Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,351 Бардыгы / Жалал-Абад. кечээ, 12-майда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте “III Токтомаматов окуулары – 2022” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү. ЭАУнун кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте “III Токтомаматов окуулары – 2022” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү, конференциянын темасы “Инновациялык тренддер: социалдык-экономикалык өнүгүү, […]
1,352 Бардыгы / Жалал-Абад. кечээ, 12-майда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте “III Токтомаматов окуулары – 2022” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү. ЭАУнун кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте “III Токтомаматов окуулары – 2022” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү, конференциянын темасы “Инновациялык тренддер: социалдык-экономикалык өнүгүү, […]
ЭАУда “III ТОКТОМАМАТОВ ОКУУЛАРЫ – 2022” ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
13.05.2022 / Автор anarkan_kg

1,353 Бардыгы /
Жалал-Абад. кечээ, 12-майда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте “III Токтомаматов окуулары – 2022” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү.
ЭАУнун кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте “III Токтомаматов окуулары – 2022” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү, конференциянын темасы “Инновациялык тренддер: социалдык-экономикалык өнүгүү, азыркы билим берүү жана илим”.
Мындай окууларды, анын алкагында илимий конференцияларды өткөрүү К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет үчүн салттуу иш-чара болуп, ушуну менен үчүнчү ирет өткөрүлүүдө. Экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык Менеджмент академиясынын академиги Кантөрө Шарипович Токтомаматов Кыргыз Республикасынын экономика илиминин өнүгүүсүнө зор эмгек сиңирген жана базар экономикасы, анын шарттарында эл чарбасын башкаруу боюнча илимий жоболорду негиздеген илимпоз катары өлкөбүздө жана КМШ өлкөлөрүндө таанылып келет. Мындан сырткары, К.Ш. Токтомаматов мыкты педагог, илимпоз жана жетекчи катары ушул университеттин негизделишине, өсүп-өнүгүүсүнө зор эмгек сиңирген инсан. К.Ш. Токтомаматов өз убагында республикабыздын, Жалал-Абад областынын бир катар мекеме-уюмдарында мүчө, кеңешчи болуп, республикабыздын экономикалык өнүгүүсүнө эмгек сиңирген чыгаан илимпоз жана адис болгон.Агайдын жогорудагы ишмердигин эске алып, Токтомаматов окуулары аттуу илимий иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүүдө.
Учурда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет (ЭАУ) эл аралык мамилелер, экономика, менеджент, педагогика, маалыматтык технологиялар багыттарында жогорку квалификациядагы адистерди (бакалавр, магистр) даярдаган билим жана илим ордосу катары өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө алгылыктуу салымын кошуп келүүдө.
Конференцияда төмөнкү багыттар боюнча актуалдуу илимий маселелер каралды, алар:
- Экономиканын трансформацияланышы шарттарында мамлекеттик каржылоо, банк тармагы жана салык салуу маселелери;
- Эсеп-кысаптын жана аудиттин азыркы тенденциялары;
- Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн ыкчамдоосунда санариптештирүүнүн мааниси;
- Улуттук экономиканын өнүгүүсүнүн азыркы тенденциялары;
- Билим берүүдөгү санариптик трансформация: азыркы коомдун чакырыктары жана тарых;
- Педагогикалык ишмердиктеги инновациялык технологиялар;
- Кошумча билим берүү тармагындагы азыркы изилдөөлөр;
- Азыркы юриспруденциядагы актуалдуу маселелер;
- Азыркы медицина: жаңы ыкмалар жана пандемия учурундагы актуалдуу изилдөөлөр;
- Кыргызстандын коомдук турмушунун өнүгүүсүнүн актуалдуу көйгөйлөрү.
“III Токтомаматов окуулары – 2022” эл аралык илимий-практикалык конференциясы офлайн жана онлайн тартибинде өткөрүлдү. Конференциянын кароосуна жүздөн ашык илимпоздор, адистер катышып, алардын илимий макалалары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” илимий-популярдык журналында жарык көрөт.
Аталган конференцияга Кыргыз Республикасынын илимпоздору, илимий багытта изденген адистери менен биргеликте Россиянын, Америка Кошмо Штаттарынын, Түркиянын, Япониянын, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын илимпоздору, адистери да катышышты.
Конференциянын катышуучуларынын тизмесинде төмөнкү жетекчилерди жана илимпоздорду белгилеп кетсек, алар: э.и.д., проф. С.А. Өмүрзаков, э.и.д., проф. А.М. Маткеримова, э.и.д., проф. Г.К. Кантөрөева, п.и.к., проф. Т.Т. Омошев (ЭАУ, Жалал-Абад ш.), э.и.д., проф. К.Т. Камчыбеков (КЭУ, Бишкек ш.), т.и.д., проф. К.Ж. Усенов (ЖАМУ, Жалал-Абад ш.), ф.и.д., проф. М.Е. Дарбанов (ЗЭАУ, Жалал-Абад ш.), э.и.д., проф. Ч.Р. Кулуева, э.и.д., проф. М.Б. Убайдуллаев (ОшМУ, Ош ш.), т.и.д., проф. А.Е. Воробьев (РЭДУ, Москва ш.), э.и.д., проф. А.Т. Гыязов (БатМУ, Баткен ш.), м.и.д., проф. Р.Б. Абдуллаев (ТМА, Ташкент ш.), э.и.д., проф. В.П. Кузнецов (НМПУ, Нижний Новгород ш.), э.и.д., проф. И.С. Абдуллаев (УМУ, Ургенч ш.), э.и.д., проф. Мэри Стэгмайер (Миссури университети, Колумбия ш.), Асано Тетсао (JICA Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги), ф.и.д., проф. М.В. Пименова (Семёнов-Тянь-Шанский атындагы МГУ, Санкт-Петербург ш.), э.и.д., проф. Ю.К. Шокаманов (АГЭУ, Алматы ш.), ф.и.д., проф. И.А. Абдувалиев (ЖАМУ, Жалал-Абад), э.и.д., проф. Ибрагим Акыш (Стамбул университети, Стамбул ш.).
Конференциянын ишине Жалал-Абад областынын жана Жалал-Абад шаарынын жетекчилиги да жигердүү катышты, т.а. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Жалал-Абад шаарынын мэриясы.
Катышуучулардын жана меймандардын сөздөрү боюнча “III Токтомаматов окуулары – 2022” эл аралык илимий-практикалык конференция өз максатына жетип, жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
13.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна СУЗАКТА 150 ООРУНДУ ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ТЕКШЕРИЛДИ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.