Аймак

Жалал-Абад ОИИБ: СПОРТТО ЖАНА КЫЗМАТТА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНДЫ

Жалал-Абад ОИИБ: СПОРТТО ЖАНА КЫЗМАТТА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНДЫ

 1,338 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасынын кызматкерлери Ливан мамлекетинде өткөн спорттун «Күжүрмөн самбо» түрү боюнча, Чолпон-Ата шаарында өткөн «Кол  урушу» (рукопашный бой) боюнча  ийгиликтерди багындырышкан.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, быйылкы жылдын май-июнь айларында Ливан мамлекетинде өткөн спорттун «Күжүрмөн самбо» түрү боюнча 98 кг салмактагы спортчулар арасында 1-орунду Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасынын кызматкерлери Бекболсун Керимбеков багындырса, ал эми Чолпон-Ата шаарында өткөн «Кол урушу» (рукопашный бой) боюнча өлкөнүн  биринчилигинде 85 кг салмактагы спортчулар арасында Бектур Идирисов 1-орунду, ал эми 90 кг жогорку салмакта Элистан Канатбек уулу 3-орунду ээлешкен.

Ошону менен катар облус аймагында өткөрүлгөн командалык-штабдык машыгууларда өздөрүнүн кызматтык милдеттерин, кесиптик жана күжүрмөн даярдыктарын жогорку деңгээлде көрсөтүшкөндүктөрү үчүн бир катар кызматкерлер Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары менен сыйланышты.

Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Ашим Тагаев сыйлык ээлерин куттуктап жатып, эл аралык даражада Кыргызстандын туусун желбиреткен кызматкерлерге мындан кийин да ийгиликтер коштоп жүрүүсүн айтып, ошону менен катар жергебизде тынчтык өкүм сүрүп, элибизде дайыма өнүгүп өсүү болушун каалап өттү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17