Өлкө аймактары менен кубаттуу
“АЧЫК ӨКМӨТ” ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1,333 Бардыгы / Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов Октябрь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчылардын бардыгын кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу актады. Фарид Ниязовду сот залынан бошоткон өкүмүн чыгарды. Калгандардын бөгөт чарасы соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылды. Мунун алдында мамлекеттик айыптоочулар Алмазбек Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) […]
1,334 Бардыгы / Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов Октябрь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчылардын бардыгын кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу актады. Фарид Ниязовду сот залынан бошоткон өкүмүн чыгарды. Калгандардын бөгөт чарасы соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылды. Мунун алдында мамлекеттик айыптоочулар Алмазбек Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) […]
СОТ ОКТЯБРЬ ОКУЯСЫ БОЮНЧА АТАМБАЕВ БАШТАГАН САЯСАТЧЫЛАРДЫ АКТАДЫ
29.06.2022 / Автор anarkan_kg1,335 Бардыгы /
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов Октябрь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчылардын бардыгын кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу актады.
Фарид Ниязовду сот залынан бошоткон өкүмүн чыгарды. Калгандардын бөгөт чарасы соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылды.
Мунун алдында мамлекеттик айыптоочулар Алмазбек Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга абакка кесүүнү сураган. Мындан сырткары айыпталып жаткандардын бардыгын күнөөлүү деп таап, жети жылдан тогуз жылга чейин камоону соттон өтүнгөн. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 374-беренеси (“Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук”) боюнча айыпталууда.
Октябрь окуясына байланыштуу жети саясатчыга айып тагылган. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, жансакчысы Канат Сагынбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясатчы Өмүрбек Бабанов. Бабановдун иши өзүнчө бөлүнүп тергелди.
2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу тергөөнүн материалында Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, андан кийин Бабанов, Султанбеков, Сагымбаев, Молдокматов жана Ниязов баштаган тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы көрсөтүлгөн. Алар 9-октябрда “Медиа Форум” имаратынын алдына чогулуп, андан кийин “Ала-Тоо” аянтына келгени, ал жерден жапырт башаламандыкты баштаганы белгиленген.
2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча баштапкы соттук угуу былтыр октябрь айында башталган. Айыпталуучулар Октябрь окуясы боюнча кылмыш ишинде саясий өңүт бар экенин айтып келишет.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
20.11.2024 / Автор anarkan_kg АКШ КАРА-СУУДА ЖАПЖАҢЫ ТИГҮҮ ФАБРИКАСЫН АЧУУГА ЖАРДАМДАШТЫ
-
20.11.2024 / Автор anarkan_kg ТАШ-КӨМҮР” ГЭСТЕРИНИН КАСКАДЫНДА ТЕМИР-БЕТОН ЧЫГАРУУЧУ ЦЕХ ИШКЕ КИРДИ
-
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg ТОРУК АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕП УЧУРДА АВАРИЯЛЫК АБАЛДА
-
03.04.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ӨЗДҮК КУРАМГА ТААНЫШТЫРЫЛДЫ
-
08.04.2024 / Автор anarkan_kg БИШКЕК ШААРЫНАН МАРШРУТКАЛАР ТОЛУГУ МЕНЕН АЛЫНАТ
Маек
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.