Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,162 Бардыгы / Жалал-Абад. кечээ, 12-майда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте “III Токтомаматов окуулары – 2022” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү. ЭАУнун кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте “III Токтомаматов окуулары – 2022” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү, конференциянын темасы “Инновациялык тренддер: социалдык-экономикалык өнүгүү, […]
1,163 Бардыгы / Жалал-Абад. кечээ, 12-майда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте “III Токтомаматов окуулары – 2022” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү. ЭАУнун кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте “III Токтомаматов окуулары – 2022” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү, конференциянын темасы “Инновациялык тренддер: социалдык-экономикалык өнүгүү, […]
ЭАУда “III ТОКТОМАМАТОВ ОКУУЛАРЫ – 2022” ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
13.05.2022 / Автор anarkan_kg1,164 Бардыгы /
Жалал-Абад. кечээ, 12-майда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте “III Токтомаматов окуулары – 2022” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү.
ЭАУнун кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте “III Токтомаматов окуулары – 2022” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү, конференциянын темасы “Инновациялык тренддер: социалдык-экономикалык өнүгүү, азыркы билим берүү жана илим”.
Мындай окууларды, анын алкагында илимий конференцияларды өткөрүү К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет үчүн салттуу иш-чара болуп, ушуну менен үчүнчү ирет өткөрүлүүдө. Экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык Менеджмент академиясынын академиги Кантөрө Шарипович Токтомаматов Кыргыз Республикасынын экономика илиминин өнүгүүсүнө зор эмгек сиңирген жана базар экономикасы, анын шарттарында эл чарбасын башкаруу боюнча илимий жоболорду негиздеген илимпоз катары өлкөбүздө жана КМШ өлкөлөрүндө таанылып келет. Мындан сырткары, К.Ш. Токтомаматов мыкты педагог, илимпоз жана жетекчи катары ушул университеттин негизделишине, өсүп-өнүгүүсүнө зор эмгек сиңирген инсан. К.Ш. Токтомаматов өз убагында республикабыздын, Жалал-Абад областынын бир катар мекеме-уюмдарында мүчө, кеңешчи болуп, республикабыздын экономикалык өнүгүүсүнө эмгек сиңирген чыгаан илимпоз жана адис болгон.Агайдын жогорудагы ишмердигин эске алып, Токтомаматов окуулары аттуу илимий иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүүдө.
Учурда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет (ЭАУ) эл аралык мамилелер, экономика, менеджент, педагогика, маалыматтык технологиялар багыттарында жогорку квалификациядагы адистерди (бакалавр, магистр) даярдаган билим жана илим ордосу катары өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө алгылыктуу салымын кошуп келүүдө.
Конференцияда төмөнкү багыттар боюнча актуалдуу илимий маселелер каралды, алар:
- Экономиканын трансформацияланышы шарттарында мамлекеттик каржылоо, банк тармагы жана салык салуу маселелери;
- Эсеп-кысаптын жана аудиттин азыркы тенденциялары;
- Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн ыкчамдоосунда санариптештирүүнүн мааниси;
- Улуттук экономиканын өнүгүүсүнүн азыркы тенденциялары;
- Билим берүүдөгү санариптик трансформация: азыркы коомдун чакырыктары жана тарых;
- Педагогикалык ишмердиктеги инновациялык технологиялар;
- Кошумча билим берүү тармагындагы азыркы изилдөөлөр;
- Азыркы юриспруденциядагы актуалдуу маселелер;
- Азыркы медицина: жаңы ыкмалар жана пандемия учурундагы актуалдуу изилдөөлөр;
- Кыргызстандын коомдук турмушунун өнүгүүсүнүн актуалдуу көйгөйлөрү.
“III Токтомаматов окуулары – 2022” эл аралык илимий-практикалык конференциясы офлайн жана онлайн тартибинде өткөрүлдү. Конференциянын кароосуна жүздөн ашык илимпоздор, адистер катышып, алардын илимий макалалары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” илимий-популярдык журналында жарык көрөт.
Аталган конференцияга Кыргыз Республикасынын илимпоздору, илимий багытта изденген адистери менен биргеликте Россиянын, Америка Кошмо Штаттарынын, Түркиянын, Япониянын, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын илимпоздору, адистери да катышышты.
Конференциянын катышуучуларынын тизмесинде төмөнкү жетекчилерди жана илимпоздорду белгилеп кетсек, алар: э.и.д., проф. С.А. Өмүрзаков, э.и.д., проф. А.М. Маткеримова, э.и.д., проф. Г.К. Кантөрөева, п.и.к., проф. Т.Т. Омошев (ЭАУ, Жалал-Абад ш.), э.и.д., проф. К.Т. Камчыбеков (КЭУ, Бишкек ш.), т.и.д., проф. К.Ж. Усенов (ЖАМУ, Жалал-Абад ш.), ф.и.д., проф. М.Е. Дарбанов (ЗЭАУ, Жалал-Абад ш.), э.и.д., проф. Ч.Р. Кулуева, э.и.д., проф. М.Б. Убайдуллаев (ОшМУ, Ош ш.), т.и.д., проф. А.Е. Воробьев (РЭДУ, Москва ш.), э.и.д., проф. А.Т. Гыязов (БатМУ, Баткен ш.), м.и.д., проф. Р.Б. Абдуллаев (ТМА, Ташкент ш.), э.и.д., проф. В.П. Кузнецов (НМПУ, Нижний Новгород ш.), э.и.д., проф. И.С. Абдуллаев (УМУ, Ургенч ш.), э.и.д., проф. Мэри Стэгмайер (Миссури университети, Колумбия ш.), Асано Тетсао (JICA Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги), ф.и.д., проф. М.В. Пименова (Семёнов-Тянь-Шанский атындагы МГУ, Санкт-Петербург ш.), э.и.д., проф. Ю.К. Шокаманов (АГЭУ, Алматы ш.), ф.и.д., проф. И.А. Абдувалиев (ЖАМУ, Жалал-Абад), э.и.д., проф. Ибрагим Акыш (Стамбул университети, Стамбул ш.).
Конференциянын ишине Жалал-Абад областынын жана Жалал-Абад шаарынын жетекчилиги да жигердүү катышты, т.а. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Жалал-Абад шаарынын мэриясы.
Катышуучулардын жана меймандардын сөздөрү боюнча “III Токтомаматов окуулары – 2022” эл аралык илимий-практикалык конференция өз максатына жетип, жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
21.08.2023 / Автор anarkan_kg УСУЛДУК ОКУУ ӨТТҮ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.