Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
853 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Техника илимдеринин доктору, Кыргызстандын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, академик, профессор Абдырахман Мавлянов кайтыш болгонуна туптуура бир жыл болуп, эли журту таланттуу окумуштуу, чыныгы педагогдун жаркын элесин унутпай Кербен шаарында эстелигин орнотуп, ачылуу аземи болуп өттү. Техника илимдеринин доктору Абдырахман Мавлянов 150дон ашык илимий макалаларды жазган, 3 ойлоп тапкан техникалык жаңылыгы өңдүрүшкө киргизилип, патент […]
854 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Техника илимдеринин доктору, Кыргызстандын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, академик, профессор Абдырахман Мавлянов кайтыш болгонуна туптуура бир жыл болуп, эли журту таланттуу окумуштуу, чыныгы педагогдун жаркын элесин унутпай Кербен шаарында эстелигин орнотуп, ачылуу аземи болуп өттү. Техника илимдеринин доктору Абдырахман Мавлянов 150дон ашык илимий макалаларды жазган, 3 ойлоп тапкан техникалык жаңылыгы өңдүрүшкө киргизилип, патент […]
УЛУУ ОКУМУШТУУНУН АЙКЕЛИ АКСЫГА КОЮЛДУ
22.06.2021 / Автор anarkan_kg

855 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Техника илимдеринин доктору, Кыргызстандын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, академик, профессор Абдырахман Мавлянов кайтыш болгонуна туптуура бир жыл болуп, эли журту таланттуу окумуштуу, чыныгы педагогдун жаркын элесин унутпай Кербен шаарында эстелигин орнотуп, ачылуу аземи болуп өттү.
Техника илимдеринин доктору Абдырахман Мавлянов 150дон ашык илимий макалаларды жазган, 3 ойлоп тапкан техникалык жаңылыгы өңдүрүшкө киргизилип, патент алган. 5 монографиянын автору, 30дан ашык методикалык китептери жарык көргөн. Кыргыз элинин сыймыктуу уулу Абдырахман Мавлянов Аксы районундагы Кош-Дөбө айылында 1947-жылы төрөлүп өсүп, райондогу Успеновка 8 жылдык мектебин эң мыкты окуп бүтүп, андан ары жогорку окуу жайларында окуп билимин өркүндөткөн. 50 жылдан ашык жогорку техникалык университеттерде, институттарда эмгектенген. Ушул мезгилдердин ичинде ал өзү окуп бүткөн мектептен кол үзгөн эмес. Абдырахман агай жаштардын окуп билим алуусуна абдан көп көңүл бурган. Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетин уюштуруу комиссиясында мүчө болуп, демилгечилердин бири болгон. Илимдин 3 докторун, 5 кандидатын, даярдап чыгарган. Эң адамгерчиликтүү, кичи пейил мыкты адам болгон. Агай өзү туулуп өскөн айылында да чоң кадыр -барктын ээси. Мектептерди, таланттуу жаштарды колдоп келген. Улуу акын Жеңижоктун китебин чыгарып элине бекер таркаткан. Мындай иштерин санай берсе арбын дейт айылдаштары. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Даңк орденин кавалери, инженердик академиянын алтын медалынын, Кыргыз Республикасынын президентинин Ардак грамотасынын бир нече жолку ээси болгон. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы болуп иштеп, көп кадрларды өстүргөн. Таланттуу окумуштуу, чыныгы педагог, жөнөкөй асыл адамды Аксы эли унутпайт жана өсүп келе жаткан жаш муундарга өмүру өрнөк болот деп айтууга толук негиз бар.
Абдымомун КАЛБАЕВ, Аксы району
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ТӨРӨТ ҮЙҮ УБАКТЫЛУУ 1 АЙГА ЖАБЫЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
-
-
05.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖКККББНЫН 88 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА СПОРТТУК ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.