Аймак

ЖОЛДО ЖҮРГӨНДӨ САК БОЛ, ЭРЕЖЕГЕ ТАК БОЛ!

ЖОЛДО ЖҮРГӨНДӨ САК БОЛ, ЭРЕЖЕГЕ ТАК БОЛ!

 57 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарындагы №2 Кадыр Закиров атындагы орто мектебинин 5-класстар арасында жолдо жүрүүнүн эрежеси тууралуу  кароо-сынак өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы №2 Кадыр Закиров атындагы орто мектебинин 5-класстагы окуучулары арасында “Жолдо жүрүүнүн эрежесин билесиңби?” аттуу кароо-сынак өткөрүлүүдө. Сынакка ЖКККБ Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн жетекчиси, мугалимдер, ШИИБнын кызматкери, ата-энелер жана окуучулар катышты.

Сынак үч этаптан туруп, жеңип чыккан командага шаардык мектептер аралык сынакка жолдомо берилет. Ал эми калган командалар кызыктыруучу  белектер менен сыйланат.

Белгилей кетсек, мындай сынак жыл сайын өлкө аймагындагы бардык район-шаарларда уюштурулуп келет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17