Аймак

ЭАУда ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНА АРНАЛГАН АДАБИЙ КЕЧЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

ЭАУда ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНА АРНАЛГАН АДАБИЙ КЕЧЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

 3,264 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ , 9-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жыйындар залында кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун туулган күнү 12-декабрга карата жана анын кыргыз адабиятындагы ишмердигине арналган “Аалам кезген Чыңгыз Айтматов” аталышында адабий кече өткөрүлдү.  Бул тууралуу ЭАУнун кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы маалымдады.

Адабий кече ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин жалпы билим берүүчү сабактар кафедрасынын кыргыз тили жана адабияты боюнча окутуучулары тарабынан даярдалып, кечеге аталган колледждин педагогикалык, филологиялык багыттагы адистиктери боюнча студенттери катышты. Аталган адабий кеченин алкагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча окуулар, сахналаштыруулар болуп, бир катар ыр-бийлер, видео көрсөтүүлөр тартууланды. ЭАУда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган атайын иш-чараларды өткөрүү окуу жайдын көптөн бери өткөрүлүп келген салтуу иш-чараларынан болуп калган. Бул иш-чара менен бирге университеттин Борбордук китепканасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармалырынын бир апталык көргөзмөсү да өткөрүлдү. Жалпысынан аталган адабий кече жогорку деңгээлде өткөрүлүп, катышуучулардын купулуна толду.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17