип чыккан. Былтыр «БелаПАН» маалымат агенттиги агрардык корпорациянын 22,5% ээлик кылган шотландиялык эки компания Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Асылбек Салиевге таандык экенин жазган. Быйыл июнь айында Беларус президенти Александр Лукашенко Курманбек Бакиевге «Заславль–2» резиденциясынын жанынан 70 сотых эки жер тилкесин бөлүп бергени ачыкка чыккан.
2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Беларуска качкан Бакиевдердин үй-бүлөсү жана Данияр Үсөнов Беларустун журналисттери таап чыккан жогорудагы маалыматтар боюнча расмий түшүндүрмө берген эмес.
Данияр Үсөнов – Урицкий тууралуу ТИМ мындан үч жыл мурун да Беларус элчисине нота тапшырган. Ал эми Башкы прокуратура 2017-жылдын 14-декабрында Кыргызстандын башкы көзөмөл органы Беларустун Башкы прокуратурасына Даниил Урицкий деп анкеталык маалыматтарын өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издөө жана кармоо боюнча өтүнүч жөнөткөн. 2018-жылдын 6-мартында Беларустун Башкы прокуратурасы кыргыз тараптын өтүнүчүн четке каккан.
Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоонун катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абакка кесилген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
03.08.2023 / Автор anarkan_kg КАРА-СУУ ШААРЫНДА ЗАМАНБАП 17 АЯЛДАМА КУРУЛАТ
-
09.08.2023 / Автор Orozaly БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНЫН КЫШКА ДАЯРДАГЫН ТЫКЫР ТЕКШЕРДИ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.